Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:30

Ажылык жаңы шарттар менен уюштурулат


Сауд Арабия -- кыргызстандык зыяратчылар, 30-октябрь, 2011.
Сауд Арабия -- кыргызстандык зыяратчылар, 30-октябрь, 2011.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 4,5 миң ажылык орун бөлгөнүн муфтий Чубак ажы Жалилов 17-апрелде билдирди.

Анын айтымында, бул жылы Кыргызстанда ажылык жаңы эрежелер менен уюштурулат. Ал эми айрым диний ишмерлер өткөн жылы ажылыкты уюштурууда муфтият паракорчулукка жол бергендигин айтып, ал көрүнүш бул жылы да кайталанууда деп сындап чыгышты.

Динге бут тоскондор бар

Ажылык жана умра борбору быйыл ажылык ишин уюштурууда жаңы тартиптер киргизилгенин билдирүүдө. Маселен, ажы башчылардын милдетин билимдүү айылдык, райондук, облустук имамдар жана казылар, ошондой эле медреселердин окутуучулары аткармакчы. Мындан тышкары, ажылык орун аймактарга элдин санына жараша бөлүнүүдө.

Бирок муфтий Чубак ажы Жалилов ажылыкты таза, ачык-айкын өткөрүүгө жана мусулмандар диний башкармалыгында реформалык иштерди жүргүзүүгө каршы чыккандар болуп жатканын айтат:

- Бизге үч коррупциялык система каршы чыгып жатат. Анын бири - диний коррупция. Башкача айтканда, динге байланышы бар, мурда бул жаатта иштеп келген адамдар аралашып, өздөрү бут тосконго аракет кылып жатат. Экинчиси, мамлекеттик деңгээлдеги коррупция. Бул деген динге кандайдыр бир байланышы болгон аткаминерлер бар. Ошолор аралашкысы келип жатат.

Муфтий ошондой эле беш убак намаз окуганы анык жана эч кандай карызы жок адамдар гана Мекеге зыярат кылат деп эскертүүдө. Өткөн жылы ажылыкка бараткан адамды, укук коргоо органдары алимент төлөбөндүгү үчүн аэропорттон кармап алганын мисал тартып, шариатта да ажылыкка бара жаткан адамдын карызы болбош керектигин белгиледи.

Муфтий отчет бербей келатат

Анткен менен айрым диний ишмерлер Ажылык жана умра борбору өткөн жылдагыдай эле паракорчулукка жол берип жатканын сынга алууда. Былтыр ажы башчы болуп, Мекеге барып келген Абдышүкүр Жураев муфтият анын эсеп-кысабын бербей келатканын буга чейин маалымат жыйынында да билдирген. Ал “Азаттыкка” буларды белгиледи:

- Былтыркы ажылыктагы 1 млн. 400 миң доллар акчанын эсебин бере элек. Биз ошонун эсебин бергиле деп талап кылып, кат жүзүндө да, оозеки да кайрылып жатабыз. Былтыр ажылыктын чыныгы баасы баасы 2 миң 70 доллар болгон. Ал эми муфтий банкка 2 миң 350 доллардан салдырган болчу. Ортодогу 280 долларды кайда иштеттиңер, ошонун эсебин бергиле деп, факты менен гана сурап жатабыз.

Ал эми Асан ажы Саипов да ажылыкты уюштурууда коррупциялык элементтер орун алып жаткандыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын жалпы курултайы өтө электигин белгиледи.

- Мусулмандардын курултайы өткөн жок. Бул дагы деле муфтийдин милдетин аткаруучу болуп, толук бекий элек. Уламалар кеңеши да аалым адамдардан түзүлүшү керек. Бирок муфтий анын көпчүлүгүн илимсиз эле адамдардан шайлап алган. Азыр Уламалар кеңешиндеги адамдардын теңинен көбүнүн илими төмөн. Эмне үчүн курултай өткөн жок? Эмне үчүн Уламалар кеңеши ачык-айкын өткөрүлбөйт?

Муфтий дооматтарды четке какты

Бирок Кыргызстандын муфтийи мындай айыптоолорду четке какты. Чубак ажы Жалилов былтыр да ажылыкты уюштуруу иши башталганда ушундай дооматтар болгонун айтат:

- Уламалар кеңеши мени 70 пайыз добуш менен муфтий кылып шайлаган. 35 адамдан турган Уламалар кеңешинин 33ү катышкан. Анын 21и мага добуш берген. Азырга чейин 2-3 жолу айт намазын окуттум. Мындан сырткары, ажылык боюнча Сауд Арабстанга барып кол коюп келип жатам. Мени бардыгы муфтий катары кабылдап жатат. Бирок ажылык башталганда ушундай иштер козголуп келатат. Былтыр Ормон Шаршенов козгосо, быйыл муну башкалар көтөрүп чыгышууда.

Ал эми Ажылык жана умра борборунун текшерүү комиссияныны мүчөсү Бакыт Нурдинов жалган маалымат таратканы үчүн Абдышүкүр Жураев менен Асан Саиповду сотко беришкенин айтты.

- Үч айдын ичинде жарым миллион сомду айлык катары берип жатабыз. Андан тышкары, 25 миң долларды мечит-медреселерге бердик. Анын баары комиссиянын негизинде болуп жатат. Айта кетүүчү нерсе, эсеп-кысап азыр катуу текшерилүүдө. Ошон үчүн Чубак ажы Жалилов бардык эле маселеге кийлигише албайт. Ал жерде тогуз кишиден турган комиссия бар. Калган акчалар банктагы эсепте турат. Ошон үчүн айып койгондорго текшерип туруп айткыла деп жатабыз. Ошон үчүн сотко бердик.

Кыргызстанга быйыл Сауд Арабстан 4,5 миң кишиге ажылык орун берүүдө. Мындан тышкары, муфтият дагы 1000 адамга орун бөлүүсүн сурап кайрылган.
XS
SM
MD
LG