Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Апта: кыз-жигиттей сынашкан партиялар


2010-жылдын 21-сентябрында өткөн шайлоо алдында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарнамасы.
2010-жылдын 21-сентябрында өткөн шайлоо алдында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жарнамасы.

Узап бараткан жумада “Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир бол” партиялары биригерин жарыялашты. Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Өкмөт электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифтерди бекитти.

Узап бараткан жумада “Бүтүн Кыргызстан” жана “Бир бол” партиялары биригүү жараянын баштаганын жарыялашты. Адахан Мадумаров жана Алтынбек Сулайманов жетектеген эки партиянын биригүүдөгү максаты -келерки жылдагы парламенттик шайлоодо ийгиликке жетишүү жана андан кийинки президенттик шайлоодо ат салышуу экени маалым.

Биригүү менен бул партиялар өз максаттарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүн бир топ көбөйтүшөт жана бири-биринин кемчиликтерин толукташат. Маселен, бириккен партиянын саясий лидери, туусу болуу милдетине Мадумаров ылайык болсо, "Бир болдун" жер-жерлердеги баштапкы уюмдарын түптөгөн жана колунда акчасы, уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү жогору саясатчылар бириккен партиянын арка-бели болуп бере алат.

Регионалдык контексттен алганда, бул топ түндүк региондон оор салмактуу саясатчыларга муктаж. Ал боюнча сүйлөшүүлөр алдыда дагы жүрөрү талашсыз.

10-октябрь, 2010-жыл
10-октябрь, 2010-жыл

Жалпы эле партиялар ортосунда биригүү боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатканын “Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбеков билдирди:

- Биригүү жараяндары дагы болот. Ал жүрүп жатат. Кыргызстанда 190 партия бар экен. Көп партиялар менен кеңешип, биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөр бизде да болуп атат. Кыш, жаз айларында биригүүлөр болот деген ойдомун. Азыр бири-бирибизди кыз-жигиттей сынашып, карашып жаткан кезибиз.

“Бүтүн Кыргызстан” менен “Бир болдун” биригүүсү узап бараткан жума ичиндеги келерки парламенттик шайлоону көздөгөн жалгыз эле саясий жүрүш болуп калган жок. Бийлик тараптан да шайлоо багытында тийиштүү кадамдар жасалды. Маселен, Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев шайлоочулардын тизмесин түзүү Борбордук шайлоо комиссиясынан Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилерин билдирди.

Башкаруучу коалициядагы фракциялардын лидерлери Чыныбай Турсунбеков жана Феликс Кулов шайлоодо парламентке өтүүнүн босогосун 7 пайыздан 10% көтөрүүнү демилгеледи.

Чыныбай Турсунбеков бул кадамды мамлекетте туруктуулук орнотуу максатында деп билдирди:

- Көп партиялуулук албетте жакшы. Ошондой атаандашуу бар. Бирок ал партиялар өтө эле майдаланып кетсе, Жогорку Кеңеште туруктуулукту бузарын азыркы кырдаал көргөзүп атат. Ошон үчүн Жогорку Кеңеште ондон ашык партия эмес, бир онго жетпеген партия болсо деген негизги тилектердин бири. Анан ошол аркылуу майдалануудан, бөлүнүүдөн чыгып кетебизби, партиялар ирилешеби деген тилек.

Шайлоо участогу. Кыргызстан.
Шайлоо участогу. Кыргызстан.

Оппозициялык саясатчы Улукбек Ормонов парламентке өтүү босогосун 10% көтөрүүнү бийликтин өз партияларын өткөрүү үчүн жасалган даярдык катары баалады:

- Бул албетте ошол жаш партияларга оорчулук. Бир жагынан жаштар келсин деп кыйкырып атышат, экинчи жагынан оппозициялык күчтөргө коюлуп жаткан тоскоолдуктун бири болуп эсептелет. Менин маалыматым боюнча, көп эле өлкөлөрдө 5% босого менен шайлоо болуп жатат, а бизде 10% кантип көтөрүшөт? Экинчи жагынан биометрикалык маалыматсыз шайлоого кирбейт деп, жыландын башын кылтыйтып атышат. Кыргызстандагы 3 млн. шайлоочунун 1 миллиону гана өтүп калса кандай болот? Менин оюмча, булардын баары туура эмес. Мунун баары азыркы бийликтин шайлоону өзүнө ыңгайлуу кылып аткан аракетинин бири.

Келерки парламенттик шайлоону көздөгөн жүрүштү “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да жасады. Ал Ошто партиялык жыйын өткөргөндөн кийин Москвага сапар алды. Москвада Өмүрбек Текебаев Кремлдин көңүлүнө жага турган билдирүүлөрдү жасап, Европаны тескерисинче сынга алды.

“Ата Мекендин” лидеринин Орусияга оошу Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына Орусия менен Батыштын таасири кандай болорун таразалаган эле эмес, буга чейинки шайлоолордун жыйынтыктарын, сабактарын да эске алган кадам болду десек жаңылышпайбыз.

Көп партиялар менен кеңешип, биригүү жөнүндө сүйлөшүүлөр бизде да болуп атат. Кыш, жаз айларында биригүүлөр болот деген ойдомун.
Аскар Салымбеков

Бирок КСДП менен “Ата Мекендин” атаандашуусунда Өмүрбек Текебаев көбүрөөк жоготууларга учурап калууда. Маселен, Текебаев шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүдө, тагыраак айтканда, тогуз шайлоо округун түзүү максатына жетпей калууда. Андан сырткары “Ата Мекендин” кадрлары акырындап таасирлүү кызматтардан четтетилүүдө. Үчүнчү олуттуу сокку “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго козголгон кылмыш иши болуп чыгат.

Маалым болгондой, өз алдынча шайлоого катышууга дурустап жетиле элек Мелис Мырзакматов үчүн “Ата Мекен” менен кол кармашуу алгылыктуу вариант болуп турган. Эки тараптан жакындашуу аракеттери да жасалып келаткан. Ошондуктан Мелис Мырзакматовдун “саясий оюндан” чыгарылышы Өмүрбек Текебаев үчүн да урулган сокку болуп калат.

Бийликтин орчун кадамы

Бийлик дагы Кремл менен жакындыгын көрсөткөн кадам жасады. Президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 24-ноябрда Кыргызстандын каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жана Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун түзүү келишимине кол койду.

Кыргыз президенти Атамбаев менен орус президенти В. Путин.
Кыргыз президенти Атамбаев менен орус президенти В. Путин.

Ал фондго Орусия тараптан декабрь айында 100 млн. доллар которулат. Андан кийин Москва 2016-жылдын июнь айына чейин дагы 400 млн. доллар берет. Өнүктүрүү фондуна Орусия ошондой эле Дүйнөлүк банк аркылуу дагы 500 млн. доллар насыя тартуу милдетин алды.

Кыргыз бийлиги бул фонд аркылуу агро өнөр жай, тигүү, кайра иштетүү, тоо кен, транспорт, турак жай жана инфраструктура багытындагы долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Парламенттик шайлоо алдында бийлик үчүн бул табылгыс олжо.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов фондду түзүүнү Орусиянын Кыргызстанды колдоосу катары баалады:

- Албетте азыркы кезде биздин мамлекетебиз, элибиз кыйналып жатканда Орусия ошондой фонд түзүп, ага акча бөлүп жатат. Бул мамлекетти эле эмес, жалпы кыргыз элин колдоо иретинде жардам көрсөтүлүүдө. Алардын максаттары жакшы. Бажы биримдигине кирүүдө элге жеңилдик болсун, өндүрүш ачылсын, өнүгүү болсун деген максатта берип жатат. Ошону канчалык деңгээлде биз пайдаланып, элге жеткирип, натыйжа жасай алабыз - кеп ошондо.

Москва
Москва

Өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратовдун билдирүүсүнө караганда, кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун Директорлор кеңеши жетектейт. Анын беш мүчөсүнүн үчөө орус тараптан, экөө кыргыз тараптан болот. Экинчи тепкичтеги жетекчилик - бул Башкармалык. Анын үч мүчөсү кыргыз тараптан болсо, экөө Орусия жарандары болот.

Кыргыз-орус Өнүктүрүү фондун Орусиянын Эсеп палатасы текшерүүгө укуктуу болот. Бул бир жагынан кыргыз бийлигине ишенбөөчүлүктү көрсөтсө, экинчи жагынан каражаттын коррупциялык жолдор менен таланып кетпөөсүнө кепил болот.

Электр энергиясына жаңы тариф

Өкмөт электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифти бекитти. Ал 1-декабрдан тартып күчүнө кирет. Жаңы тарифке ылайык, калк 700 кВт саат электр энергиясына чейин мурункудай эле 70 тыйындан, андан ашкан өлчөмүнө 2 сом 5 тыйындан төлөй баштайт. Коммерциялык керектөөчүлөр 2 сом 47 тыйындан төлөшөт.

Өкмөт алдындагы Отун-энергетика тармагын жөнгө салуу боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Миргүл Айдарова 700 кВт сааттан ашкандан кийин эмне үчүн мурун айтылгандай 1 сом 20 тыйындан эмес, 2 сом 5 тыйындан төлөнүшүн мындай түшүндүрдү:

- Бир айда 700 кВт саат алса, 70 тыйындан төлөй баштайт. Андан көбүрөөк алса, маселен 701, анда башка тариф менен эсептеле баштайт. Эгер импорттук электр энергиясы келсе, анда калк 2 сом 5 тыйындан төлөйт. Эгерде импорттук электр энергиясы кирбесе, анда мурунку тариф менен 1 сом 20 тыйындан төлөйт. Бул тариф кийинки жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Импорттук, тагыраак айтканда Казакстандын электр энергиясы Кыргызстанга 5 сом 61 тыйындан сатылат. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев казак тогун алуу жакынкы күндөрү башталарын 26-ноябрда билдирди:

- Казакстан менен жетишкен келишимге ылайык, импорттук электр энергиясын алуу үчүн биз алдын ала төлөм жасашыбыз керек. Мына ушуга байланыштуу акча каражатын табышыбыз керек. Өкмөттүн чечимдерин чыгарып, жакынкы күндөрү акчаны которуп, электр энергия ала баштайбыз. Казак электр энергиясынын баасы 5 сом 61 тыйын. Бул өтө кымбат. Ошондуктан биз аны өзүбүздүн электр энергия менен аралаштырып, 700 кВт. сааттык лимиттен ашкан керектөөчүлөргө 2 сом 5 тыйындан сатабыз.

Жаңы тарифтер электр энергиясына эле эмес, жылуулук жана жылуу сууга да тиешеси бар. Жылуулук үчүн тарифте “санитардык норма” деген түшүнүк алынып салынып, бирдиктүү баа киргизилди. Ал тууралуу Миргүл Айдарова буларды билдирди:

- Биз жылуулук компаниялардын жетекчилерин чогултуп, элден түшүп жаткан сунуштарды айтканбыз. "Эки тепкичтүү жана катталган адамдарга жараша тариф элге жакпай жатат, экинчи тепкичти алып койгула" деп айттык. Ошентип бир чечимге келдик. 1-декабрдан баштап кирген тарифтер жылуулукка 917 сомдон болот. Мурункудай эле үйдүн аянтына саналат.

Бул мурунку тарифге караганда 30% жакынга кымбаттоо. Апрель айынан тарта жылуулук үчүн тариф дагы көтөрүлүп, 1134 сом болуп калат.

Жаңы тариф саясатында керектөөчүлөр бир фазалуу, үч фазалуу деп бөлүнгөн эмес. Керектөөсүнө жараша төлөө каралган.

Миргүл Айдарованын айтымында, жаңы тарифтердин кириши менен энергетика тармагындагы финансылык маселе чечилбейт. Анткени өзүн өзү актаган тариф деп быйылкы жылы 1 сом 20 тыйын эсептелген. Ал эми калкка бериле турган электр энергиясынын баасы болсо 70 тыйын бойдон калууда. Бул чыгашынын 58% гана жабат.

Улуттук оппозициялык кыймыл өкмөттүн жаны тариф саясатын кескин сынга алып, калкты нааразылык акцияларына чыгууга чакырды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG