Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Өкмөт башчылыкка талапкерлер тандалууда


"Ата Мекен" премьерлиике Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин көрсөттү. (Сүрөттө: Жоомарт Оторбаев "Азаттыктын" студиясында, 1-февраль, 2012.)
"Ата Мекен" премьерлиике Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин көрсөттү. (Сүрөттө: Жоомарт Оторбаев "Азаттыктын" студиясында, 1-февраль, 2012.)

Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды. Айрым фракциялар болсо премьер-министрликке тандалган талапкерин сунуштай баштады.

Бул арада премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, өкмөт башчынын милдетин аткаруу убактылуу 1-вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаевге жүктөлдү.

Жаңы коалиция куралып бүтүп калды

Жантөрө Сатыбалдиев 25-мартта өкмөт башчынын милдетин аткаруучу катары акыркы жыйынын өткөрүп, анда бул кызматты биротоло өткөрүп берүүнү чечкенин жарыя кылды. Ошондой эле ал өзү жетектеген өкмөт бир катар жакшы иштерди алып барганын белгилеп, аткарылбай калган иштер үчүн Кыргызстандын элинен кечирим сурады:

- Бардык нерсенин башы жана аягы болгондой эле, мен бүгүн өкмөт башчы катары акыркы күн иштеп жатам. Сиздерге белгилүү болгондой, бүгүн мен эртеңден тартып кызматымды тапшыруу боюнча арызымды жаздым. Ал эми урматтуу өкмөт мүчөлөрү, жаңы өкмөт куралганча сиздер бардыгыңыздар кылчактабай, өзүңөрдүн ишиңерди аткарууңуздарды суранам, ынтымакка чакырам. “Жаздын бир күнү бир жылды багат” деген жакшы сөз бар, азыркы жооптуу учурда сиздерге ийгилик каалайм.

Жантөрө Сатыбалдиев 2012-жылы сентябрь айынан тартып премьер-министр болуп иштеди. Аны бул кызматка апкелген Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта “Ата-Мекен” фракциясы бөлүнүп чыккандан кийин тараган. “Ата Мекен” өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул кызматты аркалоого моралдык-саясый укугу жок деген жүйө менен коалициядан чыгып кеткен эле.

Учурда башкаруучу коалицияны түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр аяктап калганы кабарланууда. Ошону менен бирге эле парламенттеги фракциялар ич ара өкмөт башчылыкка өздөрүнүн талапкерлерин сунуштай баштады. Алсак, коалициянын ыдырашына жана өкмөт курамынын кызматтан кетишине негизги себепчи болгон “Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчылыкка 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин көрсөттү.

Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция мүчөсү Ташболот Балтабаев билдирди:

- 25-мартта биздин фракция кезексиз жыйынга чогулуп, эки маселени талкууладык: биринчиси – көпчүлүк коалицияга кирүү, экинчиси –өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүү. Фракция мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен коалицияга кирүү сунушун колдошту, ошондой эле биздин фракциянын атынан 1-вице-премьер-министр болуп иштеп жүргөн Жоомарт Оторбаевди өкмөт башчылыкка талапкер кылып көрсөттүк.

Башкаруучу коалиция тарагандан кийин кайра коалиция куроо мандатын президент Социал-демократтар фракциясына тапшырган. Балтабаевдин айтуусунда, учурда “Ата Мекен” фракциясына коалицияга кошулуу боюнча сунуш түшүүдө.

"Республика" Бабановсуз барбайт

Коалицияга кошулуу сунушу “Республика” фракциясына да берилген. Фракция премьер-министрликке бир гана талапкери бардыгын, көпчүлүккө кошулса ошол талапкери менен чогуу гана кошуларын айтып, жообун берди. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Назарали Арипов “Азаттыкка” билдирди:

- Көпчүлүк коалицияга премьер-министрликке талапкерибиз Өмүрбек Бабанов менен гана киребиз деп айттык. Азырынча жооп боло элек. Биз коалицияга кирсек, теңата болуп кирээрибизди да билдирдик.

“Республика” фракциясы мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин командасына ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин акыркы убактарда байма-бай көтөргөн, фракция мүчөлөрү анын кызматтан кетүүсүнө “Республиканын” салымы чоң деп эсептешет. Бирок ошентсе да, айрым маалыматтар боюнча жаңы өкмөт куроо мурунку эле коалиция мүчөлөрүнүн, тагыраак айтканда, 18-мартта бузулган коалициянын мүчөлөрү: КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракцияларынын үлүшүнө тийиши мүмкүн.

“Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов эгер андай болсо, Кыргызстанда башкаруу системасы өзгөрбөйт деген пикирде:

- Сатыбалдиевдин командасы кызматтан кетишине биздин салымыбыз өтө чоң. Эгер булар айтып жаткандай Оторбаев өкмөт башчылыкка келе турган болсо, эч кандай өзгөрүү болбойт, мамлекет кризиске учурайт.

Өкмөт тарап, кайра жаңы өкмөт куралуу алдында турганда көпчүлүктү болочок өкмөт башчы ким болот деген суроого караганда, ал кандай иш алып барат деген суроо көбүрөөк кызыктырып тургансыйт. Айрым пикирлер боюнча, эң ириде өкмөт башчы президент менен аны сунуштап жаткан фракциядан көз карандысыз болуусу тийиш. Экинчиден, ал мамлекет, эл үчүн күйүп-бышкан инсан болуусу зарыл, үчүнчүдөн, саясий-экономикалык реформа дегенди түшүнүп, аны жүргүзө билүүсү керек.

“Жаш ишкерлер ассоциациясынын” төрагасы Руслан Акматбек болочок өкмөт башчы өлкөнүн өнүгүшү, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн иш алып барууга тийиш деп эсептейт:

- Жаңы келе турган премьер-министр реформаларды ишке ашыруу боюнча чечкиндүү кадамдарды таштоого тийиш. Азыр Кыргызстанда мурункуга салыштырмалуу ачык-айкындык боюнча жакшы иштер жүрүп жатат, бул багытта иштер уланышы керек. Демократия принциптерин тереңдетип, бир гана Бишкекте эмес, жалпы Кыргызстандын бардык аймактарын текши өнүктүрүүсү зарыл. Калктын жашоо-турмушун жакшырта турган кадамдарды ташташы керек. Бизнес жаатында болсо, жаңы өкмөт ишкерликке тоскоолдуктарды алып салып, өздөрү ага аралашпоосу тийиш.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү маселеси боюнча фракциялар бүгүн акыркы чечим кабыл алышы керектигин жана анын жыйынтыгы менен 27-мартта коалиция куралганы жарыяланышы мүмкүндүгүн билдирди.

Коалиция куроо мандатын алган Социал-демократтар фракциясы азырынча өзүнүн өкмөт башчылыкка талапкерин да, коалициянын курамына кирүүчү фракциялар тууралуу да оюн билдире элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG