Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Митингдер парады


Кыргызстанда саясий кырдаалды курчутуу аракети жасалууда. Бул үчүн “Республика” партиясы Бишкекте мэрди кызматтан кетирүү демилгесин көтөрсө, “Ата Журт” партиясы Ошто, Жалал-Абадда, Караколдо митинг уюштурду.

Күндүн жылышы менен Кыргызстанда митинг жана пикеттердин саны арбыйт деген божомолдор чындыкка айланууда. Маселен, 5-мартта Каракол, Ош, Жалал-Абадда камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабы менен митингге чыгышты.

Жалал-Абадда митингчилер облустук администрациянын имаратына кирип барышып, ал жерден чыкпай отурушат. Алар 6-марттан тарта Жалал-Абад шаарында боз үйлөрдү тигип, мөөнөтсүз митинг жарыялоо максатында экенин кабарчыбыз маалымдады.

Региондордогу митингдер келерки жумада Бишкекте борбор мэри Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү аракети менен коштолмокчу.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкуловдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча шаардык кеңештин кезексиз сессиясы келерки жуманын башында болот:

- Кезексиз сессиянын мөөнөтүн расмий түрдө жарыялай элекпиз. Фракция жетекчилери менен да кеңешип көрөбүз. Бирок 11-мартка белгилейбиз деп ойлойм. Сессия сөзсүз түрдө чакырылат.

Бишкек шаар мэрине ишеним көрсөтпөө демилгесин шаардык кеңештеги “Республика” фракциясы көтөргөн. Бул фракциянын лидери Мирлан Жеенчороев жуманын башында боло турган сессия митинг, пикеттер менен коштолбой турганын билдирди. Ал эми мэрге ишеним көрсөтпөө ишке ашышы үчүн депутаттардын үчтөн экисинин добушу керек дейт Жеенчороев:

- Депутаттардын үчтөн экисинин добушу керек. Депутат коллегаларыбыздын баары сүйүктүү шаарыбызда жашайт. Алар шаардын абалын көрүп турушат. Сессияда да биздин айта турган сөзүбүз болот. Ошондуктан коллегаларабыз жашыруун добуш берүүдө өздөрүнүн ички дүйнөсү менен кеңешип, чечим кабыл алышат деп ойлойм.

Төрт фракциядан турган Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Фракциялар ичинен КСДПнын 21 депутаты, “Республиканын” 11 депутаты, “Ата Мекендин” 7 депутаты, “Замандаштын” 5 депутаты бар.

Жалпы бийликке нааразылык Бишкекте мэрге карай багытталып жатканы маалым. Ошондуктан борбордук бийлик үчүн да бул жагымдуу жагдай эмес. Бирок борбордук бийлик депутаттардын колу менен популярдуу эмес мэрди кызматтан алып, нааразылыктын толкунун басууга кызыкдар.

Мэрге каршы акциядан бир көрүнүш
Мэрге каршы акциядан бир көрүнүш
Бул арада “Кыргызстанды сактоо” кыймылы 13-мартка Бишкекте курултайын белгилеп, анда жалпы республикалык талаптарды коюуга камданууда. Бул талаптар 5-мартта Каракол, Жалал-Абад жана Ошто коюлган талаптар менен үндөш болот.

“Багдадда баары тынч эместигин” 5-мартта Жалал-Абадда кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынын бири делген Бокенин атып өлтүрүшү да тастыктап турат. Бийлиги менен кылмыш дүйнөсү канатташ жүрүп калган Кыргызстанда бул окуя да көп нерседен кабар берет.

Саясат таануучу Марс Сариев жалпы кырдаал бийлик үчүн коркунуч туудура тургандай эмес, бирок баары жайында деп отура тургандай да эмес деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG