Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Садыркуловду жок кылгандар аталды


Медет Садыркуловдун өрттөлгөн сөөгү 2009-жылдын март айында, президенттик администрациядан кеткенине бир нече ай болгондон кийин табылган.
Медет Садыркуловдун өрттөлгөн сөөгү 2009-жылдын март айында, президенттик администрациядан кеткенине бир нече ай болгондон кийин табылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловду жок кылууга буйрук бергендер жана аны аткаргандар ашкереленгенин жарыялады.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, окуяга байланыштуу 16 адам кармалган.

14-сентябрда маалымат жыйында Чек ара кызматынын мурунку төрага орун басары, азыркы өкмөттүн коопсуздук бөлүмүнүн жетекчи орун басары, генерал Замир Молдошев кармалып, сурак берип жатканын Рысалиев ачыктады. Дагы бир генералдын дайын-дарегин кийин тактаарын кошумчалады:

- Генерал Молдошевден башка Жаныш Бакиевди айтып жатабыз. Дагы бир генералды азырынча суракка ала элекпиз. Күтө туралы. Суракка алгандан кийин, алып келип камагандан кийин айтып беребиз. Азыр сурак бүтө элек.

Жаныш Бакиев
Садыркуловду өлтүрүүгө буйрукту экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев бергени айтылды.

Кезинде мурдагы президенттер Акаев жана Бакиевде администрация башчысы болуп иштеген Садыркулов кызматынан кеткенден кийин 2009-жылы 13-мартта Казакстандан кайтып келаткан түнү белгисиз жагдайда курман болгон эле.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Медет Садыркуловдун көзүн тазалоо иши кандай жүргөнүн камактагылардын көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Азаттыкка" айтып берди:

- Кылмышты уюштуруп, буйрук берип, кылмышты жасаган бул – Жаныш Бакиев. Башынан аягына чейин катышкан. Бүгүнкү күндө кармалган адамдардын баары көрсөтмө берип жатышат.

Андан сырткары буйрукту аткаргандар да кармалды. Чек ара кызматынын алты кызматкери жоопко тартылып жатат. Мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери да бар. Кылмыш жасалган жер да такталган.

Мурунку президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барышкан. Ошол жерден өлтүрүшүп, ал жерден Кой-Ташка алып барып, сөөгү табылган жерден өрттөп кетишкен.

Бүгүнкү күндө алты киши кармала элек. Булар – Жаныш Бакиев, Тахир Рысалиев, Айбек Абдразаков. Бул Кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкери. Ошол кезде уюшма кылмыш топторго каршы күрөш бөлүмүнүн жетекчиси болчу. Бакиевдердин эң жакын адамы. Максим Бакиевдин жанында жүргөн спортчу бала бар. Тергөө ишине байланыштуу азырынча анын аты-жөнүн айтпайбыз.


Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн арасында генералдар Жаныш Бакиев, Замир Молдошев менен кошо мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аты аталып жаткан.

Бирок анын катышы бар-жогу толук тастыктала элек.

Медет Садыркулов мурунку президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин администрация башчысы болуп иштеген.

2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясын түзүп, тез арада саясий аренага чыгарууда, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө салымы чоң болгонун серепчилер айтып келишет. Андан көп өтпөй президент Бакиевдин иниси Жаныш менен ыркы келишпей, кызматтан өз эрки менен кеткен.
Кылмышты уюштуруп, буйрук берип, кылмышты жасаган бул – Жаныш Бакиев. Башынан аягына чейин катышкан.

2008-жылдын этегинде адамдын кулак-мурду, манжалары салынган кутуну белгисиз бирөөлөр Садыркуловдун үйүнө таштап кеткенде Жаныш Бакиевден көрүшкөнү маалым.

Кызматтан кеткенден кийин Садыркулов ошол кезде чачыранды болуп турган оппозицияны бириктирүү миссиясын мойнуна алганы ачык айтыла баштаган.


Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Медет Садыркулов менен эки шеригинин сөөктөрү табылган жерден тартылган видео баян. 19-март, 2009-ж. MiT, SA.


2009-жылы мартта бир унаа менен Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.

XS
SM
MD
LG