Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

“Кыргызалтын”: Кумтөргө көзөмөл күчөйт


Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзсө, киреше 80% ашык көбөйөт.

Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Дилгер Жапаров “Азаттыктын” талкуусунда билдирди. Талкууга ошондой эле юридикалык кеңешчи катары кыргыз өкмөтү жалдаган британиялык DLA Piper UK компаниясынын өкүлү Мэтью Сандерс катышты.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашты. Дилгер мырза, эмне себептен ушул вариантка токтолдуңуздар? Буга чейин сүйлөшүүлөрдө 13 вариант каралып жатканы маалымдалды эле.

Дилгер Жапаров: Мен 13 вариант каралды деген так санын айта албайм. Көп варианттар болгон. “Кыргызалтын” ачык акционердик коому "Центерра" компаниясынын 32,75% акциясынын ээси катары “Кумтөр” ишканасынын 50% сатып алууга мүмкүнчүлүгү болот деген биздин юридикалык жана каржы кеңешчилердин сунушун туура көрүп, биргелешкен ишкана түзүү жөнүндөгү сунушту Жогорку Кеңешке киргиздик. Анда пайыздар теңме-тең болмокчу.

“Азаттык”: Мэтью мырза, жаңы түзүлгөн меморандум Кыргызстан менен "Центерранын" ортосундагы талашка чекит коет деп ишенесизби?

Мэтью Сандерс
Мэтью Сандерс
Мэтью Сандерс: Сырттан келген киши болсом дагы бул долбоор өтө маанилүү экенин түшүнөм. Экономикалык жана экологиялык тынчсызданууларды айтсам, бул кийинки муундун түйшүгү болот. Бул өтө маанилүү. Ал эми биргелешкен ишкана түзүү сунушу – бул укуктук алкактан алганда экономикалык жана экологиялык артыкчылыктары бар чечим болуп саналат. Бул сунушталган долбоордо өкмөт коомдук ишканынын акциясына чогуу ээлик кылат. Бул албетте өкмөт үчүн жеңил-желпи чечим эмес. Маселен, менин мекеним – Британияда дагы өкмөт кээ бир банктардын баалуу кагаздарына чогуу ээлик кылганы үчүн сындалып келет. Ал эми Кыргызстанды алсак, сунушталган долбоордун кыргыз мыйзамдарына ылайык эффективдүү иштей ала турган бир топ артыкчылктары бар.

“Азаттык”: Демек бул эки тараптын тең мүдөөсүн канааттандырган чечим турбайбы?

Мэтью Сандерс: Укуктук жактан алганда, жакшы чечим деп айта алам. Экономикалык жактан алып караганда дагы, финансы адистердин кеңеши боюнча бул жакшы чечим. Бул бир катар себептерден улам жеткиликтүү иштей албаган азыркы келишимге киргизилчү барандуу өркүндөтүүлөр катары бааласа болот.

Саясий жактан бул мыкты чечим болдубу – ал жагын мен айта албайм. Кыргызстандын ички саясатынын майда-чүйдөсүнө чейин менде түшүнүк жок. Юрист катары бир топ алдыга жетелеген келишим болгонун көрүп турам.

“Азаттык”: Кумтөр маселеси учурдагы өтө курч саясий маселе экени белгилүү. Ошондой маселени чечүүдө Кыргызстандын ички саясатын түшүнбөй туруп, анан кантип кеңеш бердиңер?

Мэтью Сандерс: Албетте, бул маселенин саясий маанисине күбө болуп келебиз. Анткени улуттук экономиканын басымдуу бөлүгү Кумтөргө көз каранды.

Мен өз ишимде улуттук өкмөттөрдүн кызыкчылыгын коргоп келем, жеке тажрыйбамда кыйынчылыктарга кептелген инвестицияларды көп көргөм.

Мына ошол баа жеткис тажрыйбам аркылуу – азыркы сунушталып жаткан 50-50 деген биргелешкен ишкана түзүү, Канаданын Торонто шаарында жайгашкан компанияны Кыргызстанга көчүрүп келүү аркылуу чечүү – коопсуз, туруктуу иштей турган шартты камсыздайт деп ойлойм. Мына ошондой чечимден кийин Кумтөр балким дайым саясаттын чордонуна айланбай, өз ырааты менен иштей берээр. Юрист катары потенциалдуу инвесторлорго тигил же бул өлкө инвесторлорго кандай мамиле жасаарына көнүл бурууга кеңеш берип келем. Кен казуучу компанияларга Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө бараардан мурун, ал өлкө укуктук, анын ичинде эл аралык укуктук келишимдер менен милдеттенмелерди аткарабы – ушуга көңүл бурууга кеңеш беребиз. Бул мамлекеттин беделин аныктаган көрсөткүч.

“Азаттык”: Меморандум чыгаары менен парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси бул кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына төп келбеген чечим деп баалады. Ушундан улам Жогорку Кеңеште бул дагы оюнга айланат деп ойлобойсуздарбы?

Дилгер Жапаров: Жумуш башталып жатканда түшүп жаткан сунуштардын баарын таразалап көрүү максатында биз юридикалык, каржылык жана экологиялык маселелер боюнча эл аралык үч компания жалдаган элек. Алардын эсептөөлөрүнө ылайык, 50% деген сунушка токтоп, ушуну негиз кылып жатабыз. Ал эми саясатчылардын 67% алышыбыз керек дегени эч кандай сан, эч кандай аныктамалар менен далилденбейт. Алтүгүл 52% алууга да негиз болгон жок. Себеби, эгер биз "Центерра" компаниясынын эң чоң акционерлердин бири болгон болсок, бул чечим калган акционерлер тарабынан да колдоого алынышы керек. Ошол себептен биз өзүбүздүн негизги принцип катары карманап жатканыбыз ар бир тарапка, ар бир акционерге чынчыл, так, эл аралык эсептөөлөргө ылайык, эл аралык компаниялардын берген сунуштарына ылайык гана жүргүзүлүшү керек.

“Азаттык”: Буга чейин кенди улутташтыруу маселеси да көтөрүлдү эле. Эгер Кыргызстан ушундай кадамга барса, пайда-зыяны кандай болмок?

Мэтью Сандерс: Биринчиден, Кыргызстанга, экинчиден, “Кыргызалтын” ишканасына каршы соттук териштирүүгө арыздар берилет. Ал соттук териштирүү Стокгольмдо, балким Лондондо же Нью-Йорк шаарында эл аралык арбитраждык сотто каралмак. Бул териштирүүлөргө биздин эсептөөлөр боюнча 2,5-3 миллиард долларга чейин соттук чыгымдар төлөнмөк. Ошондой эле эл аралык финансылык басылмалар, медиа каражаттар байма-бай жазып турмак. Бул болсо Кыргызстанга келип, инвестиция салууну көздөгөндөргө чоң кедергисин тийгизмек.

Башка өлкөлөрдү карап көрсөк, мунун кесепетин так баамдоого болот. Маселен, Аргентина, Конго, Венесуэла мамлекеттеринде эмне болгонун карасак, өткөн жылы Аргентина өкмөтү энергетика тармагын тейлеген ишкананы улутташтырабыз деп чыгып, азыр бул тармакка инвестор таба албай өтө кыйын акыбалда турат. Албетте, Аргентинанын экономикасы Кыргызстанга салыштырмалуу чоң жана ар тармактуу.

Эгер Кыргызстан өзүнүн уникалдуу кен тармагын иштетүүгө келген инвестицияны, кенди иштетип жаткан компанияны улутташтырабыз деп чыкса, анда бул тармакка кызыгып, аны өнүктүрүүгө салым кошууга ниеттенген бардык потенциалдуу инвесторлорду чочутуп аласыңар дагы, аны кайра оң жолго салуу өтө кыйын болот.

Дилгер Жапаров
Дилгер Жапаров
“Азаттык”: Сиздер кеңеш берип жатканда, эгер Кыргызстан Кумтөр боюнча эл аралык сотторго кайрыла турган болсо экологиялык негиздер боюнча утуп алуу мүмкүнчүлүгү чоң деп айткан экенсиздер.

Мэтью Сандерс: Биз Кыргызстан эл аралык экологиялык экспертиза уюштуруусу зарыл жана бул өтө маанилүү экенин айтканбыз. Кыргызстан ушул жылга чейин эл аралык экологиялык адистерден кеңеш алган эмес. Ушул жылы АМЕС компаниясы биринчи жолу экологиялык кеңеш берип, алар жаңы сунуштарга киргизилди.

Кыргызстан менен "Кыргызалтындын" экологиялык жагдайлар боюнча тынчсыздануусу канчалык негиздүү экени АМЕС компаниясынын адистери Кумтөргө барып, көрүп келгенден кийин чыккан баяндамада жазылган жана ошол эле жерде сунуштар берилет. Сүйлөшүүлөрдө "Центерра" ошол сунуштарды ишке ашырууга макулдугун берди. Ал эми буга чейинки экологиялык көйгөйлөрдүн укуктук жагына кайрылсак, бул бири-бири менен чырмалышкан татаал маселе. Эгерде Кыргызстан ал маселелер боюнча эл аралык арбитражга кайрылса, балким бир жагынан утса, экинчи бир жагынан утулушу мүмкүн. Бирок ал көп каражатты жана көп убакытты алат.

АМЕС берген сунуштарды "Центерра" ишке ашырат, андыктан мурунку көйгөйлөр боюнча эл аралык сотко кайрылуунун ордуна, алдыда ал кемчиликтерди кетирбей иштеп кетүү маанилүү. Юрист катары айтаарым, эгерде соттук териштирүүдө утуп чыкса, албетте кандайдыр бир акчалай утушка ээ болууга мүмкүн. Бирок ал чындап ошол проблеманы чечпейт.

“Азаттык”: Дилгер мырза, сиздер сунуштаган меморандумда Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия экологиялык зыян үчүн аныктап чыккан 60,7 миллиард сом эмнеге кирген эмес? Буга чейин эгер биргелешкен ишкана түзүлсө, Кыргызстан экологиялык чыгымдарын өндүрүп ала албай калат деп айтылган.

Дилгер Жапаров: Биздин юридикалык кеңешчи айткандай, экология боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сот иштерине бара турган болсок, утуп алуу мүмкүнчүлүгү өтө эле төмөн. Сотко барган күндө да далилдеп, сиз айткан 60 миллиард сомду өндүрүп алуу акылга сыйбай турган нерсе. Экинчиден, сот иштери көп жылдарга созулушу мүмкүн. Ошол себептүү AMEC компаниясы бизге кеңешчи катары мурдагы экологиялык маселелер "Центерра" тарабынан чечилет, ал эми жаңы ишкана түзүлгөндөн кийинки маселелер "Центерра" тарабынан эске алынып, берген сунуштар ишке киргизилет деген жобо меморандумга киргизилди.

“Азаттык”: Кумтөр боюнча нааразы болуп жаткан жергиликтүү элдин бирден-бир талабы да экологиялык маселелерди чечүү болуп жатат. Ошол эле кен калдыктарын сактаган жайдын эч бир стандартка туура келбей турганын сиздер да, эксперттер да, "Центерра" да билет. Ал маселе келечекте чечилет деп билебизби?

Дилгер Жапаров: Биз сүйлөшүүлөрдү баштап жатканда алдыбызга жети негизги максат койгонбуз. Алардын арасында эң орчундуулары: кирешени көбөйтүү, көзөмөлдү жогорулатуу, үчүнчүсү - экологиялык маселелердин баарын чечүү болчу.

Экологиялык маселелер АМЕС компаниясы берген сунуштардын негизинде сөзсүз чечилет деген жобо меморандумга кирген. Бул компаниянын жыйынтыктоочу сунушу азырынча бериле элек. Бирок буга карабастан алар берген сунуштардын негизинде экологиялык маселелер чечилет дегенге "Центерра" да макул болгон.

“Азаттык”: Ага кандай кепилдик бар? Бул документ юридикалык жактан бекемделип, "Центерра" аны сөзсүз аткарат деген жоболор киргизилеби?

Дилгер Жапаров: Сүйлөшүүлөрдүн негизги принциптерин Жогорку Кеңеш бекитип бере турган болсо, Кумтөрдүн тегерегиндеги маселелердин баары чогуу-чаран кылдат изилденип-иликтенип чыгат. Меморандумдун макамы келишимдин негизи болуп саналат. Экология биздин алдыбыздагы чоң маселенин бири. Биз муну унутпайбыз.

“Азаттык”: Алдыга койгон максаттардын бири Кумтөрдү иштетүүгө көзөмөлдү күчөтүү болгонун айтып кеттиңиз. Көзөмөлдү күчөтүү кандай ишке ашат?

Дилгер Жапаров: Деректирлер кеңеши түзүлөт, анын курамы теңме-тең болот. Биргелешкен ишкана Кыргызстандын аймагында катталат, кыргыз мыйзамдарына баш ийет. Деректирлер кеңешинде маселелерди чечүү жол-жобосу толук жазылып чыгат. Андан сырткары топ-менежерлердин дайындалуусу да так көрсөтүлөт. Андан сырткары геологиялык маселе болобу, кенди чалгындообу, айтор ушул тармак боюнча вице-президенттердин бири биз тараптан болсун деп сунуштап жатабыз. Меморандум бул болочок келишимдин негизи, данеги.

“Азаттык”: Башкаруучу кеңешти кыргыз тарап жетектейт, ишкана Кыргызстанда жайгашат, бул өлкөнүн мыйзамдарына баш ийет деп жатасыз. Ошол эле учурда өндүрүштүн өзүндө, алтын комбинаттын ичиндеги казуу операцияларына, технологиялык процесске Кыргызстандын адистери тартылабы? Анткени мындай иштерге кыргыз адистер аралашпайт деген сөздөр айтылууда?

Дилгер Жапаров: "Центерра" менен сүйлөшүүлөрдө алар оператордук функциялар биз тараптан болушу керек деген талап койгон. Биз болсо анда деректирлер кеңешинин жетекчиси бизден болушу керек деп айтканбыз. Бирок оператор "Центеррадан" болсо, бирок биздин мыйзамдарды бузса, ар бир жылга белгиленген болжолдуу өндүрүштүк көрсөткүчтөр аткарылбаса, анда жаңы оператор алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз оператор өзүнүн мойнуна жүктөлгөн ишти аткара албай жатат, биздин купулубузга толгон жок деген доомат менен сынак өткөзүп, кайра жаңы оператор тандап алабыз. Мунун баары биргелешкен ишкананын жобосунда камтылат.

“Азаттык”: Эгер кыргыз парламенти биргелешкен ишкана түзүү сунушун жактырбай койсо, башка альтернативдүү варианттар барбы?

Мэтью Сандерс: Укуктук кеңешчи катары бизде андай вариант жок. Эгер ушул сунуш өтпөсө, бизде башка альтернатива жок. Ушул сунушталган вариант сүйлөшүүлөрдүн адилет натыйжасы деп түшүнөбүз. Нью-Йорк, Торонто, Лондондо отурган эл аралык финансы адистери дагы бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын карап, маселенин бардык тарабын камтыган адилет чечим болгондугун анализдеп жатышат. Мындай анализдерди Кыргызстан же "Центеррага" таптакыр көз каранды эмес тараптар берүүдө.

“Азаттык”: Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимди түзгөндөргө, ага катышкандарга азыр кылмыш иш козголуп жатат. Бул жолу да ушундай кайталанбоосу үчүн жоопкерчиликти ким алат? Парламентпи, же өкмөтпү, балким консультативдик кеңешпи?

Дилгер Жапаров: Бул сүйлөшүүлөрдө биз эксперттерди, эл аралык кеңешчилерди алганыбыз эле мунун кепилдиги болуп берет. 2003 жана 2009-жылдары түзүлгөн келишимдердин баары Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп айтып келебиз, анткени ошол учурда кеңешчилер болгон эмес да. Эгерде 2009-жылы кеңешчилерди алып, алар сандар менен далилдеп берип, түз жолду көрсөтүп, эл аралык деңгээлде кандай чечилээрин айтып берсе, балким азыркыдай кырдаал болмок эмес.

“Азаттык”: Сиздер ушул үч эл аралык компанияга, чет өлкөлүк эксперттерге канча каражат короттуңуздар?

Дилгер Жапаров: Бул үч компания биз берген техникалык тапшырмалар боюнча иштеди. Көп тапшырмалар берилгендиктен, булардын иштөө мөөнөтү да узарып жатат. Биз 2003 жана 2009-жылдардагы көйгөйлүү маселелерди да көтөргөнбүз. Анын арасында улутташтыруу да бар. Алдыда такталчу, аныкталчу маселелерди көп койгонубузга байланыштуу көп жумуш жасап жатышат. Алардын иши чеке жылытып, бизге көптөгөн сунуштарды берип жатат. Бүгүнкү күндө буларга кеткен чыгымдар 50 миллион сомго жакындап калды. Алар жөнөткөн эсептердин кээ бирлери төлөндү. Кээ бирлери төлөнө элек, айрымдарын биз кабыл алган жокпуз.

“Азаттык”: Убагында Акаев “биз мурда мындай келишим түзбөгөндүктөн, тажрыйбабыздын жоктугунан ушиндай кырдаалга кабылдык” деп айтты эле. Ал эми 2009-жылы кыргыз тараптын жетиштүү тажрыйбасы болуп туруп Кыргызстанга зыян тарттырган келишим түзүлгөн. Мына азыр жеткиликтүү келишим түзүлдү деп сиздер да, сиздер жалдаган эксперттер канчалык кепилдик бере алат?

Дилгер Жапаров: Кумтөр 16-17 жылдан бери иштеп жаткан компания. Активдери, запастары чоң болгондуктан, бул абдан кымбат ишкана. Ал Кыргызстанда жайгашканы менен 100% үлүшү "Центеррага" тиешелүү болуп келген да. Ошон үчүн үлүшү 50% жетпегендиктен ушундай чечимдер кабыл алынып келген да. Биз айтылып жаткан 100 миллионду төлөп бербейбиз. Алдын ала 10 жылдын ичинде алына турган дивиденддерибиз теңме-тең 10 жылга бөлүнүп, азайтылып, ошол жол менен төлөнүшү керек.

Саясатчылардын 67 пайызын алышыбыз керек дегени эч кандай сан, эч кандай аныктамалар менен далилденбейт
Дилгер Жапаров
Андан сырткары меморандумга ылайык, кыргыз өкмөтүндө 6 миллион сатып алуу укугу пайда болуп жатат. Бул “Кыргызалтындын” атына 6 миллион жаңы акция чыгарылат дегенди билдирет. Мунун ар бирин 10 канадалык долларга сатып алууга болот. Эгерде бул акциялардын баасы Торонтодо, дүйнөлүк биржада баасы 20 долларга жете турган болсо, 10 доллардан алып 20 долларга сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот да, биз кошумча 60 миллион доллар киреше алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Адис катары айта турган болсом, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр абдан татаал өттү, анткени эч ким позициясын бергиси келбейт. Биз Кумтөр жалпы кыргыз эли үчүн иштеп, чоң кирише алып келсе деген тилек кылат элек. Биздин кеңешчилер азыркы биздин салык система менен эсептей келгенде 2014-жылдан 2020-жылга чейин 1 миллиард 493 миллион долларлык киреше ала турган болсок, эгер биргелешкен ишканага өтө турган болсок 2 миллиард 741 миллион долларлык киреше алуу мүмкүнчүлүгүбүз пайда болот экен. Бул биздин кирише 84% өсөт дегенди билдирет. Мындай шартта биз эмнеге биргелешкен ишкана түзүүгө барбашыбыз керек.

Биздин эл маданияттуу, сабырдуу эл, "сабырдын түбү сары алтын" дейт, тарыхка кала турган келишимге келип, аман-эсен 2026-жылга чейин иштесек, геологиялык чалгындоолорду көбөйтсөк, 2035-2040-жылдарга чейин иштеп берсе, андан кийин илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, калдык сактоочу жайдагы топтолгон металлдардын баарын кайра иштете турган болсок, кендин өмүрү 2055-жылга чейин узарышы мүмкүн. Ошондуктан биз ката кетирбешибиз керек.

“Азаттык”: Кыргызстан жооптуу чечим кабыл алуунун алдында турат. Көз карандысыз юрист катары сиздин кандай кеңешиңиз бар?

Мэтью Сандерс: Кумтөр маселеси буга чейин кандай чечилип келгени өлкө ичинде өтө кызуу талданып-таразалып келет. Ошол эле учурда буга сырттан көз салып көрсөк, эгерде сиз Нью-Йорк Париж, Лондон, Торонто, Москва же Бээжинде отуруп, кайсы өлкөгө барып инвестиция кылсам деп элестетип көрсөңүз. Бул бир гана экономикалык инвестиция эмес ошол эле кен иштетилип жаткан жерде туризмди кантип өркүндөтүп, чет элдиктерди кантип кызыктырса болот, кандайча билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн жайылтса болот деген пландар менен дагы кошо каралат.

Дагы бир кыйла маанилүү нерсе – мыйзамдар сакталабы? Юрист катары менин кеңешим – Кумтөр өлкөнүн ички гана маселеси эмес, ал сырттан кандай көрүнүп, кандайча таасир калтыраарын эстен чыгарбоо керек. Кыргызстан мыйзамды сыйлаган, Борбор Азиядагы демократия аралы десек жана аны чыныгы турмушта далилдей алса - дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурат жана бул өтө маанилүү.

Дилгер Жапаров: Биздин сунуштарга Жогорку Кеңеш, коомчулук көңүлкош карабайт деген ишеним бар. Кумтөр төл башы болуп өзүнүн артынан Жерүй, Талды-Булак долбоорлорун алдыга сүйрөп кетет деп үмүт кылгым келет.
  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG