Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Сыналган курал - курултай


Бириккен элдик кыймылдын курултайы, 2010жылын 17-марты.
Бириккен элдик кыймылдын курултайы, 2010жылын 17-марты.

Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр учурда президенттик шайлоого даярдык көрүүгө киришүүдө.

Өлкөдө азыр эки түрдүү оппозиция бар. Биринчиси - парламенттик, экинчиси - парламентке кирбей калган күчтөрдөн турган оппозиция.

Оппозициянын катары жана салмагы

Парламенттик оппозицияда “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” партиялары турары расмий түрдө жарыяланган. Булардан сырткары шайлоодо кайсы бир деңгээлде добуш алып, бирок парламентке кирбей калган “Бүтүн Кыргызстан”, “Акыйкат”, “Замандаш”, “Мекен ынтымагы” жана башка партиялар бар. Бул партиялардын көпчүлүгү Улуттук конгресске биригип, бийликке кайчы пикирлерин айтып келишет.

Күзгү шайлоодо 70 миңдей жарандын добушун алган Темир Сариев башында турган “Ак шумкар” партиясы өзүнүн позициясын так айта элек.

Парламенттик оппозицияда турган “Ар-Намыс” партиясынын таскагы азырынча катуурак чыгып, бул Феликс Куловдун күзүндө боло турган президенттик шайлоого даярдануусу менен байланыштуу болууда. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей “Ар-Намыстын” лидери өткөн күнү Кыргызстандагы коррупциялык схеманы жарыялоо менен азыркы бийликке чакырык таштады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айрым маселелер боюнча коалициялык өкмөткө сын айткан менен келечектеги иш-аракеттеринин стратегиясын иштеп чыгуунун үстүндө иш жүргүзүп жатканы байкалууда. Бул иштин бир көрүнүшү катары “Ата Мекен” өткөн күндөрү интеллегинциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурган “Шеринени” атасак болот.

Ошентип, парламенттик оппозициядагы “Ар-Намыс” жана “Ата Мекен” партияларынын блокко биригүүсү байкала элек. Тескерисинче ар бир партия парламентте да өзүнчө иштеп, президенттик шайлоого да өз алдынча даярдык көрүүдө.

Парламенттик эмес оппозициянын да бир уюмга биригүү же бир талапкердин айланасында баш кошуу жышааны ачык байкала элек. Бирок позицияларды тактоо максатында алдырттан сүйлөшүүлөр, кеңешүүлөр болуп жатканы маалым.

Курултай демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө

Азыркы кезде оппозиция тараптан көтөрүлүп жаткан жалпы улуттук курултай чакыруу демилгеси бир жагынан бийликти сындоого багыт алса, экинчи жактан күч көрсөтүү болуп калмакчы. Курултай өткөрүү демилгесин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы көтөрүп, ал Конгресске кирген партиялар, “Ар-Намыс” тарабынан колдоого алынууда.

Серепчи Элмира Ногойбаева курултайлар саясий күрөштө пайдаланылат
деген пикирде:

- Биригүү максатында уюштуруп жаткан курултайлар адатта саясий күрөштө пайдаланылып кетет. Бул ирет да ошондой болуп, бул саясий күрөштө, бийлик талашууда пайдаланылат деп ойлоймун.

Президенттик өнөктүк

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев баалардын өсүшү, мугалим, дарыгерлердин көчөгө чыгуусу азыркы өкмөттү татаал кырдаалга туш кылаарын айтып, буга кошул-ташыл өлкөдө президенттик шайлоо өнөктүгү башталып калганын белгилейт:

- Мына курултай деп бир топ оппозициялык күчтөр чогулуп жатат. Ошон үчүн жазында абал аябай эле кыйын болот ко. Президенттик өнөктүк болсо башталды. Азыркы лидерлерден аябай аракеттенип жатканы Феликс Кулов. Адахан Мадумаров курултай өткөрөм деп аракеттенип жатат. Өмүрбек Текебаев бар. “Ата Мекен” мугалимдерди колдоп жатат. Менин оюмча, Алмазбек Атамбаев деле президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн.

Дагы башка серепчилердин баамында, Марат Султанов, Камчы Ташиев, Аликбек Жекшенкулов, Азимбек Бекназаров жана башка саясатчылар президенттик так талашка түшүүгө камданып, күч-кубатын байкаштырып көрүүдө. Бул күчтөрдүн ичинде президенттик шайлоо жакындаган сайын сүйлөшүүлөр, өзгөрүүлөр, кошулуулар болоору да айкын. Эми аны мезгил көрсөтөт.

Бирок бир гана нерсе азыртан айкын болуп жатат. Бул президенттик шайлоонун да сырткы күчтөрдүн олуттуу кийлигишүүсү менен өтөөрү. Маселен, акыркы кезде “Независимая гезета” аркылуу Роза Отунбаева жана анын жанындагы саясатчылар терс мүнөздөлүп, “Ар-Намыстын” лидеринин демилгелерин дурус чагылдырган макала-маалыматтар көбүрөөк чыга баштады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG