Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Акыйкатчы: Сарууда эл Каптагаевдин кетишин талап кылууда


Саруу айылындагы митинг, 23-октябрь, 2013.
Саруу айылындагы митинг, 23-октябрь, 2013.

Сарууга барып келген акыйкатчы Бакыт Аманбаев жергиликтүү тургундар губернатор Эмил Каптагаевдин кызматтан алынышын талап кылып жатканын айтып чыкты.

Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев 11-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары соңку бир айдан бери кооптонуу менен жашап жатат жана ушундай жагдай үчүн Каптагаевди күнөөлөөдө. Ысык-Көлдүн губернатору болсо мындай дооматтарды четке какты.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Сарууда тургундар ээн-эркин баса албай калганын өз көзү менен көрүп, билип келгенин айтат:

- Саруу айылынын жашоочулары соңку бир ай, бир нече күндөн бери кооптонуу менен жарым аскердик шартта күн өткөрүп жатышыптыр. Алар бийликтен корккондугунан айрыкча түнкүсүн тосмолорду уюштуруп, чоочун адамдарды, чоочун унааларды текшерип, айылдагы адамдардын коопсуздугун сактоого өздөрү аракет кылып жатышыптыр. Өз өлкөсүндө, XXI кылымда өз бийлигинен коркуу туура эмес жана мыйзамсыздыктын жеткен чеги деп ойлойм. Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай аракеттердин артында өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев турат.

Аманбаев саруулуктардын бир катар талаптарын да атады. Алардын негизгилери: Каптагаев кызматтан алынсын, жергиликтүү элдин өкүлдөрүн президент кабыл алсын деген талаптар

Мындан улам акыйкатчы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен коомчулукка кайрылуу жасады:

- Саруу айылынын тургундарынын коопсуздугун, алардын эркиндигин, коопсуз жашоосун жана айыл ичинде ээн-эркин коркпой басып жүрүү укугун тез арада калыбына келтирүүнү талап кылам. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулардын келечекте да эркин жошоого болгон конституциялык укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү айыл тургундарына болгон мындай мыйзамсыз, адамгерчиликсиз, күч колдонуу менен айылдыктарды баш ийдирүү аракетине дароо бөгөт коюуну өтүнөм. Ошондой эле Каптагаевдин жоопкерчилигине кызматтык териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чара көрүүнү жана анын жыйынтыгын коомчулукка билдирип коюшуңузду акыйкатчы катары өтүнөм.

Облус башчысы Эмил Каптагаев болсо мындай дооматтарды четке какты жана аны кызматтан кетсин деген жалпы ысыккөлдүктөрдүн талабы эместигин белгиледи:

- Ал акыйкатчынын субъективдүү көз карашы. Ал кырдаалды терең билбей, түшүнбөй айтып жатат. Экинчиден, жанагы коррупцияга байланышкан иштери десе, анда далили менен айтышы керек. Акыйкатчыга андай сөздү далили жок айткан жарашпайт. Жаш, жаңы акыйкатчы болгонуна байланыштуу тажрыйбасы жок, өйдө-ылдый сүйлөп жатат окшойт.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев болсо "Азаттыкка" Сарууда кооптонууга негиз жоктугун билдирди:

- Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунда коомдук-саясий абал тынч. Оперативдүү кырдаал стабилдүү. Кооптонууга, күч колдонууга, коменданттык саат киргизгенге эч кандай негиз жок. Айылда мектеп, дүкөн өңдүү мекемелердин баары иштеп жатат. Козголгон кылмыш иштер боюнча тергөө жүрүп жатат.

11-ноябрда Саруу айылына барган Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Мария Колесникова айылда кырдаал тынч экенин, бирок жаштар үйүнүн жанында топтошкон балдарды көргөнүн билдирди. Кумтөр кени боюнча митингге чыгып келген айыл тургундарынын бири Айбек Сарыбаев кабарчыбызга эл арасында кооптонуу бар экенин айтып берген:

- Азыркы абалды көрүп жатпайсызбы, суук түштү... Бирок күндүзү эл аз болгону менен, кечкисин балдар чогулуп, ички коопсуздукту сактап жатабыз. Бизде дагы деле бийликке ишеним жок, кимибизди алып кетет деген коркунуч болуп жатат. Күндө кечкисин 60-70 бала патрулга чогулабыз. Айылга кирген жолдорду карайбыз, чагымчыл күчтөрдүн кирип кетпеши үчүн, Саруу айылынын элинин тынчтыгын сакташ үчүн.

Караколдо 7-октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акция өтүп, ал губернаторду барымтага алуу сыяктуу башаламандык менен коштолгон. Буга байланыштуу 12 адам кармалып, жакында эле төртөө үй камагына чыгарылган. Камакта жаткандар ур-тепкиге алынганы тууралуу маалымат тараган, бирок прокуратура убактылуу тергөө абагында жатканда сабалды деген факт тастыкталбаганын билдирген жана кылмыш иш козгоодон баш тарткан эле.

XS
SM
MD
LG