Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

Жалал-Абаддагы курултайдын талабы


Оппозиция курултайы, Жалал-Абад шаары, 24-март, 2013.
Оппозиция курултайы, Жалал-Абад шаары, 24-март, 2013.

24-мартта Жалал-Абад шаарында өткөн оппозиция курултайында 8 бөлүмдөн турган чечим кабыл алынды.

Курултайда 2005-жылдын март, 2010- жылдын апрель окуялары, Кумтөр маселеси жана бийликтин азыркы иш-аракеттери талкууланды. Кабыл алынган чечимдерге ылайык, “Эл үнү” кыймылы даярдаган Кумтөр тууралуу мыйзам долбоору боюнча чечимин БШК 7-апрелге дейре берүүсү, Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин апрель айында кароосу, Кумтөр Кыргызстандын пайдасына чечилгенге чейин башка кен байлыктарды чет элдик инвесторлорго берүүгө мораторий жарыялануусу керек.

Оппозициянын курултайы бийликтин азыркы иш-аракеттерин да сынга алды. Анда чек арадагы окуялар, өлкө тагдыры, экологиялык кырдаалга тынчсыздануулар сөз болду.

Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында өткөн бул курултайда сүйлөгөн “Эл үнү” кыймылынын башчысы Азимбек Бекназаров апрель ыңкылабынын талаптары жарым-жартылай аткарылып, үй-бүлөлүк башкаруу жоюлганы менен ал окуя боюнча сот бүтпөй, конституциялык жана сот реформалары жүрбөй, Кумтөр элге кайтарылбаганын белгиледи. Анын айтымында, азыр үчүнчү ыңкылаптын кереги жок. Себеби, козголоңдордо бей-бечаралар гана жабыр тартат. Ошондуктан адамдардын аң-сезими менен ыйманында революция болуусу керек.

Азимбек Бекназаров ошондой эле парламенттик система иштебегенин, азыр камакта отурган “атажуртчу” үч депутатка козголгон иш саясий куугунтук болгонун белгиледи:

- Революциянын максаттары ишке ашпай калгандыгынын себеби так ошондо туруп атат. Кадр маселеси, жаңылануу деген жок. Экономикалык реформалар болсо токтоду. Маданий жана жаштар маселеси тууралуу мен сөз кылбай эле коёюн...

Жасалган аракеттерге карабай, өлкөдө коррупция тыйыла элек. Турмуш болсо начарлоодо. Билим жагынан 64 мамлекет изилденсе, ошолордун эң артында Кыргызстан турат. Дүйнөлүк Банк кыргыз өкмөтүн кудуретсиз деп атады. Мына ушундай эл аралык уюмдардын изилдөөсүнө таянган Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков мамлекеттик бийликти жана мекеме-уюмдарды реформалоону сунуштады:

- Президенттин бийлиги – күндөн- күнгө, айдан айга, жылдан жылга азайышы керек. Мамлекетти жана өкмөттү башкарууга, Жогорку Кеңешке, губернаторлукка, райондук бийликке, айыл өкмөт башчылыгына атаандаштыктын негизинде чыныгы билимдүү адамдар келүүсү керек. Биздин туугандарыбыз эмес, биздин жердештерибиз эмес, жалалабаддыктар эмес, таластыктар эмес... Ким татыктуу, ким мамлекетке чыныгы кызмат кыла алса, ошолор келиши керек. Мына ошондой адамдар бийликке келбей турган болсо, анда биз мамлекетибизди оңдой албайбыз.

Курултайга келегн акыйкатчы Турсунбек Акун камакта жаткан “Ата-Журт” партиясынын депутаттарынын укуктарынын корголушу менен саламаттыгынан кабар алып чыкканын айтып, оппозиция менен бийликтин ортосуна данакер болуп, сүйлөштүрүүгө аракеттенип жүргөндүгүнө токтолду.

Курултайга жети дубандын өкүлдөрү катышты. Таластан келген Умар Анарбаев эл-жерди саясатчылар бөлүп жатат деген оюн айтты:

- Акаевчи, бакиевчи деген сөз айтылып атат. Ошол эле Акаев менен Бакиевдин убагында иштеген адамдар олтурат бүгүнкү бийликте...

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров элди пейилин оңдоого чакырды. Ал мамлекет тагдыры, улут биримдигине тынчсыздануу менен шайлоодо добушун саткан адамдар да кемчилигин сезиши керектигин белгиледи:

- Эгер шайланбаса, ошол шайлоонун жыйынтыгы чыккан комиссиянын токтомдорун көтөрүп баргандар ким? Биздин өзүбүздүн эжекелер, биздин достор. Бата берип, бактылуу болгон ким? Биздин аксакалдар. Себеп - шорпо ичебиз. Себеп - ошо маалда эки жүз сомдон акча алганбыз, жүз граммдан арак ичкенбиз. Биз дайым бийлик жаман деп келебиз. Ошол бийликти кураган биз кандайбыз анда? Бузулган ушул заманда адамдын акылына карабай, адамдын чөнтөгүнө карап калганбыз биз...

Анткен менен саясатчылардын мындай иш-аракетине баары эле макул эмес. Маселен, облус тургуну Акыбай Сооронбаевдин оюнда, бийликтин кемчиликтери менен катар жакшы иштери да бар. Мамлекет митинг, курултайлар менен өнүкпөйт. Кызмат тийбегендердин оппозицияга оошу өнөкөт болду дейт ал:

- Эл жөн чогулган жок да. Мындан президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш туура жыйынтык чыгарышы керек. Биздин оппозиция – баягы эле оппозиция да. Бийликке, кызматка жетпей калса эле, “оппозициямын, элдин атынанмын” деп чыга беришет. Кайра барса дагы ишин аткара албай эле кайра келет. Эл деле ачык айтып атпайбы, бир топ адам эле айланып атат. Булардан тазаланышыбыз керек. Булар менен иш оңолбойт Кыргызстанда...

Курултайдын соңунда 8 бөлүмдүү чечим кабыл алынды. Ал чечимдер аткарылбаса, жер-жерлерде элдик бийлик орнотуу жагы эскертилди.

Жыйынга уюштуруучулардын маалыматында он беш миң, калыстардын айтымында, 9-10 миң, милициянын эсебинде, алты жарым миң адам келип, ал тынч мүнөздө өттү. Курултайдан кийин 2005-жылдын 24-март ыңкылабынын урматына ыр-күүлөр жаңырып, бөлөк дубандардан келгендерге сый-тамак тартууланды. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн курултайга эч ким келген жок. Коопсуздукту милиция жана ыктыярдуу элдик кошунчулар көзөмөлдөп турду.

Курултайдан сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG