Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Радиациялуу көмүр үчүн ким жооп берет?


Бишкек жылуулук борбору үчүн алынган Казакстандын "Кулан" көмүрүн артка жөнөтүү боюнча чечим кабыл алынды.

Бул тууралуу өлкөнүн Бажы кызматы билдирди. Мекемелер аралык комиссиянын тыянагында, Казакстандан алынган бул көмүрдө радиациянын деңгээли 10-12 эсе жогору экендиги аныкталган.

Бирок казак компаниясы таш көмүрдү алып кетпесе, аны көмүү аркылуу жок кылуу керектиги айтылууда.

“Комиссиянын тыянагын күттүк”

Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаевдин айтымында, Казакстандын "Кулан" кенинен ташылып келген ташкөмүрдө радиация бар экендиги мекемелер аралык комиссиянын чечимине чейин эле белгилүү болгон.

- Бул ташкөмүр Казакстандын Кулан деген жеринен келген. Анын радиа активдүүлүгү 10-12 эсеге көптүк кыларын биз келгенде эле аныктаганбыз. Комиссиянын чечимин формалдуу түрдө гана күттүк. Жети-сегиз мекемеден түзүлгөн комиссия болгон, алардын жыйынтыгын гана күтүп жатканбыз.

Кыргыз өкмөтү Бажы кызматына 17-октябрдан тарта гана радиациянын деңгээлин текшерүү боюнча укук берген жана ошондон кийин гана Кыргызстанга ташылып жаткан таш көмүрдө радиациянын бар экени аныктала баштаган.

Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев “Түндүк” темир жол бажы бекетинде кармалып турган 29 вагон таш көмүрдү артка кайтаруу боюнча учурда аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады. Анткен менен буга чейин эле Бишкек жылуулук борборуна радиациялуу делген 8 миң тоннадан ашык таш көмүр алынып келинген.

“Электр тармактар” ачык акционердик коомунун башкы деректири Аман Тентиев радиация бар деп аныкталганга чейин эле бул көмүрдүн сапаты начар, техникалык талапка жооп бербейт деп, колдонуудан баш тартылганын 9-ноябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

- Биз "Кулан" ишканасынан 8576 тонна көмүр алганбыз. Бирок биз ал көмүрдүн акчасын төлөп бере элекпиз. Себеби анын сапаты келишимде көрсөтүлгөн шарттарга жооп берген жок. Ошондуктан өзүнчө жайга гана коюп койгонбуз.

Ошондой эле Тентиев экспертиза "Кулан" көмүрүндө радиациянын деңгээли жогору экенин аныктаса, анын баары артка кайтарыларын кошумчалаган. Ал эми Бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев буларды билдирди:

- Келишимде сапаты туура эместиги аныктала турган болсо, жеткирүүнүн да, алып кетүүнүн да чыгымын казак компаниясы өздөрүнүн мойнуна алуу көрсөтүлгөн экен.

Ташкөмүрдү кантип жоготуу керек?

Быйыл “Электр тармактар” ачык акционердик коому Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камыздоо боюнча тендер өткөрүп, анын жеңүүчүсү деп Казакстандын “Кулан” ишканасы табылган болчу. Бирок бул компания Кыргызстанга ташып үлгүргөн 8 миң тонна көмүрдүн баарын алып кетеби деген маселе жаралууда. Учурда бул көмүрдүн баары Бишкек жылуулук борборунда атайын жайда сакталып турат.

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев буларды белгиледи:

- Негизи чек арада радиациянын деңгээлин аныктаган шаймандар болуш керек болчу. Биздикилер “ошол кезде свет өчүп калган, андай-мындай” деген туура эмес маалыматтарды берип жатышат. Эми радиациялуу болуп чыккандан кийин Казакстан менен сүйлөшүп, "алып кеткиле" деш керек. Болбосо муну көмүш керек. Бул иштин эки гана жолу бар.

Адистердин айтымында, бул көмүрдү пайдаланууга такыр мүмкүн эмес. Ал жагылганда аба аркылуу 3-4 чакырымга чейин тарап, адамдарга, жерге жана өсүмдүктөргө зыян алып келиши мүмкүн. Ал эми Кыргызстанга радиациялуу көмүр ташылып жатканын 26-октябрда “Ата Мекен” фракциясы айтып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG