Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Жаңы үйлөр "жең ичинен" берилип жатабы?


Үй алуу үчүн кезекте тургандар
Үй алуу үчүн кезекте тургандар

Ошто дирекция тарабынан салынган үйлөрдүн 30-40тайы "жең ичинен" сатылып кеткенин коогалаңда жабыр тарткандар айтып чыкты.

Алардын белгилешинче, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы батирлерди тааныш-билиштерге жана июнь окуясына тиешеси жок эле кишилерге таратууда. Бирок бийликтер мындай маалыматтарды четке кагууда.

Кандуу капсалаңда майып болуп калган Талантбек Камбаров азыр үй-бүлөсүн бакмак тургай, өзүн араң алып жүрөт. Компенсация үчүн батир сурап, бийликке жазган арызынан 2 жылдан бери дайын жок. Кезеги жакындаган сайын улам артка жылганы жылган.

Талантбек Камбаров
Талантбек Камбаров
Анын айтымында, жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөр коогалаңга тиешеси жок эле адамдарга сатылып жатат:

- Ким акча берсе, ошолор комиссиядан өтүп, эч жери эч нерсе болбогон, кандуу окуяларга аралашпаган эле кишилер батир алып атышат. Бизге окшогон жакындары каза болгондор, дайынсыз жоголгондор жана ок жеп майып болгондор бул жакта эле калып калдык. Шаарда жабыр тарткандар үчүн берилди делген үйлөрдүн 30-40тайы сатылып кетти. Ким-кимдер алганын керек болсо мен өз көзүм менен көрдүм.

"Сатылгандан калган үйлөрдү берүүнү акча алыш үчүн атайылап кечеңдетип жатышат" деп кошумчалайт Камбаров:

Үй алуу үчүн кезекте тургандар
Үй алуу үчүн кезекте тургандар
- Шаарда дирекция бүтүргөн көп кабаттуу 11 үйдүн баарын кыдырып, ар бир батирлерди карап чыктык. Баары толук бүткөрүлгөн, жашоого толук даяр. Бирок батирлердин жарымын гана берип, калгандарын кармап турушат. "Үйлөр бүтө элек, комиссия карап чыга элек" деген сыяктуу болбогон шылтоолорду айтып, элди алдап жатышат. Булар менимче, калган батирлерди да акчасы барларга сатышы мүмкүн, же өз тааныш-билиштерин жаздырып коюшу ыктымал.

Коогалаңда жапа чеккендер үчүн салынган көп кабаттуу үйлөрдүн жең ичинен тааныш-билиштерге берилип жатканын башка бир жабырлануучу Рахминиса Тешебаева да тастыктайт.

Рахминиса Тешебаева
Рахминиса Тешебаева
Коогалаңда анын абышкасы өлтүрүлүп, үйлөрү тонолгондуктан биринчилерден болуп үй алуучулардын тизмесине кирген. Бирок 75 жаштагы эне алигиче батирдин ачкычын кармай элек:

- Чалымды атып өлтүрүп коюшкан. Өзүмө да ок тийген. Үйүмдү тоноп, талкалап салышкан. Арызды ошондо эле жазгам, бирок 2 жылдан бери "анан кел, эртең кел" деп жолго салышат. Же "телефон чалабыз" дешет, ошол боюнча чалышпайт. Качан берише турганын айтышпайт, же жакшылап көңүл бурушпайт. Бири үй бүтө элек дейт. Же үйү бүтүп тынбады, же менин кезегим келип тынбады.

Үйлөрдү таратуу иштерине коогалаңда жабыр тарткандардын дээрлик көбү нааразы экенин "Ош шейиттеринин өчпөс оту" коомдук бирикмесинин жетекчиси Төрөбек Ааматов белгиледи:

Төрөбек Ааматов
Төрөбек Ааматов
- Бул иштердин баары 5 деп айта албайбыз. Акырындап жүрүп атат, бирок ошентсе да начар. Жабыр тарткандардын 10 пайызы гана компенсация маселесинде ыраазы болбосо, калган 90 пайызы нааразы. Жакындары өлгөндөрдүн ичинен 111 адам ала албай жаткан, ок тийип же башка жараат алгандардан 3 миңден ашыгыраак адам турак жайга жетише элек.

Ал эми шаардык бийлик үйлөрдү бөлүштүрүүдө коррупцияга жол берилип жатат деген маалыматты четке кагууда. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алымбай Кадыров "Азаттыкка" буларды айтты:

- Үйлөрдүн баары толук даяр боло элек. Алар жергиликтүү жана мамлекеттик комиссиядан текшерилип, майда-чүйдөсү даяр болгондон кийин гана берилиши керек. Биз даяр болгуча бөлүштүрүп алып, кечирээк берип калса бизди жамандап чыгып атышат. Батирлер сатылып жатат деген карандай калп. Сатканга эч кимдин акысы жок, эч кимге жол берилбейт. Менин кызматкерлеримден бирөө жарым коррупция кыла турган болсо, дароо иштен алынат. Мындай ушактарды келесоо, акылы жок, жакшы эмес, же ынтымакты каалабаган адамдар чыгарып жатышат.

Алымбай Кадыров
Алымбай Кадыров
Деген менен буга чейин үйлөрдү ич ара тааныш-билиштерге сатып жиберген иш боюнча муниципалдык менчик башкармалыктын 3 кызматкери иштен бошотулган. Анын ичинде мекеме жетекчисинин орун басары да бар. Шаардык милиция бул боюнча 5 фактынын бетин ачып, кылмыш ишин козгогон. Бирок 2010-жылкы окуяда жакындары набыт жана жарадар болгондор мындай шылуундук иштер дагы деле уланып жатканын белгилешүүдө.

Маалым болгондой, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы өткөрүп берген Ош шаарындагы 408 батирлүү көп кабаттуу 8 үй коогалаңдан жабыр тартты делгендерге, дагы 165 батирлүү көп кабаттуу 3 үй күч органдарына жана майыптарга берилген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG