Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Абактагы ачкачылык артында Көлбаев турабы?


Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды
Сүрөт "Азаттыктын" архивинен алынды

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган жети жүздөй адам бүгүн криминалдык төбөлдөрдүн бири Алмаз Сулаймановду ушул абакка которуу талабы менен ачкачылык жарыялашты.

Ачкачылык жарыялагандар мындай кадамга барышаарын абак жетекчилигине кабарлашкан эмес. Алар 26-ноябрда эртең мененки тамактан баш тартышып, ачкачылык мөөнөтсүз экенин билдиришкен.

Аталган мекеменин жетекчиси Марс Жусупбеков ачкачылык жарыялагандардын башкы талабы буга чейин Ысык-Атадагы №50 тергөө абагына которулган кримтөбөл Алмаз Сулаймановду кайрадан №1 абакка алып келүү экендигин “Азаттыкка” билдирди:

- “Лимонти” каймана аты бар Сулаймановду алып келсек, абакта эркин басып жүрөбүз деп ойлоп жатышат. Биз буга чейин камерлардын баарын жаап, эркин басууга тыюу салганбыз, абактагылардын 99% муну колдойт, 1% гана акча түшпөй калганы үчүн нааразы болуп атышат. “Лимонти” - Камчы Көлбаевдин тобундагы жигит. Абактагылардан акча алышат, бербесе уруп, өлтүрүп да коюшат. Азыр түрмөлөрдө Көлбаевдин таасири күчтүү, ошол кармайт.

Абакта отурган кримтөбөлдөр, сүрөт качан тартылганы белгисиз
Абакта отурган кримтөбөлдөр, сүрөт качан тартылганы белгисиз
Жусупбеков ачкачылык жарыялагандарды дал ошол кримтөбөл Алмаз Сулайманов коркутуп, өзүнүн күчү канчалык экенин билдирүүнү көздөөдө деп кошумчалады. Жусупбеков криминалдык топтор абакта отургандардан сырттагы туугандары аркылуу акча өндүрүп көнүп алышкан дейт:

- Бул жакта отурган адамды коркутушат, анан алар үйлөрүнө, досторуна чалышат, алар акчаны алып келип беришет. Чогулган акча түрмөнүн ичине кирбейт.

Абак жетекчиси ачкачылык жарыялагандар өз өмүрүнөн коркуп, аргасыз ушундай кадамга барып жатышканын, учурда аларга түшүндүрүү иштери жүрүп, арасында ачкачылыгын токтоткондор да болгонун кошумчалады. Марс Жусупбеков №1 тергөө абагына мындан эки жыл мурун дайындалган. Ал жаңы келгенде абактын 2-кабатында 2 камера, 3-кабатта 3 камера күнү-түнү менен ачык болгонун, абакта отурган ондогон адамдар камераларды ээн-эркин кыдырып, акча талап кылып, сабап, керек болсо өлтүрүп салган учурлары болгонун буга чейинки маектеринде айткан болчу.

Алмаз Сулайманов. Сүрөт K-News сайтынан алынды
Алмаз Сулайманов. Сүрөт K-News сайтынан алынды
Мурдагы бийликтин тушунда Курулуш жана архитектура агенттигин жетектеп, кийин камакка алынган саясатчы Ишенбай Кадырбеков "түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан жарандарды криминалдык лидерлер опузалап, акча өндүргөн көрүнүш кадимкидей системага айланып калганына күбө болгом" дейт:

- “Уурулар” жана “жөнөкөй адамдар” деп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй жарандар баары бирдей акча төлөшөт. “Уурулар” дегени түрмөгө түшкөн акчалуу адамдар, алар төлөй турган акчанын көлөмү башка. Акча бербей коё алышпайт, аргасыз кылышат. Бул эми системага айланып калган.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Зарылбек Рысалиев бүгүнкү ачкачылык жарыялагандардын талабы орундалбай турганын билдирүүдө. Абактагы тополоңдун башкы себепчиси болгон Алмаз Сулайманов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобунун көрүнүктүү өкүлү, кылмыш чөйрөсүндөгү каймана аты - "Лимонти".

Ал буга чейин бир нече ирет оор кылмыштар менен соттолуп, Нарында эки кишини жырткычтык менен өлтүргөнү үчүн атууга буйрук кылынган. Бирок кийин өлүм жазасына мораторий жарыяланып, Сулайманов 30 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган. Андан көп өтпөй кримтөбөл Азиз Батукаев сыяктуу эле оор илдетке чалдыкты деген себеп менен үй камагына чыгарылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок аны быйыл ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмү Казакстандан кармашкан.

“Лимонти” дээрлик бир ай мурун атайын уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү кармалчу №50 тергөө абагына которулган эле. Бул абакта кылмышкерлер өзгөчө тартипте кайтарылат, телефон колдонууга да тыюу салынган.

Буга чейин ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Рафик Мамбеталиев Камчы Көлбаев абакта отурганы менен каалаган кишиси менен жолугуп, өзүнүн “ишин” улантып жатканын өкмөт башчыга билдирген.

Криминал менен күрөшүү азыркы бийликтин шайлоо алдындагы негизги ураандарынын бири болгон. Соңку үч жыл ичинде кылмыштуу топтордун ондогон мүчөлөрү камакка алынып, айрымдары чет жакка качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бирок кылмыш чөйрөсүнүн анабашы саналган Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткени, Камчы Көлбаевге соттун жеңил жазасы кыргыз бийлигине көө жапкандай болду.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG