Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Бишкек: жарылуу элдин үрөйүн учурду


Бишкектин чекебелиндеги "Дордой" базарына жакын жерде пиротехникалык заттар сакталган кампа жарылды. Ал кампаны кытайлык ишкерлер ижарага алышканы айтылууда.

Жарылуунун үнү кыйла жерге угулуп, шаардыктардын үрөйүн учурду. Былтыр Бишкекте жарылуу катталып, жардыруу аракеттери да болгон эле.

4-августта эртең мененки саат он жарымдарда болгон жарылуунун доошу тоо этектердеги айылдарга чейин угулган. Бир аздан кийин жарылуу болгон жерден булоолонуп чыккан түтүндү шаардыктар үрөйү уча карап турушту. Бардык кызматтардын телефондору тынбай шыңгырап жатты.

Бакыт Элчибеков окуя болгон жерге жакын үйдө иштеп жаткан экен. Жарылуудан жүрөгү түшүп калганын айтып берди:

- Тынч эле иштеп жатканбыз. Чоң жарылуу болду. Ошондо иштеп аткандардын бирөө коркконунан кулап кетти. Анан ал ооруканага кетти. Биз чуркап келдик. Келсек дагы деле жарылып атыптыр. Мына колумдагы фейерверктерди ошол жардыруу болгон жерден алдык. Булар дарбазалардын ары жагына чейин чачырап түшкөн. 100 метр жерлерге чейин чачыраган.

Өрт чалган кампаны кытайлык “Иргина” ишканасы “Кербен” автобазасынан ижарага алганы аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала божомолдошунча, жарылуу өрттөн чыккан.

Аталган министрликтин Өрт коопсуздугу агенттигинин жетекчи орун басары Ахматжан Амиршаев “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- Бул жаңы жылдан артып калган пиротехникалык материалдар болушу мүмкүн.

Анткени жаңы жылдын алдында жаңы алып келгенде ИИМ лицензия берет. Биз болсо ошол пиротехника сакталган имарат, кампалардын өрт коопсуздугун текшеребиз. Сунуш-кагаз, корутунду беребиз. Бирок бул кампага былтыркы жылдын эсебинен кагаздардын баары берилген.

Менчик жайды текшериш үчүн Экономикалык тескөө министрлигинен жана прокуратурадан уруксат алышыбыз керек. Үчүнчү кварталга Аламүдүн районунун кызматкерлери тарабынан деталдуу текшерүүгө уруксат алыныптыр.


Ахматжан Амиршаев өрт адамдын шалаакылыгынан да чыгышы ыктымал деп кошумчалады:

- Эрежелер сакталган күндө деле бул жерде адам фактору чоң роль ойнойт. Этиятсыздык, шалаакылык, кайдыгерлик мамиледен да чыгып кетиши мүмкүн. Бирок бул жерде версиялар көп.

Бирөөлөр атайлап өрттөп да жибериши мүмкүн. Ачык сакталган учурда, өзүңүз билсеңиз керек, 3-4 күндөн бери температура көтөрүлүп жатат, ушундан улам өзүнөн өзү күйүп кетиши мүмкүн.


Бул жарылуудан улам от тез чалчу дагы башка кампалардын абалы кандай деген суроо туулду.

Коргоо министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Гүлнара Берманова жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө жакында эле ок-дары сакталган кампалардагы жарылуулар жана өрт кырсыктарынан улам көзөмөлдөө комиссиялары түзүлгөнүн “Азаттыкка” маалымдады:

- Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө, бирикмелеринде жана кампаларында ок-дарыларды сакталыш шарттарын текшерүү, ошондой эле өрткө каршы коопсуздук чараларын көрүү максатында бул комиссиялар өлкөбүздүн түндүгүнө жана түштүгүнө жиберилген. Натыйжада өрткө каршы ар кандай чаралар өткөрүлдү.

Ички иштер министрлигинин ок-дарылары сакталган кампалардын коопсуздугу бекем экенин ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Рахматулло Ахмедов тастыктады:

- Бүткүл талапка ылайык жерде сакталат. Бардык шарттар түзүлгөн. Жарылып кетет деп кооптонууга негиз жок.

Ал эми кара май жана газ сакталган жайларда өрт коопсуздугуна өзгөчө мамиле жасалаарын Өрт коопсуздугу агенттигинин жетекчи орун басары Ахматжан Амиршаев айтып берди:

- Мисалы ал кампалардын өзгөчө талаптары бар. Ал кампалар чоң жоопкерчилик менен каралат, көзөмөлдөнөт. Кара май компанияларда автоматтык өрт өчүрүү системасы бар. Өрт чыккан учурда мындай системалардан көбүк чыгып, күйгөн жерлерди көөмп салат. Бул жерде биз тараптан да, компаниялардын жетекчилери тараптан да көзөмөл аябай чоң.

Былтыр кышка маал Бишкекте апрел окуялары боюнча сот жүрүп жаткан Спорт сарайынын жанында жардыруу болгон. Андан кийин Бишкектин этегинде Беш-Күнгөй айылында террорчу деп шектелгендерди кармоо маалында үй жарылган.

Бул жолку жардыруудан үрөйү учкан жарандар жакында башталчу президенттик шайлоо маалында дагы алда-неме болуп кетпесе экен деп сарсанаага батууда.


Пиротехника сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

XS
SM
MD
LG