Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Исаков: ЕврАзЭШтен акча сурабайбыз


19-мартта президент Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭШтин саммитине катышуу үчүн Москвага учуп кетти.

Бул сапардын маани маңызы, ЕврАзЭШтен Кыргызстанга убада кылынган грант жана Бажы биримдигинин тагдыры тууралуу президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчи орун басары Сапар Исаков “Азаттыкка” маек курду.

- Президент Алмазбек Атамбаев ЕврАзЭШтин саммитине катышуу үчүн Москвага сапар алды. Алгач сапардын максат, маңызын түшүндүрүп бересизби?

- 19-20-мартта Орусия президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында өтө турган ЕврАзЭШ саммитине катышат. Саммиттин күн тартибинде бул уюмду кайра уюштуруу боюнча эң негизги маселе каралат. Бул маселе боюнча бүгүнкү күнгө чейин ЕврАзЭШ уюмунун мүчөлөрүнөн ар кандай сунуштар түшүп жатат.

Андан тышкары Кыргызстандын президенти эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Биздин президент казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев жана Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

- ЕврАзЭШтин ишин жандандыруу, уюмду кайра уюштуруу боюнча сунуштар тууралуу айттыңыз. Бул кандай сунуштар?

- Негизи уюмду кайра уюштуруу боюнча келишимдин долбоору бар. Өлкөлөрдүн баары ушул долбоордун алкагында иштеп жатат. Ар кандай сунуштар түшүп жатат. Кыргызстандын өзүнүн да сунушу бар. Менимче, ЕврАзЭШ башталганда президенттер алгач тар чөйрөдө жолугушат.

Анда ушул маселелердин баарын талкуулап, ар бир өлкө уюм боюнча эң негизги позицияларын айтып чыгат. Кыргызстан өз позициясы катары ЕврАзЭШтин иштебей жаткан механизмдерин көрсөтөбүз. Буйруса, жаңы механизмдерди сунуш кылабыз. Биз эле эмес, Казакстан, Орусиянын деле өз ойлору бар.

- Кыргызстан ЕврАзЕШтин антикризистик фонддон бир жарым жыл мурда сураган 106 миллион доллар насыянын тагдыры боюнча маселени президент көтөрөбү?

- Албетте биздин президент ал маселени да көтөрөт деп жатабыз. Бир уюмда болгондон кийин, Антикризистик фондго биз мүчө болгондон кийин Кыргызстанга оор мезгилде убагында жардам берилбей калган. Ошондон улам биз өз ой-пикирибизди айтабыз. Президент ал нерсени айтыш керек.

Эми маселелер көп. Антикризистик фонд гана эмес, башка орчундуу маселелер да бар. Уюмдун ичинде кайсы бир механизмдер иштеген эмес, кол коюлган келишимдер формалдуу түрдө гана иштеп калган учурлар болгон. Ушул маселелердин баарын талкуулашат.

- Ошондо Кыргызстан Антикризистик фонддон каражат ала турган болдубу? Же ошол боюнча бул акча келбей калдыбы?

- Биз бул акчаны башка сурабайбыз. Себеби жаңы каралып жаткан бюджетте бул акча киргизилген эмес. Өкмөт киргизген эмес. Бул акча келечекте берилип калышы мүмкүн. Берсе акчанын шарты ылайыктуу болгондуктан өкмөт алышы керек го дейм.

- Буга чейин Орусиянын маалыматы кызматы бул саммитте Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык жараяндарга көбүрөөк көңүл буруларын кабарлаган. Саммиттеби, же эки тараптуу жолугушуулардабы, Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндө кандай сөз болот? Кыргызстандын позициясы кандай?
Кыргызстан өз позициясы катары ЕврАзЭШтин иштебей жаткан механизмдерин көрсөтөбүз. Буйруса, жаңы механизмдерди сунуш кылабыз.

- Эми кыргыз президенти мурда айткан. Кыргызстандын позициясы бар. Буйруса, Кыргызстан Бажы биримдигине да, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке да тез арада кирем деп жатат. Эң негизгиси биз механизмди ойлоп чыгуу керек. Биздин өнөктөштөр менен да сүйлөшүп чыгуу керек. Эки тараптуубу, же көп тараптуу сүйлөшүү болобу, бул нерселер аныкталышы керек. Москва шаарында ушул маселелердин баарын тактайбыз. Биздин президент өзүнүн кесиптештери менен сүйлөшөт.

Эми бул эки уюмга кирүү үчүн бир нече документтерге кол коюп чыгуу керек. Үч өлкөнүн ортосунда кол коюлуп, иштеп жаткан көп документтер бар. Анан Кыргызстан, кыргыз президенти биз үчүн керектүү айрым товарларга беш-алты жылгабы өзгөчө шарттарды сурайт. Мына Орусия деле Дүйнөлүк соода уюмуна кирип жатып, бир нече товарларга ошондой шарттарды сураган. Биз деле ушундай кадамдарды жасайлы деп жатабыз.

- Кыргызстандагы АКШнын Транзиттик борбору жабылса, Орусия НАТОнун аскер аба күчтөрүнө Ульяновск шаарынан жай берүүгө даяр деп айрым орус маалымат каражаттары жазып чыкты. Бул боюнча сиздерде кандай маалымат бар?

- Биз Орусия кандай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын так билбейбиз. Бирок бул АКШ эмес, НАТО менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөр да. Мына бизде Америка менен жарандык борбор түзүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталганы жатат. Мисалы, Ульяновскта НАТО менен сүйлөшүп жаткан маселе болуп жатат.

- Маегиңизге рахмат.

Орусия-Кыргызстан: баласынткан доор өттүбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:36 0:00

XS
SM
MD
LG