Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Үмүт шооласы өчкөндө...


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Ошто былтыркыга салыштырмалуу өзүнө өзү кол салгандар эки эсеге өскөндүгүн ачыктады.

Өз жанын кыйгандардын дээрлик бардыгы аялдар. Аларды мындай жолго үй-бүлөлүк көйгөйлөр түртүп жатканын күч кызматтары маалымдады. Ал эми психологдор өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн көбөйгөндүгүн өткөн жылкы калабалуу окуялар менен байланыштырууда.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, соңку 2 айдын ичинде эле Ошто 29 адам өз жанына кол салган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп:

-2010-жылдын май-июнь айларында шаардын аймагында 14 өзүн-өзү өлтүрүү аракети болгон экен. Быйыл так ушул айлардын эле эсебин алсак, 29 факты катталды. Айрымдары ооруканага жетип, айрымдар ошол жерде эле жан берген.

Баары 16 жаштан 35-40ка чейинкилер. Таң калыштуусу бирөөнөн башкасынын баары аялдар экен.


Өз жанын өзү кыйгандардын саны өсүп жатканын психологдор өткөн жылдагы кандуу окуялар менен байланыштырууда. Адистер коогалаңда жакындарын жоготуп, же үйлөрү өрттөнүп кеткен айрым адамдар арга таппай, бул дүйнө менен кош айтышууну чечкенин айтышат.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова:

- Эки улуттун кагылышуусу адамдардын аң сезимине көп таасир этип койду. Көптөрү депрессия абалына кирип, психологиясы жабыркады. Жашоого болгон кызыгуу жоголуп, келечекке болгон үмүттөн айрылып калгандар бар.

Коогалаңда үйүнөн ажыраган аялдар, 14-июнь, 2010-жыл
Дарика Асылбекованын айтымында, былтыркы кандуу окуяларда ондогон кыз-келин зордук-зомбулукка тушуккан.

Өз жанын кыйгандардын арасында ошолор да болушу мүмкүн:

- Ошондой жаман окуяларга кабылып, бирок адистин жардамын албай калгандардын айрымдары өз жанынан кечүүдө. Эгер алар психологдун жардамын алса, балким мындай болбойт беле... Алар өз жан дүйнөсүн туңгуюкта камап алып, кыйналышууда. Алар үчүн жаңы жашоо баштагандан көрө, өз жанын кыюу жеңил көрүнөт.

“Ак жүрөк” кризистик борборуна өткөн жылдын июль айынан декабрга чейин 1397 аял жардам сурап кайрылган. Бул жылдын башынан бери борбордо миңге жакын кыз-келин психологиялык реабилитациядан өткөн.

Дарика Асылбекова
Зордуктоого кабылган 100гө жакын аялга борбор жардам берди. Бирок аларды дарылоо учурунда да өз жанын кыюуга аракет кылган учурлар болгонун айтат Дарика Асылбекова.

- Коогалаң бул аймактагы аялдарга абдан чоң зыянын тийгизди.

Акылдуу адамдар акылынан ажырады, ден соолугу чыңдар саламаттыгынан айрылды, жүрөгү таза адамдар жүрөк оорусун тапты. Мен билгенден эле эки-үчөө окуядан кийин эле кыжаалат болуп, жүрөгү кармап өтүп кетти. Биздин көзүбүзчө эле өзүн өзү өлтүргүсү келген фактылар болду. Аларга аралашып жүрүп биз деле жинди болгону калдык...


Асылбекова жаңжалдан кийин аймактын тургундарына психологиялык жардам берүүгө бул тармактагы адистер жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Ал арада Ош шаардык ички иштер башкармалыгы диний мекемелерде, жогорку окуу жайларда жана мектептерде түшүндүрүү иштерин күчөтүү демилгесин көтөрдү.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG