Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Жалал-Абад: он чакты аял ачкачылык жарыялады


Ачкачылык жарыялаган аялдар. Жалал-Абад шаары, 8-октябрь, 2012.
Ачкачылык жарыялаган аялдар. Жалал-Абад шаары, 8-октябрь, 2012.

Митингден соң шаардын борбордук аянтына тигилген боз үйлөрдүн биринде он чакты аял ачкачылык кармаганы жарыяланды.

Жалал-Абад шаарында 8-октябрда өткөн митингдин катышуучулары камалган үч депутатты үй камагына чыгаруу жана биротоло бошотуу, “Кумтөр” ишканасын мамлекетке кайтаруу талабын өлкө президенти менен Жогорку Кеңешке жолдошту.

Үч депутатты коргоо комитетинин эсебинде, акцияга беш миңден, ал эми байкоочулардын болжолунда, эки миңден ашык адам катышты. Комитет төрагасы Рашит Сулайманов жыйырмадай баатыр эне жана аксакалдар президент менен жолугууга Бишкекке кеткендигин, Ак үй алдына колунда курал-жарагы жок барган Камчыбек Ташиевди бошотуу үчүн Ошто өкмөт башчы менен жолугушканын жана коргоо комитетинин аткарган иштери боюнча маалымат берип, Бишкекте өткөн митингде “Ата-Журт” партиясынын лидери ойлонбой сүйлөп алганын айтты:

- Моминтип ышкырып, кыйкырып сүйлөгөнүңөр, док кылганыңар Камчыга,Садыр Жапаровго жана камакта отурган башка балдарга пайда алып келбей, зыянын гана тийтизет. Он-жыйырма жылдан мурунку иштерин чукуп, иштерин көбөйтөт. Ташиевдин бир туугандарына да мен кеңеш, сунуш берет элем, курчутпагыла абалды, азыр телевизордон көрүп атасыңар да эмне болуп атканын. Ошондо ошол ишти кылбаш керек эле, ачууга алдырбаш керек эле.

Айрым адамдар конкреттүү иш-чараларга барууга үндөп жатты. Бирок коргоо комитеттин мүчөсү Абдыжалил Исмаилов чогулгандарды кызуу кандуулукка алдырбай, эч кандай провокацияга барбоого, нааразылыкты мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырды:

- Бардыгыбыз, сиздер да, биз да ,аксакалдар менен кемпир, кыз-келиндер бардыгыбыз ушу балдарды камактан чыгарып алабыз деген ойдобуз.Силер сыртынан жалындап атсаңар, биз ичибизден өрттөнүп, кан какшап атабыз. Бизди эч ким колдобой койгон жок, бардыгы колдоп атат. Мына өкмөттүн өкүлү Жусубалы Кыргызбаевич биринчи күндөн бери жаныбызда. Шаардын мэри, кызматкерлери келип, "балдарды боштондукка чыгарыш керек” деп... Ички иштер министринин орунбасары ,акыйкатчы келди. Себеби алардын баары биздин комитет менен эсептешип атат, бардыгы...

Жыйында үч депутатты бошотуу, «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу талабы кайрадан кайталанды. Талаптар аткарылбаса, «ачкачылык жарыялайбыз, аксакалдар менен аялдар, энелер Бишкекке баралы”, - дешти.

Митингге катышкандардын бири Медер Үсөновдун айтымында, бийлик элдин үнүн укпаганы үчүн Камчыбек Ташиев кескин кадамга барган, бирок анын бийликти басып алайын деген ниети болгон эмес:

- Биз бийликтен суранбайбыз, талап кылабыз. Бизде бир талап бар - Камчыны, Садырды, Талантты жана ошолор менен бирге камалган балдарды үй камагына чыгарып, анан тергей бер деп атабыз. Керек болсо ушу Атамбаев да, Бекназаров да, депутат Исмаил Исаков да камалып, анан бийликке келишкен.

Кум төгүлүп тосулган Бишкек-Ош жолунун Ноокендеги бөлүгү камалган депутат Талант Мамытовдун атасынын үндөөсү менен ачылгандыгын Тагайбек Калдаров жар салды:

- Дагы бийликтен бир жакшылыкты күтөлү деп жол тоскондорду тараттык, туугандар! Кыпчак-Талаадан бир гана жол өтөт. Нары жактан миң машина, бул жактан да ошончо машина жолдо токтоп туруп калды. Жолдо ар кандай адамдар болот экен, ооруп калгандар болот экен...

Милициянын ардагери Сүйөркүл Жороев Камчыбек Ташиев 3-октябрда Бишкекте өткөн митингден кийин туура эмес иш жасаганын белгиледи:

- Камчыбек Ташиев өзү жакшы жигит, элге кам көргөнү, депутаттыгы... Бирок элди көтөрөм дегени туура эмес. Элди көтөрөм деп, эми эмне болду өзү? Депутаттыгы менен эле иш кылса болот эле. Бийликти алабыз дегенинин өзү туура эмес. Жогорку Кеңештин депутаты болгондон кийин парламенттин трибунасынан айт ишти, ошондон ары жылдыр. Анан кийин Ак үйдүн темир тосмолоруна чуркап барып, ашып түшкөнү эмне болду? Көчөдөгү адамдар да барбайт андай ишке. Алар да ойлонуп иш кылат. Аракечтер да мындай кылбайт.

Облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров чогулгандарга камалган депутаттардын тагдырын сот чечкенче күтүүнү сунуш кылды.

Ошентип митингчилер президентке кайрылууга жооп келгиче акцияны токтотуу чечимине келишип, түш оой таркап кетишти. Бирок үч депутаттын укугун коргоо комитетинин төрагасы Рашит Сулайманов ачкачылык жарыялоого камданып олтурган аялдардын ден-соолугун көзөмөлдөөгө дарыгерлерди жиберүү өтүнүчү менен өкмөттүн облустагы өкүлүнө кайрылганын билдирди.

Кечки саат тогуздарда аянтка тигилген боз үйгө барганыбызда ачкачылык жарыялаган он аялды көрдүк. Алардын ден-соолугун текшерген дарыгерлер үч аялга ден-соолугуна байланыштуу ачка олтурууга болбой тургандыгын түшүндүрүптүр, бирок алар акциясын токтотпой тургандыгын “Азаттыкка” билдиришти. Алар үчүн төртүнчү боз үй тигилди. Күндө жарык күйүп турган көчөдө бүгүн кечкурун жарык болбогонуна коргоо комитеттин мүчөсү Медер Үсөнов нааразы болуп, жарык жана ачкачылык жарыялаган аялдардын (даараткана) муктаждыктарын чечүү үчүн облбийлик башчысы менен сүйлөшүп чыкты.

Тасмада: Жалал-Абаддагы митинг, 8-октябрь


Жалал-Абаддагы митингдин талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG