Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Элиңерге ок ачпагыла!”


Элдик курултай, 17-март, 2010-жыл
Элдик курултай, 17-март, 2010-жыл

Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, оппозициянын алдыдагы иш-аракеттери тууралуу Элдик курултайдын аткаруу комитетинин мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттыкка” маек курду.

- 7-апрелде жер-жерлерде Элдик курултай өткөрүү болжолдонуп жатат. Мындай иш- чаралар Чүй облусунун кайсы райондорунда өткөрүлөт жана анда кайсы маселелер көтөрүлөт?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Биз Чүй облусунун бардык райондорунда даярдык көрүп жатабыз. Ошондуктан элдин чыгышы, элдин катышуусу ар бир райондо күтүлүүдө. Негизинен чоң Элдик курултайлар Чүй облусунун Чүй, Токмок, Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында өтөт.

- Анда кандай маселелер көтөрүлөт?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Билесиздер, быйылкы жылдын 17-мартында Элдик курултай өтүп, Бишкек шаарында бийликке жети талап берилген эле. Бүгүнкү күндө ошол жети талаптын бирөө да аткарылган жок. Ошондуктан эртеңки өткөрүүлүчү Элдик курултайдын эң негизги күн тартибине бийлик Элдик курултайдын берген талаптарын аткарбагандыктан, мындан ары бул бийлик менен эл эмне кылыш керек жана жер-жерлерде элдик бийликти калыбына келтирүү маселеси каралат.

- Элдик курултайдын катышуучуларына укук коргоо органдары тарабынан күч колдонулат экен деген имиштер бар. Мисалы, Талас, Нарын шаарына атайын даярдыктагы милиция кызматкерлери жөнөтүлдү деген маалыматтын канчалык чындыгы бар?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бүгүнкү күндө ошол облустарга Бишкек шаарынан жана башка жерлерден атайын аскер бөлүктөрү, спецназ ошол жакка жиберилип атат. Элдик курултайдын активисттерине, катышуучуларына, лидерлерине ар кандай провокациялар даярдалып атат, керек болсо кылмыш дүйнөсүнүн катышуучулары менен биздин активисттерге, лидерлерге кандайдыр бир атайын чараларды көрүшү камдалып атат, андан тышкары керек болсо колдонуулардан да кайра тартпаганы жөнүндө бизде да кабарлар бар.

Биз өзүбүздүн кыймыл аракеттерибиздин баарын мамлекетибиздин Конституциясынын, мыйзамдарынын негизинде жасайбыз. Алардын чегинен чыкпайбыз. Ошондуктан бийликке да, укук коргоо органдарына да айтат элек, Аксы окуясын унутпагыла, өз элиңерге күч колдонбогула, өз элиңерге ок атпагыла деп чакырат элек.

- Элдик курултайларды өткөрүү учурунда кандайдыр бир чагымдар болуп, талап-тоноочулукка жол берилип кетиши мүмкүнбү? Ушул боюнча алдын алуу иштерди жүргүздүңөрбү?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Андай болушу да мүмкүн. Бирок ал уюштурула турган болсо, ал бийлик колдогон гана күчтөр тарабынан, кылмыш дүйнөсүнө таандык болгон адамдар тарабынан гана уюштурулушу мүмкүн. Ошондуктан биз кайрылуубузда айткандай, ошондой чагымдарга жол бербейли деп дагы бир жолу чакыргыбыз келет. Биз өзүбүз тараптан катышуучуларыбызга, активисттерге, бардыгына мыйзамдын негизинде гана кыймыл аракеттерди жасагыла деп айтып атабыз. Өзүбүздүн тартип сактоочу күчтөрүбүздү да ошого багыттап атабыз.

- Учурдагы кырдаалга кандай баа бересиз? Баягы 2005-жылдагы окуя кайталанышы мүмкүнбү?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Айтылган бир сөз бар, ар бир окуя эки жолу кайталанат, бир жолу драма түрүндө, бир жолу фарс түрүндө деп. Мына өзүңүздөр көрүп атасыңар, драмасы болобу, фарсы болобу, 2005-жылдагы окуяларга бүгүнкү окуялардын, кырдаалдын окшоштугу бар. Бирок ага караганда кырдаал бир топ эсе курч.

Ал эми бийликтин кыймыл аракетин көрүп атабыз, жети талаптын бирөөнү аткармак түгүл кайра билгениңерди кылып алгыла дегенсип, ого бетер абалды курчутуп атат. Буга күбө болуп “Чыгышэлектронун” арзан баага сатылып кетиши. Кечээ күнү эле Орусия тараптан бажылык төлөмдөрдүн күйүүчү майга болгон кымбатташы, ошонун баары эле абалды абдан курчутуп, элдин ал-акыбалын ого бетер оорлотуп, көйгөйлүү маселелердин абдан курч багытка бараткандыгын айгинелеп турат.

- Кечээ мен бир оппозициянын өкүлүнө жолукканда, бийлик тарабынан оппозиция өкүлдөрүн камап коюшу да мүмкүн деген маалыматты айтты. Ошондой коркунуч жокпу?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Андай коркунуч бар. Бүгүнкү күндө биз ачык эле айтып койсок болот, бул бийликтин агониясы башталды. Агония болуп атканда бийлик өзүнүн турумдарын сактап калыш үчүн кандай гана кадамдарга барат, бардыгын күтсө болот жана бардыгына барат десек да болот. Ошондуктан биз ойлойбуз бүгүнкү бийликте, укук коргоо органдарында иштеп аткан акыл-эси ордунда, эл үчүн, мамлекет үчүн күйгөн жарандарыбыз, уул-кыздарыбыз бар. Ошолордун бардыгы реалдуу түрдө ой жүгүртүп эл тарабында болуп, эл менен бирге болуусу керек. Кандай гана кыйынчылык өтпөсүн тарых аны да айгинелеп турат, элибиз кандай гана курч, татаал мезгилдерден абдан татыктуу түрдө чыгып келген. Бүгүн да биз татыктуу чыгабыз деген ойдобуз.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG