Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Бразилияда өрттөн 200дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды


Бразилиянын түштүгүндөгү Санта-Мария шаарындагы "Kiss" деп аталган түнкү клубда чыккан өрттөн кеминде 230 киши каза тапты. Жүздөн ашуун киши ооруканада жатат. Өлгөндөрдүн көбү иске ууланып, тепсендиде калганы кабарланды.

Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр бир нече саат жалын менен кармашып жатып, өрттү өчүрүп, сөөктөрдү алып чыга башташкан. Табылган денелер муниципалдык спорт борборуна жеткирилип, ал жерден маркумдардын жакындары сөөктөрдү таанып алып кетүүдө. Ошол эле жерде кризисттик борбор ачылып, келгендерге жардам көрсөтүлүүдө.

Санта-Мариянын ооруканасына жүздөгөн киши түштү, көптөрдүн абалы оор деп кабарланган. Штаттын саламаттык сактоо министри башка штаттардан жасалма дем алдыруучу аппараттардан жардам берүүнү суранды.

Жекшембиде Бразилиянын президенти Дилма Русеф Чилиде жүргөн жеринен шашылыш түрдө Санта-Мария шаарына келип, ооруканага түшкөндөрдү көрүп чыкты.

"Мен Бразилиянын жана Санта-Мариянын элине кайрылып, ушул маалда биз бирге турабыз, мындан көп жоготуулар болсо дагы биз баарын көтөрөбүз деп айткым келет” – деди президент Русеф кырсык тууралуу кабарды уккандан кийин.

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча 27-январга караган түнү саат 2 жарымдарда башталган. Кырсык болгон маалда түнкү клубда 400-500дөй киши болгон деген маалыматтар айтылууда. Өрттүн чыгышына пиротехникалык жарылуучу заттар менен коштолгон шоудан чыккан жалын себеп болгон.

“Сахна турган жактагы шыпты жалын каптаганын көргөндөн кийин мени эжем колдон алып, эшикке чыгарды” – деп эскерет 23 жаштагы Дуана Сантос Силва жергиликтүү Globo TV телеканалына. “Адамдар эмне болгонун аңдаганча эле түтүн каптады. Көптөрдүн башы айланып, эшикке чыга башташты”, - дейт 29 жаштагы Алине Сантос Силва.

Жалын имаратка тарап, түтүн каптаганда адамдар дүрбөлөң түшүп, бири-бирин тепсеп салышкан. Айрымдар жалындан корголоп ажатканага жашынган. Өрт өчүрүүчүлөр ал жерден 15тей сөөктү алып чыгышкан. Түнкү клубда 1 гана эшик болгону айтылууда. Өрт өчүрүүчүлөр дубалдын боорун тешип, кишилерди сыртка чыгарышкан.

Бразилиянын бийликтери сөөктөрдү таануу иштерин уюштуруп, жакындарына берүүнү азыр башкы милдет деп билдирди. Андан соң кырсыктын себептери иликтенип, клубда коопсуздук чаралары сакталганбы же жокпу - текшерилет.

Санта-Мария 250 миңге чукул тургуну бар университеттик шаар. Бул кырсык мындан 4 жыл мурун Орусиянын Пермь шаарындагы түнкү клубда чыккан өрттө 156 киши набыт болгон кайгылуу окуяны эске салат.

XS
SM
MD
LG