Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Ошто өкмөттөн батир күткөндөр көчөгө чыкты


Ош шаарында жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр, 1-август, 2012-жыл
Ош шаарында жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр, 1-август, 2012-жыл

Ош шаарында 2010-жылдын июнь коогасында жакындарынан ажыраган 10дон ашуун жаран нааразылыкка чыкты. Алар өкмөт курган үйлөр эмне үчүн жабыркагандарга текши берилбей жаткандыгын түшүндүрүп берүүнү талап кылышты. Оштун муниципалдык башкармалыгы батирлер жуманын аягына чейин берилет деп убада кылды.

Ош шаарында нааразылыкка чыккандардын айтымында, алардын баарына бекер батир берүү жөнүндө токтомду өкмөт май айында чыгарган. Бирок ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолор менен батир бериле элек. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы 25-декабрда батирлер берилет деп билдирген. Бирок бул күнү да күткөндөрдүн үмүтү акталган жок.

Мыйзамдуу батирин ала албай жүргөндөрдүн арасында жаңжалда уулунан ажыраган 75 жаштагы Огулхан Раимжанова дагы бар:

- Май айында сентябрда беребиз дешти, анан августта дешти. Акыркы жолу ноябрь-декабрда беребиз дешкен. Мына бүгүн 26-декабрь, бир кабинеттен экинчисине, кабаттан кабатка жиберишүүдө. Жададык. Чарчадык.

8 айдан бери батир ала албай убара тартып жүргөндөр түшкү саат экиге чейин акцияны улантышты. Муниципалдык менчик башкармалыгынан алардын арыз-муңун укканы эч ким чыккан жок. Акциянын катышуучуларынын бири Талант Аттокуров өз укуктары үчүн тынбай күрөшөөрүн «Азаттыкка» айтты:

- Биздин нааразылык токтобойт, күнүгө келип арыздана беребиз. Жабырлануучулар митинг-пикеттерди уюштуруп, телекөрсөтүү аркылуу күнүгө кайрылууларды жөнөтө беребиз. Эгер кыргызстандык жетекчилер чечпесе, эл аралык укук коргоочуларга арызданабыз. Улуттар Уюмуна чейин арызданабыз.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчи орун басары Абдумуталип Калбековдун айтымында, нааразылыкка чыккандардын талаптары орундуу. Учурда Ош шаарында мыйзамдуу батирин ала албай жүргөндөрдүн саны жетимиштен ашат.

- Дирекция үй куруп жатканда ошол жарандарга берүү мамлекеттик комиссия тарабынан чечилген. 1 бөлмөлүү батирлер жетпей калган. Ошол себептен 70тен ашуун жарандарга 1 бөлмөлүү батирлер бөлүнбөй калган. 28-ноябрда мамлекеттик комиссиянын акыркы отуруму болду, дүйшөмбү күнү Бишкектен мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору коюлган протокол келди. Эми ошол протоколго киргендерди таап, тактап жатабыз. Ушул жекшемби күнү ачкычтарды берели деп турабыз.

2010-жылы июнда Ош менен Жалал Абадда болгон кагылышта жүздөгөн адамдар набыт кеткен. Анда жакындарынан ажыраган жана жараат алган 943 адам өкмөттөн бекер батир алууга арыз берген.

Андан бери эки жыл ичинде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы көп кабаттуу 11 үй курган. Жалпы батирлердин саны 573. Ушул күнгө чейин жаңжалда жабыр көргөн 395 жаранга батир берилди. Жакын арада дагы 185 адамга батир берүү маселеси шаардык муниципалдык башкармалык тарабынан каралууда.

XS
SM
MD
LG