Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Жаңы коалиция куроо түйшүгү


Жаңы түзүлгөн “Ырыс алды - ынтымак” коалициясына кирген үч фракциянын башчылары өкмөт башчылыкка талапкерлиги сунушталган Жантөрө Сатыбалдиев менен. Бишкек, 3-сентябрь, 2012.
Жаңы түзүлгөн “Ырыс алды - ынтымак” коалициясына кирген үч фракциянын башчылары өкмөт башчылыкка талапкерлиги сунушталган Жантөрө Сатыбалдиев менен. Бишкек, 3-сентябрь, 2012.

Президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги коалициялык көпчүлүк ыдырашына байланыштуу Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү отставкага кетирди.

Эми алдыда жаңы коалиция түзүү жана жаңы өкмөттү куроо милдети турат. Ал куралганга чейин Сатыбалдиев баштаган өкмөт милдетин аткаруучу болуп турмакчы.

Кайра эле Социал-демократтарбы?

Президент Алмазбек Атамбаев үч күндүн аралыгында жаңы коалиция түзүү укугун Жогорку Кеңештеги беш фракциянын бирине тапшырышы керек.

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин айтымында, ал бардык фракция башчылары менен бул маселени талкуулап, алардын пикирин президентке жеткирген:

- Мен бүгүнкү күндө “Ата Мекен”, “Ата-Журт”, “Ар-намыс” жана “Республика” фракцияларынын башчылары менен сүйлөштүм. Алар “башкаруучу көпчүлүктү куроо боюнча мандатты КСДПга эле тапшырган оң болот, логикага дагы ылайык келет, азыркы кырдаалга дагы жооп берет” деген ой-пикирлерин билдиришти. Мен аларды президентке жеткирдим. Президент азыр ойлонуп жатат. Бүгүн-эртең бул маселе боюнча тийиштүү чечим кабыл алынып, жарыя кылынат.

Буга чейин да бир канча жолу коалициялык көпчүлүктү түзүү укугу Социал-демократтарга берилген болчу. Жогорку Кеңештеги 5 фракция тең жаңы парламенттик көпчүлүккө кирип калуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. Маселен, оппозицияда болуп келе жаткан “Ата-Журт” фракциясы бул маселени 19-мартта фракциянын отурумунда талкуулады.

Бул фракциянын депутаты Курманбек Осмонов бирок азырынча кандайдыр бир чечим кабыл алынбаганын айтат:

- Бул маселени бүгүн фракцияда талкуулап, бирок ага кирүү же баш тартуу жөнүндө эч кандай чечим кабыл алган жокпуз. Президент жаңы коалиция түзүү боюнча кайсы фракцияга сунуш киргизет, ошондон кийин белгилүү болот.

Жогорку Кеңештеги парламенттик азчылыкты түзүп келаткан башка бир оппозициялык “Республика” фракциясы да жаңы башкаруучу коалицияга кирүүгө кызыкдар. Бирок анын шарттары боюнча расмий сүйлөшүүлөр баштала электигин фракциянын лидери Назарали Арипов маалымдады.

- Коалицияга кирем деген план бүгүн беш фракцияда тең бар. Бирок аны түзүү мандаты кимге берилет, ошого жараша болот. Ар бир беш фракциянын беш программасы бар. Ошондуктан баары сүйлөшүүлөргө жараша болот.

Өкмөт башчылыкка талапкерлер атала баштады

“Ата-Журт” да, “Республика” да сүйлөшүүлөрдө өздөрүнүн талаптарын коёт, бирок алар кандай талаптар болушу мүмкүн экендигин айтышкан жок. Деген менен буга чейинки башкаруучу көпчүлүктү түзүп келген үч фракция: “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана Социал-демократтар жаңы коалицияны өздөрү гана түзөт деген пикирлер арбын.

Ал аралыкта өкмөт башчы болушу мүмкүн деген адамдардын да аттары атала баштады. Алардын арасында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, спикер Асылбек Жээнбеков, Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков жана башка адамдардын ысымдары бар.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева буларга токтолду:

- Кыргызстанда, парламентте премьер-министр болчу татыктуу адамдар көп. Асылбек Жээнбековдун аты аталып жатат. Ал тизмеде Чыныбай Турсунбековдун да аты бар. Биз бардык саясий интригалардан алыс болуп, татыктуу адамды шайлап алышыбыз керек.

Жогорку Кеңештеги эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов аты аталып жаткандардын кимиси гана өкмөт башчылыкка келбесин реформа болоорунан күмөнсүп турат:

- Сатыбалдиев бир да реформа жасаган жок. Ал жасай албайт да болчу. Менин оюмча, азыр “Ата Мекен” же башкасы алып келген премерь-министр да реформа жасай албайт. Анткени, биздин системаны өзгөрө турган адамдар керек. Асылбек Жээнбеков, Жоомарт Оторбаевди алсак экөө тең реформа кылууну билбейт.

Парламент тарабайт, коалиция түзүлөт

Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов парламент тарашы мүмкүн деген сөздөрдү четке кагып, Жогорку Кеңештеги фракциялар жаңы көпчүлүктү түзүүгө өз мөөнөтүндө жетише алат деген ишенимде:

- Конституция боюнча башкаруучу коалиция түзүүнү президент бир фракцияга тапшырат, эгер ал он беш күндүн ичинде коалицияны курай албаса, башкасына берет. Эгер ал да түзө албай койсо, анда бардык фракциялар өздөрү кураганга бир жолу аракет кылып көрөт. Бирок бул үч аракетте тең майнап чыкпаса, анда парламент тарайт. Бирок менде биз ага жеткирбей эле башында эле коалицияны түзө алабыз деген 99 пайыз ишеним бар.

Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” башкаруучу коалициясы 18-мартта андан “Ата-Мекен” фракциясы күтүүсүз чыгып кеткенден кийин ыдыраган.

Аталган фракция кайрадан эле жаңы коалициянын курамына кириши мүмкүндүгүн депутат Ташболот Балтабаев четке какпайт:

- Ар кандай варианттар бар. Кеңешүүлөр аз-аздан баштала баштады. Алар боюнча жакынкы 3-4 күндө билинет.

Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз өкмөтүн туура бир жарым жыл башкарды. Бул кыска мезгил экенине карабай, аны бир жагынан Кыргызстанда өкмөт башчылык орунда узак отургандардын катарына кошсо болот. Айталы, эгемен Кыргызстандын тарыхында 26 адам премьер-министрлик кызматты аркалаган болсо, алардын ичинен бир канча ай, а түгүл 1-2 күн гана өкмөт башчы болгондор да бар. Өкмөттү эң узак жетектегендердин эң башында Апас Жумагулов турат. Ал 1993-95-жылдары иштеп, өкмөттү беш жылга жакын башкарган экен. Андан кийин эле узак мөөнөт өкмөт башчы болгондор Николай Танаев менен Игорь Чудинов. Танаев өкмөттү үч жыл башкарса, Чудинов эки жыл жетектеген. Дагы бир канчасы Жантөрө Сатыбалдиевге окшоп өкмөттү бир, бир жарым жыл гана башкарышкан.

XS
SM
MD
LG