Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Бишкек менен Ош мэр шайлоого даярданууда


15-январга белгиленген Бишкек жана Ош шаар башчыларын шайлоо үчүн талапкерлерди каттоо 8-январда аяктайт.

Бирок азырынча Оштогу “Улуттар биримдигинен” Мелис Мырзакматовдон башка эч бир талапкер айтыла элек.

БШК шайлоого даяр

Бишкекте жана Ошто шаар башчылыгына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүүчү тил комиссиялары түзүлдү. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында, талапкерлерди каттоо 8-январь күнү кечки алтыда аяктайт. Ал Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоого даяр экенин билдирди.

- Талапкерлерди каттай баштаганга даярбыз, бирок эч ким келе элек. 6-январда болсо мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү боюнча комиссия чогулуп, сынак алат. Талапкерлерди 8-январга чейин кабыл алабыз.

Ош шаарынын мэрлиги үчүн да арыз берген талапкерлер боло элек. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдиновдун айтымында, тил комиссиясы түзүлүп, сынак өткөрүүгө даярданууда.

- Бир дагы талапкер азыр каттоодон өтө элек. Жети адамдан турган тил комиссиясынын курамы түзүлдү. Талапкерлер катталса, сынакты кайсы бир күнгө дайындайбыз. Тил сынагы президенттикке талапкерлер кандай мамлекеттик тилден сынак тапшырып келсе, дал ошондой шарт менен жүргүзүлүп, “билет” же “билбейт” деген гана баа берилет. Сынак көркөм окуу, өз тилинде программасын айтып берүү жана жазуу түрүндө болот.

Бишкек: депутаттар эмне дейт?

Кыргызстандыктар 8-январга чейин эс алышат. Бирок Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары анчалык эс алчудай эмес. Анткени эки шаарда тең фракциялар мэрликке өз талапкерин тандоо боюнча ич ара сүйлөшүүлөрдү баштады. Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозициячыл “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев буларга токтолду.

- Талапкерди караштырып жатабыз, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эс алуудан кийин өз талапкерибиздин атын атайбыз. Партиянын саясий кеңеши жана жетекчилик азыр майрамга байланыштуу ар кайсы жакта жүрүп жатат. Чогулганда талкуулап, бир ойго келебиз.

Бишкек шаардык кеңешиндеги “Ата Мекен”, “Замандаш” жана Социал-демократтар фракциялары да талапкер боюнча бир пикирге келе элек. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Иса Өмүркулов Социал-демократтар партиясынын талапкери болчу. Бул партиянын шаардык кеңештеги лидери Алмаз Кененбаевдин айтымында, жакында фракция өз талапкерин көрсөтөт.

- 4-5 күндөн кийин билине баштайт. Фракция менен отуруп сүйлөшүп, анан бирөөгө токтолобуз го. Анан коомчулукка жарыя кылабыз.

Ошко ким мэр болчудай?

Ош шаардык кеңешиндеги фракциялар да тынч жаткан жок. Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк бир талапкерге токтолгон. “Бирок анын ысымын 8-январда жарыя кылабыз”,- дейт, коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү, “Республика” фракциясынын депутаты Арифидин Аланов.

- Биз биргелешкен коалициялык көпчүлүк, беш фракция биригип, шайлоого бир талапкер чыгарабыз. Өз талапкерибизди 8-январь күнү айтабыз. Шайлоо жакшы өтөт, эч кандай кооптонуу жок.

Ош шаардык кеңеште буга чейин “Улуттар биримдиги” НДПК жана “Замандаштын” бирден депутаты менен башкаруучу көпчүлүктү түзүп келген. 25-декабрда “Замандаш” партиясы өз депутатын чакыртып алып, анын ордуна башка депутатын дайындады. Ага байланыштуу социал-демократтар, “Республика”, “Ата Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Замандаш” жаңы коалицияны түзгөн болчу.

Жыйынтыгында экс-мэр Мелисбек Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы оппозицияда калган. “Улуттар биримдигинен” Мелис Мырзакматов өзү шайлоого бара турганын айтып келатат. Ал “Азаттыкка” жаңы жылдын алдында буларды билдирген.

- Мен ал шайлоого жаран катары катышууга укугум бар. Кимдин канча мүмкүнчүлүгү барын пешене билет. Качкан да, кууган да кудай дегендей шайлоого барабыз.

Мыйзам боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлиги үчүн талапкерди көрсөтүүгө фракциялар, шаардык кеңештердеги коалициялар жана премьер-министр укуктуу. Шайлоо эки шаарда тең 25-январга белгиленген. Мыйзамга ылайык, мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлашат.

XS
SM
MD
LG