Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Жаңы коалиция түзүү башталды


Президент Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Турсунбековго башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырууда. 8-декабрь.
Президент Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Турсунбековго башкаруучу коалиция түзүү мандатын тапшырууда. 8-декабрь.

Президент парламентте коалициялык көпчүлүктү түзүү жана өкмөт башчылыкка талапкерди сунуштоо укугун Социал-демократтар фракциясына берди.

Президент Алмазбек Атамбаев 8-декабрда аталган фракцияга мандат берип жатып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө кудуреттүү коалиция түзүлүшүн каалады. Мыйзамга ылайык, 15 жумушчу күндөн кечикпестен жаңы коалициянын курамы аныкталууга тийиш. Бул ирет түзүлбөй калса президент мандатты башка фракцияга берүү укугуна ээ.


Президент кандай коалицияны каалайт?

Өткөн коалициядай күнүгө интрига, чатак чыгарып турушса, анда коалициянын ишинен эч кандай майнап чыкпайт.
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев башка фракциялар менен чогуу коалиция түзүү укугун тастыктаган мандатты Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго берди.

Мандат тапшыруу маалында президент буларды белгиледи:

- Жаңы коалициянын курамына кирген депутаттар элдин кызыкчылыгын өздөрүнүкүнөн жогору коюш керек. Эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол койгонду өткөн жолу көрбөдүкпү. Өткөн коалициядай күнүгө интрига, чатак чыгарып турушса, анда коалициянын ишинен эч кандай майнап чыкпайт.

Атамбаев башкаруучу коалицияны түзүү укугун президент болгонго чейин башкарып келген партиясына берери коомдук-саясий чөйрөдө мурда эле белгилүү болчу.

Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин айтымында, эми бул фракция Баш мыйзамга ылайык, 15 жумушчу күндөн кечикпестен коалиция түзүшү керек:

- Биринчиден, коалицияга киребиз деген депутаттардын жалпы саны 61ден кемибеш керек. Экинчиден, сүйлөшүүлөрдүн негизинде чоң маселелер аныкталышы керек. Бул ким парламенттин төрагасы жана өкмөттүн башчысы болот деген маселелер.


Баары коалицияга кирүүгө кызыкдар

"Ар-намыс" КСДП фракциясын колдоп, коалицияга кирүүгө, анын фундаменти болууга даяр.
Токон Мамытов

Мандат тапшырылгандан кийин эми коомчулуктун бүйүрүн болочок коалициянын курамы кандай болот деген маселе ого бетер кызыктырууда. Көпчүлүк талдоочулар жаңы коалициянын өзөгүн Социал-демократтар менен “Республика” фракциясы түзөрүн белгилешүүдө. Мындан тышкары, буга чейин оппозициялык азчылык болуп келген “Ар-намыс” фракциясы да жаңы курамдын пайдубалын түзүү ниети бар экендигин билдирип жатат.

Аталган фракциянын депутаты Токон Мамытов буларга токтолду:

- Биз мурдагы чыгарган чечимибизден кайтпайбыз. КСДП фракциясын колдоп, коалицияга кирип, анын фундаменти болууга даярбыз. Биздин максатыбыз - бул саясий стабилдүүлүк жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү.

Коалиция куроо мандатын алган Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков да “Республика” жана “Ар-намыс” фракциялары менен расмий сүйлөшүлөрдүн биринчи айлампасы болгонун ачыктады.

- Биз бүгүн биринчи айлампадагы сүйлөшүүлөрдү айрым фракциялар менен өткөрдүк. Эртең биздин жумушчу топ да ар бир фракциялардын топтору менен сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мисалы, бүгүн мен “Республика” жана “Ар-намыс” фракцияларынын лидерлери менен сүйлөштүм.


Оппозицияда ким калат?


Мурдагы коалициянын курамындагы “Ата-Журт” фракциянын жетекчиси Камчыбек Ташиев жаңы коалицияга кирүү үчүн бир канча шарт коюшканын айтат:
Азыр реформаларды баштап, элдин жашоо турмушун оңдой турган учур келди. Биз тигини, муну деп сурабайбыз, бирок коалицияда ар кимдин өз орду болот
Өмүрбек Абдрахманов

- Биз мандатты алган фракциянын жетекчиси менен сүйлөшүү жүргүзө элекпиз. Бирок биздин бир нече шарттарыбыз бар. Ошол шарттарыбыз аткарыла турган болсо, коалицияга кирүүгө даярбыз. Өзүңүздөр билесиздер, мурдагы коалицияны түзүүдө мамлекеттик чоң кызматтарды бөлүштүрүү эң башкы оюн болуп калбадыбы. Менимче, бул туура эмес болду. Эми андайга барбай, экономикалык өнүгүү үчүн басым жасалыш керек.

Камчыбек Ташиев бирок жаңы коалицияга кирүү үчүн кандай шарт коюлганын ачыктаган жок.

Буга чейин үч фракциядан турган коалиция туруксуздугун көрсөттү деген талдоочулар бу сапар ал төрт фракциядан куралышы мүмкүн деп жатышат. Ошол эле мезгилде мурда оппозицияда болуп келген “Ата Мекен” фракциясы да жаңы коалицияга кирүүгө кызыкдар.

Бул фракциянын бир депутаты Өмүрбек Абдрахманов коалицияга кирүүдөгү негизги шарттарга токтолду.

- Саясий жана демократиялык реформаларды уланталы, токтоп калбасын. Ошондой эле экономикалык рефрмаларды баштайлы. Азыр реформаларды баштап, элдин жашоо турмушун оңдой турган учур келди. Биз тигини, муну деп сурабайбыз, бирок коалицияда ар кимдин өз орду болот.

Анткен менен Баш мыйзам боюнча парламентте сөзсүз оппозициялык азчылык болушу зарыл. Андыктан оппозицияда кайсы партия калары сүйөшүүлөргө жараша болчудай. Өткөн жылкы парламенттик шайлоодон кийин президент Роза Отунбаева да коалиция түзүү укугун алгач Социал-демократтарга берип, бирок ал түзө алган эмес.

Курамына Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары кирген коалицияны “Республика” фракциясы түзгөн болчу.

Айрым талдоочулар бул сапар коалициялык көпчүлүк биринчи эле сүйлөшүүдө куралат деген ойдо. Эгер Социал-демократтар коалицияны курай албаса, президент Атамбаев бул укукту башка фракцияга берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал фракция да курай албаса, жалпы парламенттин өзүнө тапшырылат. Парламенттеги фракциялар бул жолу да көпчүлүк коалицияны түзө албаса, анда парламент таратылат.

XS
SM
MD
LG