Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Оппозиция Кумтөрдү улутташтыруу талабын жандантууда


“Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров Кумтөр мамлекетке кайтарылбаса, үчүнчү ыңкылапка барарын айтып чыкты.

Расмий бийлик Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Канадалыктар менен орток пикирге келүү үчүн өкмөткө парламент үч ай убакыт берген. Ал мөөнөт жетишсиз болоору айтылууда.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылы он эки миңден ашуун жарандын колу менен Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке тапшырган. Долбоорду “Ата-Журт” фракциясы карап, парламенттин жыйынына алып чыгууну чечкен. Бирок башка фракциялар карай элек.

Мыйзам долбоору адегенде тийиштүү комитетте да каралыш керек. Бирок комитеттерге келе элек деди отун энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев 15-апрелде "Азаттыкка":

- Комитетке келе элек. Бирок мамлекетке кайтаруу дегенден этият болуш керек. Себеби дегенде биз кичинекей көмүр кенин каза албай жатып, Кумтөрдү иштетебиз дейбиз. Биринчи кезекте сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтөлү.

Рыспаев канадалыктар боюнча сүйлөшүүнүн жүрүшү боюнча эч кандай маалымат жоктугун да кошумчалады.

Өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү эки тарап жалдап алган юридикалык компаниялар жүргүзүп жатканын, бирок анын жыйынтыгы жакын арада чыгышы күмөндүү экенин билдирди:

- Бир жарым ай калды. Бул чындыгында аздык кылат. Сүйлөшө алышпайт. Жетише албайт. Ошондуктан мүмкүн өкмөт Жогорку Кеңешке кайрылып, убактысын узартып берүүнү өтүнөт.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев экология маселеси боюнча канадалыктар менен Кыргызстанда соттошууга болорун, ал эми финансылык, корпоративдик маселелер боюнча талаш-тартыштар эл аралык сотто караларын “Ата-Журт” фракциясынын жыйынында эскерткен.

“Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров болсо Жогорку Кеңеш Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун 24-апрелге чейин караш керектигин, ага чейин каралбаса парламентти таркатуу маселеси көтөрүлөрүн билдирди.

Бул мөөнөттүн тандалышын Бекназаров мындай түшүндүрдү:

- Жалал-Абаддагы курултайдын чечимине ылайык болуп жатат. Анткени ошол чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү “Эл үнүнүн” штабына жүктөгөн. Анда апрель айынын ичинде талаптар аткарылыш керек деген. Эгерде ага чейин каралбаса, анда митингиге айланып кетүүсү мүмкүн. Анда башка талаптар көтөрүлүп калышы мүмкүн.

Бекназаровдун айтымында, 24-апрелде Жогорку Кеңештин алдына Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбооруна кол койгон адамдар чогулат. Мына ошол чогулуш митингиге айланып кетиши мүмкүн.

Өкмөт оппозициянын 24-апрелге белгилеген иш-чарасына кадырэсе көрүнүш катары карап жатканын өкмөттүн маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG