Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Мэр шайлоо: таймаш катуу болчудай


Ош шаардык мэриясынын алдында, 7-декабрь, 2013.
Ош шаардык мэриясынын алдында, 7-декабрь, 2013.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев “Бишкек жана Ош шаарынын макамы” тууралуу мыйзамдарга кол койгону менен бул эки шаардын башчыларын шайлоо күнү азырынча белгисиз.

Аталган мыйзамдар расмий жарыяланып, күчүнө кирери менен он күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо күнү аныкталат. Андан кийин жыйырма күн ичинде шаардык кеңештердин депутаттары мэрлерди шайлашат. Азырынча кезеги боюнча кайсыл шаардык кеңеште биринчи шайлоо өтөөрү белгисиз. Бирок шайлоо күнү аныкталбай жатып эле Ошто анын жыйынтыгына байланыштуу түрдүү божомолдор бар.

Мэрлик үчүн "мээнет" башталды

Азырынча мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон “Баш калаанын макамы” жана “Ош шаарынын макамы” тууралуу мыйзамдар күчүнө кире элек. Анткени эреже боюнча мыйзамдарга кол коюулуп, расмий “Эркин Тоо” гезитине жарыяланган соң гана күчүнө кирет. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бул мыйзамдар расмий жарыялана электигине байланыштуу шаар мэрлерин шайлоо күнүн аныктоо боюнча жыйынга чогула элек.

БШК өкүлү Мырзабек Аргымбаев жаңыдан кабыл алынган мыйзам талаптарынын мурдагысынан көп деле айырмачылыгы жок экенин белгиледи:

- Расмий түрдө күчүнө киргенден кийин гана шайлоо күнүн аныктайбыз. Мына ошол мыйзамдын шарты боюнча шайлоо кунү жарыяланган соң жыйырма күн аралыгында шайлоо өтүшү керек. Бул мыйзамдардын мурдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу туурасында мыйзамдардан эч кандай деле өзгөчөлүгү жок. Мында деле, мурдагысында деле фракциялар жана өкмөт башчысы талапкер көрсөтүү укугуна ээ. Талапкерлердин саны боюнча чектөө жок.

Ошондо шаар мэрлерин шайлоо жаңы жылдан кийин, январь айынын экинчи жарымына барышы мүмкүн. Азырынча БШК кайсы шаардын мэрин шайлоо биринчи өтөөрүн аныктай элек. Бирок Ош шаарынын мэринин мөөнөтү быйыл жазында эле аяктаган. 2009-жылдан бери Ошту жетектеп келген Мелис Мырзакматов өткөн беш айдан бери мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу мэрдин милдетин аткарып келген. Аз күн мурда, 5-декабрда өкмөт башчынын буйругу менен Мырзакматов мэрдин милдетин аткаруудан бошотулган.

Учурда Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Мырзакматовдуку делген “Улуттар биримдиги” партиясы былтыр шаардык кеңешке шайлоодо 22 мандатка ээ болуп, “Замандаш” партиясынын бир депутатын өзүнө кошуп алуу менен көпчүлүк коалицияны түзгөн.

“Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасы Таалай Сабиров көпчүлүк коалициянын атынан шаардын мэрлигине Мырзакматовдун талапкерлиги көрсөтүлө турганын билдирди:

- Биздин талапкер ким экени албетте белгилүү. Эми шайлоо күнү аныкталса, анын талапкерлигин көрсөткөн фракциянын чечимин жана аны талапкер катары каттоо боюнча арызын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырабыз. Азырынча эч ким, эч кимге тийишпей эле турат, коомдук-саясий абал туруктуу. Биз шайлоо мыйзам чегинде өтөт деген ойдобуз.

Мырзакматов кызматтан алынган соң анын тарапкерлери Ошто дароо ири митингге чыккан. Эл алдына чыккан Мырзакматов анда шаардык кеңештеги башкаруучу коалицияга кирген 23 депутат анын талапкерлигин колдоо боюнча ант беришкенин билдирген эле. Бирок ошол эле кезде “Улуттар биримдиги” фракциясынын депутаттарынын ичинде болочок мэр боюнча пикирлер бир кылка эмес экени айтылууда. Ошондуктан “Ачык саясат” гезити депутаттарга басым көрсөтүү үчүн шайлоо күнү Мырзакматовдун жактоочуларын аянтка алып чыгуу планы бар деген маалыматты өз булактарына таянып жазып чыкты.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун өзү менен байланышканыбызда ал бул суроого азырынча жооп берүүдөн баш тартты:

- Мен даярданып туруп, бир эле бул суроо эмес, бардык суроолорго жакын арада жооп берем. Азыр мен бул сурооңузду жоопсуз калтырам. Анан кийин бул суроодон башка дагы бир канча суроо даярдап койсоңуздар, кийинчерээк бирин да калтырбай жооп берем.

Аланов: Басым көрсөтүү убагы өткөн

Ошол эле кезде Ош шаардык кеңешиндеги “Республика”, “Ата Мекен” жана КСДП фракцияларынан турган азчылык коалициясы мэрге бирдиктүү талапкер көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын жетекчиси Арфидин Аланов кандай басым көрсөтүү болбосун депутаттар өз алдынча добуш берүүгө саясий эрки жетээрин белгиледи:

- Биздин депутаттардын саясий эрки азыр жогорку деңгээлде. Алар бардыгын көрүп турушат. Анан азыр алардын басымына баш ийип туруп бергидей абал эмес. Ар кандай басым көрсөтүүдөн корко турган депутаттар жок. Ал кечээги күн. Анын эмне деп убада берип, эмне иш бүтүрө ала тургандай жөндөмүн төрт жылда көрдүк. Биз бийликтин жүгүн көтөрө ала турган, билимдүү жана жаңы ой-максаты бар адамды мэрликке алып келишибиз зарыл. Ошондуктан биз шаардык кеңештеги коалициялык азчылык мэрликке бирдиктүү талапкер көрсөтөбүз.

Учурда шаардык кеңештеги азчылык коалициясы Оштун мэрлигине бирдиктүү талапкер катары бирөөнө токтоло элек. Буга чейин Мырзакматовго каршы мэрликке талапкер катары Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча жоюлуп кеткен дирекциянын жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаевдин, ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдун, мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин башчысы Аалы Карашевдин жана “Республика” фракциясынан шаардык кеңештин депутаты Улан Примовдун ысымдары аталган.

Оштон айырмаланып, ордо калаа Бишкекте мэр шайлоо боюнча коомчулукта азырынча күбүр-шыбыр кептер, талаш тартыштар болгону байкалбайт. Болгону "Алиби" гезити жума күнкү санында Ак үй Бишкек мэрлиги үчүн "Замандаш" партиясынын өкүлү, элүү жаштагы Таалай Сагыновдун талапкерлигине токтолгонун учкай маалымдады. Бирок бул кабардын чын-төгүну азырынча белгисиз.

Бишкек шаарын 2010-жылдагы бийлик алмашуудан бери жетектеп келген Иса Өмүркулов өзүнө карата кылмыш иши козголгон соң, 4-декабрда кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин жарыялаган.

Азыр бул эки шаардын мэринин милдетин аткаруу калаа башчыларынын биринчи орун басарларына убактылуу жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG