Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Ташанов: Кворум болбосо, мэр шайланбайт


15-январда Ош жана Бишкек шаарларынын башчыларын шайлоо болот. Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясы Кубанычбек Кулматовду, Ошто коалициялык көпчүлүк Айтмамат Кадырбаевди алып чыкты. Ош шаарынын мэрин шайлоого көз салган талдоочу Руслан Ташановду кепке тарттык.

“Азаттык”: Ош шаары боюнча суроо берсек, негизги таймаш Мелис Мырзакматов жана Айтмамат Кадырбаевдин ортосунда болгону калды окшойт. Эки талапкер шайлоодо кандай тактикаларды колдонот деп ойлойсуз?

Ташанов: Жалпыңыздарга маалым болгондой, Ош шаардык кеңеште башкаруу коалициясы өзгөрдү. Ошого ылайык күчтөрдүн тең салмактуулугу башка жакка ооду. Күч азыр Мелис Мырзакматов тарапта болбой калды. Эки тарап тең добуштарды сатып алганга аракеттенет деп айтууга негиз бар. Себеби кимдин мэр болушу депутаттардын добушунан көз каранды. Ар бир тарап каршы тараптан депутаттарды сатып алууга аракет жасайт.

Экинчиден, бийлик өз колундагы рычагдарды пайдаланууга аракеттенет.

Жалпысынан алганда Мелис Мырзакматовду Ош шаарындагы тургундары колдойт. 15-январда Оштун борбордук аянтында эл чогулбайт деген кепилдик жок. Алардын саны көп болушу да мүмкүн. Андан сырткары атчандар да келет деген маалыматтар бар. Ошондуктан алар аркылуу да депутаттарга басым жасалышы мүмкүн.

"Азаттык": Эки негизги талапкер, Мырзакматов да, Кадырбаев да өз убагында Бакиевдин бийлиги учурунда иштеген кишилер эле. Керек болсо жакын дос да болгон. Эмнеге алар бүгүн эки тарапка бөлүнүп калды?

Ташанов: Ооба, экөө тең Бакиевдин командасында иштеген. Алардын ортосундагы негизги карама-каршылыктар биздин көз карашыбызда 2010-жылдын 12-майында пайда болгон. Айтмамат Кадырбаев облустук администрациянын имаратын ээлеп алууга аракеттенген. Кийин ал бийликчил күчтөр тарабынан айдалып чыккан. Бирок азыр "бакиевчи" жана "акаевчи" деген тема эч нерсени чечпейт. Маселе - ким эртерээк Атамбаев тарапка ыктап, ким кечирээк ооп жатканында. Эки талапкердин тажрыйбасы же басып өткөн жолунда принципиалдуу айырмачылык жок.

"Азаттык": Депутаттардын добушу 500 000 долларга жетти деген маалымат бар?

Ташанов: Мүмкүн. Бирок ага далилдер жок. Андай эмес деп айта албайм. Бирок добуш сатып алуу аракети эки тараптан тең жүрүп жаткан кез.

"Азаттык": 15-январда шайлоо болобу же Мырзакматов көзөмөлдү жоготуп койгонунан шаардык кеңешти таратып жибереби? Эгер кеңеш тараса, анда келерки шайлоо кандай болушу мүмкүн?

Ташанов: Эгерде тиешелүү кворум болбой калса, анда мэр шайланбай калат, анан шаардык кеңеш таркоого мажбур болот. Эгерде шаардык кеңеш таркай турган болсо, «Улуттар биримдигинин» мурдагы шайлоодогудай көп добуш алышы өтө күмөн.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG