Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Нарын: тилсиз жоо коркунучу сакталууда


Нарында 2-августта тутанган тилсиз жоодон 80 гектар жердеги куураган чөп жана 30 гектардай бадал, карагай күйүп кеткен. (Сүрөт ӨКМдин сайтынан алынды)
Нарында 2-августта тутанган тилсиз жоодон 80 гектар жердеги куураган чөп жана 30 гектардай бадал, карагай күйүп кеткен. (Сүрөт ӨКМдин сайтынан алынды)

Нарындагы Орток аймагынын Таш-Башат айылында 2-августта башталган өрт толук өчө элек. Буга техниканын жоктугу жана басылбай жаткан шамал себеп болууда.

Асылбек үй-бүлөсү менен бир нече күндөн бери өрт өчүрүп келет. Тик учактын жоктугу жана жер шартына байланыштуу маал-маалы менен болуп турган шамалдын кесепетинен тилсиз жоону ооздуктоо мүмкүн болбой келет:

- Тик учак жок болгону жаман болду. Өрт чыккан жерге машина барбагандыктан, өзүбүз чака менен суу ташып өчүрүп жаттык. Бирок ага карабай бир топ жер күйүп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кичи Орток аймагында 2-августта тутанган өрттү өчүрүүгө жалпысынан 400гө жакын адам тартылган. Өрттүн жакын жердеги карагайлуу аймактарга жайылып кетпеши үчүн бадалдарды, карагайларды кыюу иштери жүрүүдө.

Кичи орток айыл аймагынын башчысы Миртемир Турдалиевдин айтымында, учурда жалындаган өрт болбогону менен чокко айланган бак-дарактардын тамыры коркунуч жаратууда:

- Өрт кечээ кечинде өчүрүлдү. Азыр кооптонуу менен карап отурабыз, анткени 2-августта өчкөн от кайра тутанып кеткен. Буга бак-дарактардын күйгөн тамырларынын чокко айланганы себеп болууда. Жел жүрсө эле ар кайсыл жерлерден күйүп жатат. Өрттү толук өчүрүүгө шамал да тоскоол болуп жатат.

Маалыматка ылайык, 2-августта тутанган тилсиз жоодон 80 гектар жердеги куураган чөп жана 30 гектардай бадал, карагай күйүп кеткен. Азырынча өрттөн жабыркагандар жок. Жергиликтүү бийликтин ырасташынча, өрт тоону карай күйүп жаткандыктан, Жогорку Нарында Орусия өкмөтү куруп жаткан ГЭС каскадынын курулушуна коркунуч жаралбайт.

Нарын мамлекеттик өрткө каршы кызматынын маалыматына таянсак, облус аймагында 6 ай ичинде 85 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун кесепетинен социалдык экономикалык чыгымдардын наркы 3 млн. 87 миң сомду түздү.

Өрттүн өз убагында өчүрүлбөй жатышына өрт өчүрүүчүлөрдүн жетишерлик деңгээлде тиешелүү техника менен камсыз болбогондугу себеп. Өрткө каршы кызматынын өрт кырсыктарын алдын алуу бөлүмүнүн жетекчиси Улан Тамабаев учурда керектүү техника толук болбогондуктан, эскилерин оңдоп-түзөөгө аргасызбыз дейт:

- Акыркы жолу өрт өчүрүүгө керектүү техникалык каражаттар 2008-жылы алынып келген. Андан кийин эч кандай техника сатылып алына элек. Ал дагы керектүү жабдуулардын 30-40% гана түзгөндүктөн, эскилерин оңдоп колдонуп жатабыз. Керектүү техника менен камсыз кылууга көп каражат талап кылынат. Арзаныраак Кытайдан келген жабдууларды колдонсок болот, бирок алар сапаты жагынан аксагандыктан Орусиядан алып келинет.

2013–жылда өлкө боюнча 2300 өрт кырсыгы катталган. Быйылкы жылдын 6 айында эле өлкө аймагындагы катталган өрт кырсыктарынын саны 2400дөн ашып, андан 41 адам ажал тапкан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG