Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Тынчтык индексинде Кыргызстан дагы артка кетти


Тынчтык индекси өлкөдө түрмөгө түшкөн адамдардын саны боюнча да өлчөнөт. (Сүрөттө: Бишкектеги түрмөлөрдүн бири, 26-январь, 2012.)
Тынчтык индекси өлкөдө түрмөгө түшкөн адамдардын саны боюнча да өлчөнөт. (Сүрөттө: Бишкектеги түрмөлөрдүн бири, 26-январь, 2012.)

2007-жылдан тарта Глобалдык тынчтык индекси ( Global Peace Index) деген баяндаманы жарыялап келе жаткан эл аралык институт Кыргызстандын рейтингин мурдагыдан дагы төмөндөттү. Бул тынчтыктын абалы начар, өлкө ага кош көңүл мамиледе дегенди туюндурат. Эл аралык институттун жогорудагы тыянагы канчалык жүйөлүү?

Тигил же бул өлкөнүн ички жана тышкы конфликттерге тартылганы, БУУнун бейпилдик миссиясына кошкон салымы, коомдун коопсуздугу, армия үчүн сарпталган акчанын көлөмү Тынчтык индексин аныктоодогу башкы көрсөткүчтөрдөн. Эки күн мурда жарыяланган баяндама 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча даярдалган.

Кеңселери АКШ жана Улуу Британияда жайгашкан Экономика жана Тынчтык институту “Глобалдык Тынчтык индекси - 2012” баяндамасында быйыл дүйнө калкынын 90% жашаган 158 өлкөнүн рейтингин 23 көрсөткүч менен аныктаган. Кыргызстан быйыл тизмеде Борбор Азия өлкөлөрүнөн баарынан артта, 131-орунга жайгаштырылды.

Бул кан төгүү менен коштолгон бийлик алмашуу, улут аралык жаңжал болгон 2010-жылкы окуялардын негизинде жаралган былтыркы рейтингден 17 орунга артка кеткендик. “Глобалдык Тынчтык индекси 2011” рейтингинде Кыргызстан 114-орунда болчу.

Кыргызстандын рейтингинин артка кетишин аталган уюмдун талдоочусу Даниэль Хислоп (Daniel Hyslop) “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Төмөндөөнүн башкы себеби - “саясий террор” көрсөткүчү жана 100 миң адамга эсептегенде түрмөгө түшкөн адамдар санынын өскөндүгү.

Түрмөгө түшкөндөрдүн саны демекчи Экономика жана тынчтык институтунун баяндамасында былтыр Кыргызстанда аталган цифра 100 миңге адамга 267 кишини түзгөнү, бул коңшу Казакстан менен Өзбекстандыкынан төмөн, бирок Тажикстан менен Түркмөнстандыкынан жогорку экендиги айтылган. Кыргызстандын калкын 5,5 миллион деп эсептегенде, бул абактарда 14700 киши олтурган дегенди билдирет.

“Азаттык” Жаза аткаруу кызматынан алган расмий маалыматка караганда, өткөн жылдын соңуна карата абактардын үч түрүндө олтургандар саны 10235 кишини түзгөн. Мындан сырткары абакта олтурбаганы менен Жаза аткаруу кызматынын каттоосунда майда кылмыштары үчүн соттолгон 4751 киши турган.


Бул жагынан эл аралык институттун баяндамасындагы жана Кыргызстандын расмий мекемесинин цифрасы негизинен шайкеш чыгууда.



"Саясий террор"

Бирок “саясий террор” деген көрсөткүч боюнча берилген баа абдан талаштуудай көрүнөт. Авторлордун түшүндүрмөсүнө караганда, бул көрсөткүч “саясий кыянатчылыктар” менен “саясий террордун” деңгээлин эске алат. Бул боюнча баяндамада 2010-жылкы бийлик алмашуу, улут аралык кагылышуудан кийин Кыргызстанда адам укугун урматтоо начарлады деп көргөзүлөт.

Экономика жана Тынчтык институтунун иликтөөчүсү Даниел Хислоп:

- Демократиялык институттар, шайлоо процесси боло бериши мүмкүн. Бирок эгер адамдар саясий көз карашынан улам түрмөгө түшсө, бул көрсөткүчкө таасир берет. Аны АКШдагы окумуштуулар Эл аралык Мунапыс уюмунун жана Мамлекеттик департаменттин адам укуктары боюнча баяндамаларын колдонуу менен баалашкан. Бул - өзүнчө категория. Саясий жүйөөдөн улам абакка түшүү саясат жана саясий идеялар менен алектенгендерге байланыштуу. Кыргызстан ушул көрсөткүчтө ылдый кеткен.

Анткен менен Даниел Хислоп “Азаттык” менен маегинде кайсыл бир конкреттүү саясий айыпкердин ысымын атай алган жок. Алардын баасы башка баяндамалардын маалыматтарына гана негизденгенин кошумчалады.

Эмне кылуу керек?

Өкмөттүн жакындагы жыйындарынын биринде Кыргызстандын эл аралык уюмдар түзгөн рейтингдериндеги турумун жакшыртуу маселеси талкууланып, айрым тыянактар обьективдүү эмес маалыматтардын негизинде чыгарылып жаткандыгы айтылган.

Вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев “Азаттык” менен маегинде буларды белгиледи:


- Бир мисал айтайын, мында жакында “Фридом Хаус” басма сөз эркиндигинин абалы боюнча индексин жарыялаганда, биз 155 –орун алдык. Бул - таптакыр туура эмес. Биз өзүбүз “Фридом Хауска” маалымат жиберген жокпуз, прессанын ойлорун жиберген жокпуз. Реформа жасап жатабыз, бирок ал жөнүндө рейтингдерди чыгарган агенттиктерге жакшылап, маалымат да беришибиз абзел.

Коомдук ишмер, “Айкөл Эл” партясынын лидери Эдил Байсалов да “Азаттык” менен маегинде эл аралык уюмдардын рейтинги, салыштыруулары ар убак эле объективдүү чыга бербешине, реалдуу кырдаалды чагылдырбашына токтолду:


- Муну биз чычалабастан эле кабыл алуубуз керек. Өнүгүшүбүз бизге, өзүбүздүн элге, мекенибизге керек. Чет өлкөлүк рейтингдерде беш-алты орунга өйдөлөйм деген туура мотивация эмес. Кыргызстандын да өз тарыхы, келечеги бар. Башкалар менен канчалык салыштырса да, өзбүздөн айрыла албайбыз.

“Глобалдык Тынчтык индекси 2012” баяндамасында Сирияда кыянатчылыктар күчөгөнүнө карабай, дүйнө кыйла тынч болуп калды деген тыянак чыгарылган. Баяндама авторлорунун пикиринде, буга негизинен эки нерсе: “саясий террор” көрсөткүчүндө оң баа алган өлкөлөрдүн көбөйүшү жана аскерий чыгымдардын кыскарышы салым кошту. Өнүккөн өлкөлөрдөн АКШ быйылкы тизмеде 158 өлкө ичинен 88, Израиль 150-орунга жайгаштырылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG