Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Рысалиев саясий оюндун курмандыгыбы?


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин кызматтан алынышынын чыныгы себептери боюнча бир катар божомолдор айтылууда.

"Ыңкылапты коргоо" уюмунун атынан Бабырбек Жээнбеков анын кызматтан кетишин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен байланыштырган кайрылуу таратты.

Анда Рысалиев аты аталгандарга байланыштуу кылмыш иштерин жабуу талабынан баш тартканы үчүн кызматтан алынганы белгиленген. Бирок ысымдары аталган эки саясатчы тең андай айыптоолорду четке кагышты.

Талдоочулар кайрылуунун өзөгүн саясий кландар ортосундагы бийлик үчүн күрөштүн туундусу катары сыпатташууда.

Саясатчылардын салымы канчалык?

Зарылбек Рысалиев министрликтен алынган күнү баш калаадагы кафелердин бирине “Ыңкылапты коргоо” уюмуна бириккен Талас коомчулугунун айрым өкүлдөрү чогулган. Анда Рысалиевди кызматтан алуунун себептери талкууланып, президентке жана парламентке кайрылуу кабыл алынган.

Кайрылууда 2010-жылы 7-апрелдеги Бакиевдердин мүлкүн тоноо боюнча кылмыш иши аягына чыгып калганда Рысалиевдин кызматтан алынышы эмнени туйундурат деген суроо койулган.

“Ыңкылапты коргоо” уюмунун өкүлү Бабырбек Жээнбеков Рысалиевди кызматтан кетирүүгө депутат менен өкмөт башчынын жеке кызыкчылыгы болгон деп эсептейт:

- Текебаев Рысалиевге чалып, “сен талап-тоноочулук боюнча ишти кыскартасың же башкача кылып карайсың” деген экен. Ага Рысалиев макул болбой, экөө телефондон уруша кетишет. Бул боюнча Текебаев президентке даттанган экен. Экинчиси Ош-Бишкек жолун куруу маселесиндеги коррупцияга байланыштуу. Бул боюнча Нурлан Сулаймановго иш козголгон. Бирок ал сыртка качып кетип, ал жактан туруп алып, “ишти токтоткула, болбосо ...” деген талаптан кийин Жантөрө Сатыбалдиев ички иштер министрин чакырып алып, ага байланыштуу ишти кыскартууну талап кылган. Бирок Рысалиев андан да баш тартып койгон экен. Рысалиев азыр президент мына ушул эки адамдын сөзүнө кирип чечим чыгарып койгонуна капа. Болбосо, ал ошол кылмыш иштерин аягына чыгармак.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
Мурдагы ички иштер министри Рысалиев 2010-жылы 7-апрелде “Ата Мекендин” депутаты Райкан Төлөгөновдун талап-тонолгон объекттерден телефон чалуулары болгону такталды деп жарыялаган.

Бирок “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев ал билдирүү кылмышка далил боло албастыгын айтып, ички иштер министринин кызматтан кетишине анын катышы жоктугун белгиледи:

- Рысалиевдин ошол күнкү телефон байланыштарын текшерсек, аныкы да мына ошондой эле жыйырма жерден чыгып калышы мүмкүн. Бул эч нерсени далилдебейт. Ошондуктан иликтөөнүн жыйынтыгы гана кимдин ким экенин көрсөтөт. Ошол эле Рысалиев бир учурда Текебаев, Мадылбеков, Шерниязов, Төлөгөновдун ал ишке эч кандай тиешеси жок, бул боюнча Юсуповдун көрсөтмөсү жалган жалаа деген мазмунда бир нече жолу билдирген. Мен бул иш боюнча ИИМ кандай тергөө жүргүзүп жатканын билбейм. Анткени анын ишине аралашкан эмесмин. Ал эми Рысалиевдин кызматтан кетишинин себеби эмнеде экенин анын өзүнөн сураш керек. Ага менин эч кандай тиешем жок.

Ар кимдин өз чындыгы бар

31-октябрдагы парламенттин жыйынында айрым депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден ички иштер министрин кызматтан кетирүүнүн себептерин негиздеп берүүнү талап кылышкан болчу.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мындай кадамга барууга анын жеке каалоосу эмес, Ички иштер министрлигиндеги абал себеп болгондугун белгилеген эле:

- Ал кишини дайындоого көргөзүп жатканда эле бул маселе болгон. Бирок ал киши “мына ошол талап-тоноого байланыштуу кылмыш ишин он күндүн ичинде ачабыз” дегенинен мен анын талапкердигине макул болгом. Бирок эми ИИМдин ичиндеги моралдык-психологиялык абалды өзүңөр жакшы билесиңер. Ошондуктан мен ал жерге өзүм ишенген адамды иштеп бериңиз деп сурандым. Биз биринчи кезекте милицияда тартип, реформа кыла албасак, анда коомчулукта бизге ишеним болбойт.
Рысалиевдин ошол күнкү телефон байланыштарын текшерсек, аныкы да мына ошондой эле жыйырма жерден чыгып калышы мүмкүн.

Бирок бул маселени көтөргөн Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев Рысалиевди кызматтан алууга негиз болду деп айтылган ал себептерге ынанган жок:

- Мен өкмөт башчысынан “эң негизги себебин айтпайсыңарбы? Эгерде күнөөлүү болсо, анда жооп берсин. Силердин тапшырманы аткарбай койгон үчүн кетирип жатсаңар аны да ачык айткыла. Бир жарым ай мурун аны парламентке мактап алып келип, анан эми эч кандай негиздүү себеп жок эле кызматтан кетиргениңер кандай" деген суроону койдум. Бирок мен бул суроолорго ынанымдуу жооп ала алган жокмун.

Зарылбек Рысалиев “Азаттыкка” өзүнүн кызматтан кетишинин себептери боюнча
комментарий берүүдөн баш тартты. Рысалиев боюнча таластык коомчулук өкүлдөрүнүн чогулушун жана анын атынан жазылган кайрылуунун төркүнүн талдоочу Санжар Тажиматов бийлик үчүн күрөштөгү кландык кызыкчылыктын туундусу катары баалады:

- Кландардын ортосундагы тирешүү, жердешчилик-уруучулук аркылуу саясий максаттарга жетүү жана ошол алкакта саясий талаптарды койуу көнүмүш адатка айланды. Партиялык курулуш жараяны өнүгүп, жарандык позиция калыптанган учурда гана ушуга окшогон көрүнүштөр жойулушу мүмкүн.

Башка бир талдоочулар шайлоонун алдында Рысалиевдин кызматтан кетишин милицияны көзөмөлдөөнү ишенимдүү адамга берүү аракети катары карашууда. Анткени анын мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановго жакындыгы айрым саясий күчтөрдү чочутуп турган дешет алар.

XS
SM
MD
LG