Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:45

Саруу: нааразылар милиция талабына көнгөн жок


Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундарынын бир бөлүгү октябрда "Кумтөр" ишканасынын айланасындагы митингден кийин мөөнөтсүз нааразычылык өткөрүп келатышат.

Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын 100дөй жашоочусу 1-ноябрда айылдагы кырдаалды талкуулоо үчүн жыйынга чогулду. Буга чейин ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев жергиликтүү тургундар менен жолугуп, митингди уюштургандардын башында турган үч кишини милицияга өткөрүп берүүсүн талап кылган. Бирок айылдыктар буга макул болгон жок.

Жыйынга чогулгандар митингди уюштургандардын башында турган Саламат Мадамбеков, Аблез Үсөнбаев жана Айбек Сарыгуловду милицияга өткөрүп берүүдөн баш тартышты.

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митинг уюштургандардын бири Замир Меңдибаев "Азаттыкка" буларды айтты:

- Бүгүн мөөнөтсүз митинг уланып жатат. Буга чейин биз менен ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев жана облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү жолуккан. Жолугушууда үч балабызды чыгарып берүү өтүнүчү келтирилген. Болбосо эки сутка беребиз, андай болбой турган болсо күч колдонобуз дешти. Ушул маселенин үстүнөн Саруу айылында эки күндөн бери талкуу жүрүп жатат. Биз балдарды бербей турганыбызды айтып жатабыз, бул иштеп жаткан структуралардын мыкаачылык колдонуп, сабап-урганына байланыштуу. Ошол себептүү Кумтөрдү эл байлыгы деп, мөөнөтсүз митингди улантуудабыз.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиевдин "Азаттыкка" айтымында, милиция жетекчилиги митинг уюштургандарды тергөөгө катышууга чакырган. Бирок коменданттык саат тууралуу сөз болбогонун билдирген.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, коменданттык саатты киргизүү үчүн жогору жактан чечим кабыл алынат.

- Саруу айылындагы абалга байланыштуу Ысык-Көл облусундагы милиция майрамы кийинкиге калды. Буга чейин сүйлөшүүлөр болуп, түшүндүрүү иштери жүргөн. Эки күндүк убакыт да берилген. Саруулуктар биздин сунуштарды талкуулап жатышат. Азыр облустук ички иштер башкармалыгынын биринчи орун басары эл менен жолугуп, чара көрүүдөбүз.

Саруудагы жыйынга келип катышкандардын бири Салтанат Калыкованын айтымында, мындай нааразылык акциялары айыл тургундарынын тынчын алууда.

- Митинг башталгандан бери айылда тынчтык жок. Жазында башталганда ар кандай сөз чыккан, анда биз Кумтөр маселеси чечилет деп ишенгенбиз. Бирок биз көтөргөн маселелер чечилбегендиктен Караколдо да башаламандык болуп кетти. Саруу элин, жаштарын жаман көрсөтүп коюшту.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында Саруу айылындагы нааразылык акциясынын 18 катышуучусу УКМК тарабынан күбө катары келип көрсөтмө берүүгө чакыруу алышты. Бирок тиешелүү адамдар буга ишенбестигин айтып, баруудан баш тартаарын билдиришти.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG