Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

"Эки балам менен кайда барам?"


Ошто "коогалаңда жабыркадык" деп үй алган он чакты киши батирлерден чыгарылышы мүмкүн.

Бийлик өкүлдөрү белгилегендей, бул жарандардын документтеринде туура эмес жагдайлар көп. Ал эми үйгө кирип алгандар алар коогалаңда чындап жабыр тартышканын жана бул иш аракет алардан акча өндүрүү максатында жасалып жатканын айтууда.

Аз-аздап тиргилиги тыңып калган Алтынай Газиева балдары менен 2 бөлмөлүү жаңы үйдө жашаганына 4 айдан ашты. Эски азаптардын баары унутулуп келатканда эми ушинтип компенсация үчүн берилген үйдү мамлекет кайрадан тартып алганы турат:

Алтынай Газиева уулу менен
Алтынай Газиева уулу менен
- "Сизге туура эмес берилиптир, сиз коогалаңда жабыр тарткан эмес экенсиз, үйдөн чыгып кетиңиз" деп жатышат. Менде документтердин баары турат, батирди да 2-3 сыйра комиссия келип текшерип атып беришкен. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов келип, өз колу менен ачкычын тапшырып кеткен. Бардыгы туура, баары мыйзамдуу болуп жатса, мен кантип чыгышым керек? 2 балам бар, күйөөм жок, көчөдө калгым келбейт...

Газиева белгилегендей, 2010-жылкы кандуу окуяда анын үйүн белгисиз бирөөлөр талкалап, буюмдарын уурдап кетишкен. Кичинекей балдары менен авариялык үйгө кире албагандыктан ал, бийликтерге арыз жазган. Азыркы жаңы алган батир үчүн, эски үйүн мамлекетке өткөрүп берген:

Алтынай Газиеванын эски үйүнүн сүрөттөрү
Алтынай Газиеванын эски үйүнүн сүрөттөрү
- Юрист бизге "эч кимиңер өлгөн эмессиңер, үйүңөр күйгөн эмес" деп жатат. Булар үчүн сөзсүз эл өрттөнүп өлүш керек экен да. Бул жерде коогалаңда башка дагы жабыр тарткандар бар. Биздин мүлкүбүздү талап, үйүбүздү өрттөп кетишти. Биздин ошол тынч жашаган турак жайыбызды бирөөлөр келип талкалап, ызы-чуу кылып атса, кайра ал жерде жашаш кооптуу болуп жатса, эми биз кантип анан ошол жерге кайтып барабыз?

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан салынган Анар кичи районундагы 40 батирлүү үйдө Алтынайга окшоп үйдөн куулганы турган дагы үчөө-төртөө бар. Жаңы түшкөн башка көп кабаттуу үйлөрдө да бирин-экиден жашоочулардын документтери суроо жаратып жатат.

Жабырлануучулардын дагы бири Асылбүбү айым:

- "Чыгып кеткиле" деп ачык айтышкан жок. Бирок үйгө тынбай келип, "документтериңерде так эмес жерлери бар экен, юрист менен жолуккула" деп атышыптыр. Кечке жумушта болуп, өзүм жолуга элекмин. Эми барып көрсөк анан так билинет го.

Ал эми Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы болсо, текшерүүгө алынып жаткан жарандарды үйдөн чыгаруу, же чыгарбоону сот органдары чече турганын айтууда.

Башкармалыктын юристи Кадыр Жолдошбаев документтердеги мүчүлүштүктөр үй алуучулардын кагаздарын кабыл алып жаткан мезгилде кеткен деп белгилейт:

- Жабырлануучулардын документтерин кабыл алган адамдарданбы, же дагы башка себептерденби, айтор айрымдардын документтеринде кемчиликтер көп. Өкмөт чыгарган токтомдун талаптарын аткарбаган жерлери бар. Ошол себептүү азыр биз туура эмес берилип калган деген пикир менен 5 кишинин ишин жарандык тартипте сот органдарына, дагы 5 кишинин ишин кылмыш тартибинде күч органдарына тапшырдык. Анан аларды үйдөн чыгарыш керекпи, же жокпу - муну сот органдары чечет. Булар текшерилип бүткөндөн кийин дагы башкаларынын документтерин карап чыгабыз.

Расмийлер билдиргендей, Ош шаарында жаңы түшкөн 573 батирлүү көп кабаттуу 11 үй коогалаңдан жабыр тартты делгендерге, күч органдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилүүдө.

Бирок үйлөрдүн ордери каза болгондордун жана дайынсыз жоголгондордун жакындарына жана милицияга гана тапшырылган. Коогалаңда үйү өрттөнүп жана майып болуп үй алгандардын 90% батирлерге азырынча толук кандуу ээлик кыла элек.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG