Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Парламент Акунду кетирүүгө бел байладыбы?


Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматынан мөөнөтүнөн мурун бошотууну карап жатат. Бул максатта июндун башында депутаттык комиссия түзүлүп, ал комиссия өзүнүн корутундусун 27-июнда жарыялаганы турат. Турсунбек Акун өзү Кызыл-Кыя шаардык ооруканада жатканын, анын катышуусуз парламент маселени кандай карарын түшүнбөй турганын билдирди.

Турсунбек Акун акыйкатчы кызматына экинчи ирет быйыл 23-январда шайланган. Шайлоо учурунда анын негизги атаандаштарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу болгон. Бирок Турсунбек Акун экинчи турда 51 добуш алуу менен жеңишке жетишкен.

Турсунбек Акунду кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси криминалдык аталык Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, "Манас" аба майданынан узатылышына байланыштуу чыкты.

Азиз Батукаев 9-апрелде Нарында сот аркылуу боштондукка чыгарылган. Акыйкатчы Турсунбек Акун криминалдык аталыктын бошотулуш себебин биринчилерден болуп айтып чыккан эле:

- Нарында аны дарылоого мүмкүн эмес. Ошондуктан комиссия тийиштүү диагнозду койгон. Ал кандын лейкозу, кандын рагы сыяктуу дарылагыс дартка кабылган. Андан сырткары боордун өтүшүп кеткен дарты. Ошондуктан дарыгерлердин корутундусу боюнча ал өлүм алдында турат, бир нече күндүк эле өмүрү калган.

Криминалдык аталыктын бошотулушун Болот Шер башында турган депутаттык комиссия иликтеп, күч структураларынын жетекчилери менен кошо акыйкатчыны кызматтан бошотуу маселеси да каралыш керектигин билдирип чыккан.

Турсунбек Акун өз кезегинде Азиз Батукаевди бошотууга эч кандай тиешеси жоктугун, ал эми билдирүүнү коргоо кеңешинин катчысы, азыркы кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бусурманкул Табалдиевдин сунушу менен жасаганын жакында айтып чыкты. Ал ошондой эле акыйкатчыны кызматтан кетирүүдө атаандашы Турсунбай Бакир уулу негизги ролду ойноп жатканын кошумчалайт.

Акыйкатчыны кызматынан бошотуу парламенттин ыйгарым укугундагы маселе болгондуктан, Жогорку Кеңеш депутаттык комиссия түзгөн. Ал комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бекматов комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралып, колдоого алынганын маалымдады. Анын айтымында, акыйкатчыга ишеним көрсөтпөөгө Азиз Батукаевди бошотуудагы Турсунбек Акундун билдирүүлөрү да негиз болду:

- Ошол маселе да бар. Андан сырткары акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлеринин укуктарын бузган жерлери бар. Анан Акыйкатчы институтуна, Кыргызстандын беделине терс таасирин тийгизгендиги, акыйкатчы антын бузганы үчүн ыйгарым укуктары токтотулсун деген бүтүмдү алып чыктык.

Турсунбек Акун депутаттык комиссиянын корутундусу мыйзамсыздыгын, ал 2018-жылга чейин шайланганын айтып келет. Бирок "Акыйкатчы жөнүндөгү" мыйзамга ылайык анын отчету кабыл алынбаганда жана антын бузганда, аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу каралган дейт депутаттык комиссиянын төрагасы.

Кыргызстандагы укук коргоочулар кеңеши акыйкатчыны кызматтан бошотуу маселеси, алар тарабынан талкууланбагандыгын кеңештин мүчөсү, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдирасулова билдирди.

Ал эми акыйкатчынын орун басары Мухтар Кожошев Турсунбек Акун Баткен облусуна болгон сапарында ооруп калганын, учурда Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында экенин маалымдады:

- Акыйкатчы Турсунбек Акун Кызыл-Кыяда ооруканада жатат. Качан келери белгисиз. Эми 27-июнга бизди чакырса, биз барып катышабыз. Ал эми Турсунбек Акунга жеке суроолор болсо, ал өзү жооп берет.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Абдыжапар Бегматов парламент 27-июнда акыйкатчыны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууну карарын, ага байланыштуу тийиштүү адамдарга чакыруулар жөнөтүлгөнүн айтты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG