Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:35

Осмоналиев: Муфтий талаштын себеби - ажылык


Ош шаарындагы мечиттердин бири.
Ош шаарындагы мечиттердин бири.

Муфтийдин тегерегиндеги талаштын күңгөй-тескейи тууралуу депутат, Жогорку Кеңештин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Муфтият “кара чакмак” деп аталган топ муфтийди алмаштырууга аракет кылып жатат деп билдирүү таратты. Мындай жагдай эмне себептен чыгып жатат?

- Мен үчүн ушундай сөздү, ушундай пикирлерди угуу абдан аянычтуу. Бул жакшы эмес көрүнүш деп ойлойм. Өзү дин мамлекеттен ажыратылган, биз секулярдык мамлекет дейбиз да кээ бир кызыктырган нерселерине аралашып кеткен учурлар болуп жатат. Биринчиден, мамлекеттик мекеме саналган дин агенттиги менен муфтияттын өзүн бири-бирине карама-каршы коюп алуу – бул биздин эң чоң жетишпегендигибиз, сабатсыздыгыбыз деп ойлойм.

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев
Анан динге байланышкан маселе болгондо сөзсүз факты менен айтыш керек. Менимче, эки жактан тең кетип жатат. Негизги себеби “ажылыкты ким, кантип өткөрөт?”, “канча пайда табабыз?” дегендин айланасында болуп жатат. Мен өзүм иштегендиктен жагдайды билем. Ошондуктан биз ажылыкты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөрөт, ошонун милдети деген мыйзам киргизгенбиз. Тилекке каршы ошол мыйзамды муфтият өзү да жакшы ишке ашыра албай жатат окшойт. Ар кандай тиешеси жок кишилер кирип кетип...

Чынында шерменде болуп жатабыз. Элестетип көрсөңүз, эки тарап тегерек үстөлгө чогулуп, сүйлөшүп, бир пикирге келгендин ордуна экөө тең телевизорго, радиого чыгып алып, маалымат жыйынын өткөрүп жатышат. Бул эки тарапта тең күнөө бар экенин айтып турат. Эки тараптын тең бир эле көздөгөнү байлык топтоп, бийликти колго алуу окшойт.

- Кыргызстанда муфтий тынч жол менен алмашкан учурлар жокко эсе. Дин башкармалыгынын жетекчисин алмаштыруу жагы уставда кандай каралган?

- Уставда жазылган бир эле жолу бар. Бул маселени муфтияттагы Уламалар кеңеши жана өзүлөрүнүн курултайы чечет. Алар да экиге бөлүнүп алганына менин көзүм жетип турат. Экиге бөлүнүп алышып, уставды өздөрү каалагандай талкуулашып, каалагандай иш алып барып жатышат. Бул деген муфтияттын өзүнүн аброюнун төмөндөп кеткендиги. Албетте мамлекетте да бар, дин агенттигинде да күнөө бар. Жараштыруу ишин жасагандын ордуна ар кандай чиновниктердин, колунда бийлиги бар адамдардын сөзүн угуп жатышат. Мени таң калтырганы - УКМК менен ИИМдин позициясы болуп жатат.

Муфтий, муфтият деген абдан жоопкерчиликтүү нерсе. Мисалы, биз Араб өлкөлөрүндө, Түркияда болуп сураштырсак, алар муфтий болуудан качабыз биз деп айтышты. Муфтий деген Кудайдын жолуна иштеген, таза, пакиза адам болушу керек дешет. А бизде кандай адамдар муфтий болушат? Бизде кичине намаз окуганды үйрөнүп алса, муфтий болууга даяр. Себеби чыныгы исламдын баалуулуктарын көтөрө турган саясатты жүргүзбөй келишет.

- Эми Кыргызстандагы мусулмандардын башын бириктирген муфтияттын айланасындагы чырды чечүүдө мамлекеттин, жогорку жетекчилердин ролу кандай болушу керек?

- Меркантилдик кызыкчылыкты таштап, эки тарапты тең отургузуш керек. Мен Жогорку Кеңештин депутаты катары, динди башкарган комитеттин төрагасы катары арбитр болууга даяр элем. Эки тарап тең отуруп, маселени талкуулаганга көздөрү жетсе, сүйлөштүрүп, улам эле мусулмандарды дүрбөтө бербей, жөнөкөй эле жол менен чечип коё турган маселе.
XS
SM
MD
LG