Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө


Ошто жакында мерт болуп калган 18 жаштагы жоокер Абдылас Абубакир уулунун өз өмүрүнө өзү кол салганына ата-энеси ишенбей жатышат.

Муну алар маркумдун денесинде калган көк ала тактар менен негиздеп, сабап өлтүрүлгөн болуш керек деп болжоп жатышат.

Ал эми Абдылас аскердик милдетин өтөп келген чек ара кызматы бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенип жатканын, анын тыянагы жакында коомчулукка жарыяланарын билдирүүдө.

Абдылас Абубакир уулу (солдо)
Абдылас Абубакир уулу (солдо)
Уулун жоктоп, зар какшап ыйлап жаткан эненин үнү Кудайга жеткидей угулууда.

Бапестеп аскерге жөнөткөн баласын тирүү көрө албай, Марапат эже жер муштап отурат:

- Жөнөтүп жатып, жыттап-жыттап, "жакшы жүр, кызмат өтөп, наам алып кел" деп жөнөткөм. Алты саны аман жөнөткөн баламды минтип өлүгүн алып келип колума беришти. Бей-бечаранын балдарын өлтүрүп, союп койо беришсе боло берет окшойт. Өлө турган бала эмес эле, биз эмес, элдин баары боздоп атышат. Ийри-Суудан бир да баланы аскерге жөнөтпөйбүз деп атышат. Мен да эми бир да баламды жөнөтпөйм. Жалгыз балам калса, аны да союп алып келип берсин деп жөнөтөмбү?!

Жоокердин атасы Абубакир Токтобаевдин да каңырыгы түтөп жатат:

Төлөгөн Абубакир уулу
Төлөгөн Абубакир уулу
- "Кызмат кылып келейин, Мекенди коргоп келейин" деди. Макул болдум. Жан дили менен кызмат кылайын деген баламды өлтүрүп коюшту. Тирүү келсе, ушул балам мени багат эле, кыргызга кызмат кылат эле. Бирок кантейин, арга жок экен, түтөп-күйүп отурам.

Токтобаевдин белгилешинче, анын уулу Абдыласты өзүн-өзү асып өлтүрүүгө барды деген сөз чындыкка коошпойт. "Биринчиден, жоокерде суицид кылууга турмуштук негиз жок болсо, экинчиден, буга окуя болгон жердеги далилдер да туура келбейт", - дейт ал:

- "5 мүнөт кечигип калыппыз, келсек кырылдап атыптыр" дейт… Муунуп алган адам кырылдап калчу беле? Дароо эле өлөт да. Жибин көрсөткүлө десем анысы жок. Кыскасы, өзүн-өзү өлтүргөнгө окшошпойт. Көрсөтмөлөрү деле каяктагы нерселерди айтышат. "Ооруп калды" деп чакырышкан, түз эле өлүкканага алып барышты…

Маркум жоокердин акеси Төлөгөн да инисинин өлүмүн бийлик жаап-жашыруу аракеттерин көрүп жатканын белгилейт:

- Мейли, урсун, тепкилесин, ал эркекчиликте болот. Бирок эмне үчүн өлтүрүп салышат? Бирөөнүн баласын өлтүрүп коюуга ким укук берди? Кандай акысы бар? Муунуп өлдү дегени таптакыр жалган сөз. Үкөм өлүп калгандан кийин мойнуна жиптин изин салып, аны атайын жасашкан. Аны көпчүлүк болуп сабашканы ачык эле көрүнүп турат. Денесинин бүт баары көгала, жонуна, мойнуна, башына, колдоруна, табарсыгына, жадагалса эркектик мүчөсүнө чейин тепкилеп, канжалатып жиберишкен. Колдоруна темекинин чогун басышкан. Ушунчалык кыйнап өлтүрүшкөнүнө жаным чыгып жатат.

18 жаштагы Абдылас Абубакир уулу Өзгөндүн Ийри-Суу айыл округундагы Кыргызстан айылында жаңы эле мектепти аяктаган. Ушул жылдын 3-майында аскерге чакырылып, чек ара кызматына кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн.

Аскерге алып кетчүлөр аны көчөдө жүргөн жеринен, колу-бутун кайрып алып кетишкен. Ал чек ара кызматынын Оштогу 20-65 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан. Эки ай толук өтүп-өтпөй эле 24-июнь күнү анын жакындары "Абдылас асынып өлдү" деген кабар алышкан.

Айыл тургуну Ырысбү Туташева окуяга айыптуулар өз жазасын албаса, окуя кайталана бере турганын белгиледи:

- Аскердик бөлүктө командир-полковниктер эмне кылып отурушат? Алар эмне аскерлерди алып чыгып алып мушташтырып жатышабы? Акыры бул адам го. Малды да кезүүгө берсе, кечинде аны кайтарган кишиден тирүү өткөрүп, отчет аласың. Адам баласын өлтүрүп салышса, эч ким жооп бербей койо беришеби? Бул бир-эки күндө болгон иш эмес, мунун тамыры тереңде. Илгери ок кайнап жаткан Ооганстанга баргандар өлбөй, баатыр болуп келишчү, ал эми азыр ушул тынч Кыргызстанда жүрүп өлүп келет деген эмнеси? Бул боюнча бирөө жарым жоопкерчиликке тартылбаса, мындай окуядан али жүзү болот.

Ал эми чек ара кызматы жоокердин өлүмү жөнүндө кененирээк маалымат бере элек. Козголгон кылмыш иши жыйынтыкталгандан кийин гана бир жаңсыл комментарий берилерин айтышты.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG