Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Тандап иш козгоонун таржымалы


Башкы прокуратура 24 абитуриентти Кыргыз - орус славян университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Башкы прокуратура 24 абитуриентти Кыргыз - орус славян университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратура билим берүү министри Канат Садыков менен Кыргыз-орус славян университетинин ректору Владимир Нифадьевди кызматынан бошотуу боюнча өкмөткө өтүнүч келтирди.

Буга аталган окуу жайга 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу фактысы себеп болду. Бирок мына ушул эле иш боюнча парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголуп, ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып коюлууда. Талдоочулар мында тергөө бир эле иш боюнча эки башка тарапка тандап мамиле кылганын сынга алышууда.

“Каргашалуу” кайрылуу

Буга чейин Башкы прокуратура тесттеги баллы жетпеген 24 абитуриентти Кыргыз - орус славян университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аларды окууга кабыл алууга парламенттин Билим берүү жана маданият комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин билим берүү министрине жазган кайрылуусу негиз болгон. Ошондуктан тергөө органдары депутатты бул ишке катышы бар деген негизде эки берене менен кылмыш ишин козгогон болчу.Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев ал болгону өтүнүч жөнөткөнүн гана айтып, коюлган айыптоону четке каккан болчу:

- Ата-энелердин жана айрым депутаттардын кайрылуусунун негизинде ал балдарды окуу жайга кабыл алуу маселесин карап чыгуу боюнча арыздар тиркелген кайрылуу кат жөнөткөмүн. Анын министрлик кабыл алып, тиешелүү окуу жайдын жетекчилигине жиберген. Депутаттын макамы боюнча мыйзамга ылайык мен жарандардын арызын канааттандырышым керек болчу. Анан эми ошону көбүртүп-жабыртып жатышпайбы.

Осмоналиев: Мага кылмыш иши негизсиз козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Тутулган менен кутулгандын аралыгы

Бирок укук таануу жаатындагы адистердин айтымында, депутат абитуриенттерди мыйзамсыз окууга кабыл алуу маселеси менен кайрылган учурда деле билим берүү министри аны карап чыгып, андан баш тартууга акысы бар болчу. “Эгерде бул иште чын эле мыйзамсыздык аныктала турган болсо, өзүнүн тикелей буйругу менен аны ишке ашырган министр Садыков менен, ректор Нифадьев биринчи кезекте жооп берүүгө тийиш эле” деп билдирди Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, азыркы депутат Курманбек Осмонов:

- Чечимди министр чыгарып аталган окуу жайга жөнөтүп, аны ректор өзүнүн буйругу менен ишке ашырып жатпайбы. Мына ошол депутаттын кайрылуусунун негизинде буйрук чыгарган. Бирок мына ошол кайрылууну мыйзамдуу деп эсептеп туруп, анан чечим кабыл алынган да. Болбосо кайрылуу мыйзамга жатпайт деп кайра артына кайтарууга аларга эмне тосокоол болду? Депутаттын аларды мажбурлап мына ошол өтүнүчтү аткартууга ыйгарым укугу жок да.

Буга чейин депутат Каныбек Осмоналиев билим берүү тармагындагы бир катар калпыстыктар жана өксүктөр тууралуу парламентте маселе көтөрүп келген. Ошондой эле соңку мезгилде мамлекеттик кызматчылардан мурун мугалимдердин маянасын жогорулатууну демилгелеген болчу. Укук коргоочу Качкын Булатов кылмыш ишин тандап козгоо менен бийлик айрым абройлуу депутаттардын үшүн алууну көздөп жатат деди:

- Мыйзамдын талаптарын булар каалаган учурда каалаган адамга каалагандай колдоно баштады. Муну менен бийлик өзүнө ыңгайсыз саясатчыларды шайлоонун алдында желкелеп алууну көздөгөнү көрүнүп калды. Мына ошол депутат Осмоналиевдин ишин мисалга алсак, мыйзам боюнча кылмыш иши абитуриенттерди мыйзамсыз окуу жайга кабыл алган ректордон, ага багыт берген министрден башталууга тийиш болчу. Анан эми аларга тийишпей туруп, депутаттын кайрылуусунун негизинде мына ошондой кылмыш болгон деп аныктама чыгарышканы туура эмес.

Иш козгоонун ордуна кызматтан алууну сунуштоо

Бирок мындай доомат менен прокуратура органдары макул эмес. Баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу бул кылмыш ишин саясатташтырбоого чакырды:

- Бул жерде эч кандай саясат жок. Андан саясат издөөнүн өзү туура эмес. Бул кадимки эле кылмыш иши. Бул жерде окуу жайга кабыл алуунун шарттары одоно бузулган. Бул боюнча кайрылуу болуп, ошонун негизинде мына ошондой мыйзам бузуу иши катталып жатпайбы.

Бирок Башкы прокуратура коомчулуктагы катуу сын-пикирден соң бул кылмыш иши боюнча билим берүү министри Садыков менен ректор Нифадьевдин аракеттерин мыйзамсыз деп тапты. Бирок башкы көзөмөл органы бул ишке байланыштуу аталган кызмат адамдарын жумуштан алууну өкмөткө сунуштоо менен гана чектелди. Бул маселе боюнча билим берүү министри Канат Садыков Азербайжанда иш-сапарында болгондуктан комментарий ала алган жокпуз. Ал эми Кыргыз-орус славян университетинин ректору Нифадьев бул маселе боюнча өз пикирин билдирүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG