Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Апта: Өкмөттүн "буйругу", президенттин "укуругу"


Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков
Президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

Узап бараткан жумада президенттик аппарат да Кумтөрдүн ишине аралаша баштады. Жаңы өкмөт башчы экономиканы буйрук менен көтөрүүнү чечти. Ислам Каримов Москвага иш сапары менен барды.

Кумтөргө президенттин "укуругу" неге созулду?

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун парламент төрагалыгына шайланышы менен Кыргызстанда бийлик бир кишинин, бир партиянын колуна топтолуп, бийлик вертикалы түзүлдү дегенге болот. Экинчи жагынан, бул вертикалдын алдында 2017-жылды кантебиз деген маселеден баштап, Кумтөр, экономика, тышкы саясат жана башка татаал маселелерди чечүү жана жалпы жоопкерчилик жүгү турат. Буларды чечүү багытында айрым кадамдар жасалып жатканы бийликтин акыркы кыймыл-аракеттеринен байкалууда.

Маселен, 28-апрелде капысынан эле УКМК, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура биргелешип “Кумтөр Голд Компани” ишканасын текшерүүгө киришти. Расмий маалыматтарда анда финансылык мыйзам бузуулар аныкталганга байланыштуу ушундай текшерүү жүргүзүлдү деп кабарланды.

Күч органдары “Кумтөр Голд Компани” жапырт текшерүүгө алып жаткан күнү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өткөн жыл боюнча отчет берип жатып, Кумтөр кени боюнча маселени чечүүгө президенттик аппарат да киришкенин билдирди. Ошону менен күч структуралары финансылык мыйзам бузуу эмес, жогору жактын буйругу менен "Кумтөрдү" текшерүүгө киришкени дароо эле ашкере болуп калды.

Кумтөрдө финансылык, экологиялык, коррупциялык жана башка мыйзам бузуулар буга чейин болуп келгени маалым. Анын бир мисалы 200 млн долларды которуп жиберүүгө тиешеси бар деп эки жылдан бери камакта отурган “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун кылмыш иши.

Президенттик аппарат, күч структуралары анда “Кумтөр Голд Компаниден” документтерди алып, тыкыр текшерүүгө алган эмес. Демек анда убакыт келе элек болгон. Эми убакыт келип калгандай. Президенттин түздөн-түз колунда турган күч структуралынын бирдиктүү чабуулуна караганда президент Атамбаев мөөнөтү бүткөнгө чейин Кумтөрдү бир жагына чечүүнү көздөп калдыбы деген суроо жаралат.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кумтөр маселесин чечүүдө азыркы бийлик кечикти деп, алардын бийлик башына келгенине алты жыл болгонун эске салды. Ал Кумтөр эки себепке байланыштуу текшерүүгө алынышы ыктымал дейт:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

- “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчилиги бардык документтерди бермек. Ал жерде жашыруу деле мүмкүн эмес. Ал жерде текшере турган эки жер бар. Бул сатып алуулар. Ишканада аябай көп өлчөмдө сатып алуулар болот. Мына ушул жерде чоң коррупция болушу мүмкүн. Мен аны билем. Экинчиси - “Кумтөр Голд Компани”​ массалык маалымат каражаттарына аябай көп акча бөлүп жатат деген сөздөр чыгып атпайбы. Бийлик ушул жагына да кызыгышы мүмкүн.

Юрист Мукар Чолпонбаев Кумтөр кени боюнча маселенин чечилбей келишин анда Кыргызстандын азыркы жана мурунку бийлик башчыларынын кызыкчылыгы болушу менен байланыштырат:

- Аягына чыкпай жатышында эки чоң маселеден. Биринчиден, ошол “Центерра голд инктин” акционерлери ким экени ачык айтылбай келатат. Ошолордун ичинде кыргызстандыктар канча, алардын үлүшү канча экени белгисиз. Ошол эле Сариев да, Жапаров да билет алардын ичинде Акаев баштаган адамдардын жана азыркы бийликте отургандардын үлүшү бардыгын. Ошолор тоскоолдук кылып келатат. Эми чыр чыкса, ал ачыкка чыгышы мүмкүн.

Күч түзүмдөрү текшерүүгө алган “Кумтөр Голд Компани” “Центерра голд инктин” Кыргызстандагы ишканасы. “Центерра голд инк" менен бир жылга турбаган Кыргызстандын бардык эле өкмөттөрү сүйлөшүү жүргүздү. Бирок маселе алдыга жылган жок.

Темир Сариевдин өкмөтү өткөн жылы Кумтөр боюнча сүйлөшүүдөн чыкканын жарыялаган. Ошол бойдон бул маселе туңгуюкта турат.

Кумтөр кени бюджетке 6 млрд сомдун тегерегинде салык төлөйт. Жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө олуттуу таасирин тийгизет. Быйылкы жылдан башынан бери Кумтөрдө иштин ыргагы төмөндөшү жалпы ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүнүн алсыз болушуна алып келүүдө. Кумтөр кенине ээлик кылган “Центерранын” Торонтодогу акциялары төмөн кетип, 8% жакынга арзандады. Канада бийлиги “Центерраны” текшерүүгө ала баштаганы да кабарланууда.

Жээнбеков экономиканы "буйрук" менен көтөрөбү?

Ошентип, Кумтөр маселесин чечүүнү президенттик аппаратка тапшырган Сооронбай Жээнбеков экономиканы буйруктар менен көтөрүүнү чечкендей. Ал өкмөт башына келгенден кийинки алгачкы жыйындарынын биринде экономика министри Арзыбек Кожошевге “экономиканы көтөрүүгө” буйрук берди. Экономика быйылкы жылдын үч айынын жыйынтыгы боюнча 5% ылдыйлап кеткени белгилүү.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Бул жагынан Кожошевге Улуттук статистика комитетинин жаңы башчысы Акылбек Султанов жардам бериши ыктымал. Ал Өзгөн районунда милиция кызматкерин уят жана орой сөз менен сөгүп жатып белгилүү болгону маалым. Бирок бийликтердин буйругуна жана каалоосуна карабай, Азия Өнүктүрүү банкы быйылкы жылы Кыргызстан экономикасы 1% төмөндөйт деп жатат.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле экспортко жол ачуу аргасын издеп, аны ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруудан жана чек арадан өтүүнү жеңилдетүүдөн көрүп жатканы маалым болду. Ал чек ара өтмөктөрүн жеңилдетүүнү, лабораторияларды курууну тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматы маалымдагандай, лабораториялар үчүн 9 млн. сом же 100 миң доллардан ашуун акча керек экен.

Бирок Кыргызстандын айыл чарбасы бытыранды болгондуктан кошуна өлкөлөр талап кылган көлөмдө жана стандартта айыл чарба продукцияларын бере албай жатканы маалым. Ал эми ирденип келаткан тоок фабрикалары, ун азыктарын өндүрүүчү комбинаттар Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөрдүн арзан товарларынын агымынан оор сокку алган.

Экономикалык каатчылык айрым ири долбоорлордун тагдырын оор жагдайга кириптер кылды. Маселен, ошол эле Темир Сариевди кызматтан кетүүгө мажбур кылган Балыкчы-Корумду жолу үчүн 7 млрд сомго жакын акча кайдан алынары белгисиз. Аны Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде парламентте билдирди:

- "Мегаком" сатылбай турат. 11-майда инвестор келеби, келбейби, белгисиз. Бул маселе оор бойдон турат. Жолду көрүп келдим. Көпүрө алынып, жолдор казылган. Кээ бир айылдар жабылган. Айланып өтүп жатат. Ал компания Кыргызстан келишимди бузуп, 680 млн. сомду бербей койгон кезде да 180 млн сом менен көп ишти аткарган. Ал компанияда күнөө жок. Күнөө акчасы жок баштап койгондо болуп жатат.

Темир Сариев "Мегакомду" сатып, андан түшкөн акча менен 104 чакырым келген Балыкчы-Корумду жолун курууну чечкен. Бирок "Мегаком" азыркы кезде сатылбай турат. Аны Мүлк фонду 18 млрд сомго баалап, саттыкка койгон. Бузулган жол менен Кыргызстан быйыл Ысык-Көлдө туристтик сезонду кандай өткөрөт деген маселе да жаралат.

Темир Сариевге чабуул жол боюнча эле эмес энергетика тармагы боюнча коюлуп жатат. Сариевди келерки жылдагы президенттик шайлоодо мүмкүн болуучу атаандаш көрүп жаткан "Республика - Ата Журт" фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов Сариев өкмөт башчысы кезинде жоюлуп кеткен Энергетика министрлигин калыбына келтирүү талабын койду:

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

- Тез арада Темир Аргембаевич таш-талканын чыгарган Энергетика министрлигин калыбына келтириш керек. Энергохолдинг деген болбойт. Бул биздин расмий билдирүүбүз. Кайрадан карап чыгыңыз. Экономика, өнөр жай жана энергетика министрлиги дейсиз. Кожошев экономика менен иштейби, өнөр жай менен иштейби же энергетика менен иштейби?

Республиканын энергетика тармагы болсо кризис жана коррупциядан чыга элек. Быйылкы жылы республика кошуна мамлекеттерден электр энергиясын сатып алууга аргасыз болот. Ошол эле Энергохолдингдин маалыматы боюнча Казакстандан 218 миллион киловатт саат электр энергиясын 9 теңгеден сатып алат. Республика ошондой эле Тажикстандан дагы электр энергиясын сатып алууда.

Энергохолдингдин дарегине “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев да сынын айтты. Бирок Сариев өкмөттүн структурасын жана курамын парламентке сунуштаганда Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика Ата-Журт” да, Канат Исаев жетектеген “Кыргызстан” да каршылык билдирбестен, колдоп берген. Ошондуктан алардын сыны ириде келерки жылы президенттик шайлоодо мүмкүн болуучу атаандашты алсыратууга багытталганы байкалат.

Президенттик шайлоонун шоокуму байкалып калганын тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев да эскертип, азыркы президентти “бийликтен кетип бараткан” адам катары мүнөздөдү. Анын айтымында, КСДПнын өкүлдөрү өкмөт, парламент башына келиши мына ошол “кетип бараткан президенттин” бийлигин компенсациялашы керек.

Кызматтан кеткенден кийин сынга көбүрөөк кабылып жаткан Темир Сариев парламентте анча-мынча колдоочуларын тапкандай болууда. Маселен, аны “Бир бол” аркылуу парламентке келген мурунку өнөктөрү Бакирдин Субанбеков, Чолпон Жакупова колдоодо. Ошондой эле “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Тынчтыкбек Конушбаев да Сариевди колдоп үн катты. Бул жакындашуулар жалпы эле “Бир бол” фракциясы менен Темир Сариевдин ортосунда саясий союздун жаралышына да алып келиши мүмкүн.

Трамптын заманыбы?

Узап бараткан жума дүйнөлүк жана регионалдык саясатта да урунттуу окуялар көп болду. Кошмо Штаттарда беш штатта өткөрүлгөн праймериздин жыйынтыгы Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын өз партияларынан расмий талапкер болууга жакындатты.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

“Талапкер болорум чечилип калды” деген Дональд Трамп тышкы саясий доктринасын жарыялады. Анын негизги урааны “Эң башкысы Америка” экени айтылды. Ал эми Орусия менен сүйлөшүүгө аракет жасалат. "Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдардын күнү бүтөт деген Трамп, коопсуздугун камсыздоо үчүн Европадагы жана Чыгыштагы өнөктөр коргонуу тармагына чыгашасын көбөйтүш керек деди.

Азыркы кезде Дональд Трамп талапкер болуу үчүн талап кылынган 1237 добуштун миңге чукулун камсыз кылды. Алдыда да Калифорния, Индиана, Вашингтон сыяктуу ири штаттарда жана бир катар чаканыраак штаттарда праймериз болот. Ошондой эле Хиллари Клинтон да беш штаттын төртөөндө жеңишке жетишип, Демократиялык партиядан талапкер болууга жакындады. Мына ушул калган штаттарда Трамп жана Клинтон айымдын жеңишке жетишүүсү алардын өз партияларынан талапкер болуусун камсыздайт.

Республика жана Демократиялык партиялардын курултайы июль болот. Ошондо талапкерлер тандалат. Президенттик шайлоонун өзү болсо ноябрь айында болот.

Каримовдун Москвага сапары

Регионалдык саясатта Өзбекстан президенти Ислам Каримов 25-апрелде Москвада эки күндүк сапар менен болду. Орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө соода-экономикалык жана регионалдык коопсуздук маселеси көңүл борборунда болду. Ислам Каримов Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн сүйлөшүүлөргө Москва сөзсүз тартылыш керектигин, Ооганстандагы туруксуздук жалпы регионго жайылуу коркунучу бар экенин эскертти:

Каримов менен Путин
Каримов менен Путин

- Ооган маселесин чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө Орусия Федерациясынын өкүлдөрүн чакыруу максатка ылайыктуу болмок.

Ислам Каримов сүйлөшүүлөргө Орусияны тартпоо чоң катачылык экенин кошумчалады.

Ооганстанда кырдаал болсо, оор бойдон калууда. Кундузга чабуул, андан кийин ондогон адамдардын өмүрүн алган, жүздөгөн адамдарды жарадар кылган Кабулдагы теракттар ооган президенти Ашраф Ганини Пакистандын дарегине кескин билдирүүлөр менен чыгууга аргасыз кылды. Ашраф Гани Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө алып келүүгө аракеттенбей, өзүнүн аймагында жайгашкан талиптерге каршы аскерий операцияларды жүргүзүшү керек деди.

Ооганстан маселесин чечүү үчүн быйылкы жылдын башында АКШ, Кытай, Пакистан жана Ооганстандын катышуусу менен сүйлөшүү башталган. Бирок талиптер ал сүйлөшүүгө катышуудан баш тартып, өздөрүнүн шартын койгон. Ал шарттар аткарылган эмес. Ошондуктан сүйлөшүү үзгүлтүккө учурап, апрель айынын башында талиптер жазгы чабуулун баштаганын жарыялаган.

Борбор Азиядагы эксперттер Ислам Каримовдун Ооганстандагы туруксуздук жалпы регионго коркунуч келтирет деген пикирине кошулат. Генерал Токон Мамытов коркунуч реалдуу дейт:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

- Өзгөчө ооган-түркмөн, ооган-тажик, ооган-өзбек чек араларында кырдаал курчуп келатат. Мурда эл аралык эксперттер бул чөлкөмдөрдө 5 миңдей жоочу бар десе, азыр орус эксперттери 7-8 миңдей жоочу даяр турат деп жатат. Алар Фергана өрөөнүн дестабилдештирүүгө даяр турганы айтылууда.

Казакстандык саясатчы Амиржан Косанов регионго ооган тараптан коркунуч реалдуу дейт, ошол эле учурда региондогу мамлекеттердеги экономикалык кризис жана тоталитардык режимдер өздөрү туруксуздуктун булагы дейт:

- Ошо региондогу демократиялык жараянга да байланыштуу. Ошол тоталитардык, авторитардык түзүлүш болуп, бийлик алмашпагандан кийин элдин нааразылыгы күчөйт. Сырттан келген күчтөр ошол нааразылыкты пайдаланат.

Казакстан демекчи, Казакстанда узап бараткан жумада бир катар митингдер орун алды. Алар бийликке каршы багытталбаса да, бийликтин жерди узак мөөнөткө ижарага берүү максатына каршы багытталды. Атырау облусунда жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, жерди сатууга жол бербейбиз деген позицияны билдиришти.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG