Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:30

Ош: Суук күндөрү жылуулук издегендер


Кабаттуу үйдүн тургуну Медер Абдыракманов
Кабаттуу үйдүн тургуну Медер Абдыракманов

Ошто көп кабаттуу 80 үй жылуулуксуз кышка кирип келатат. Көп жылдардан бери эскирген түтүктөр иштөөгө жараксыз.

Жашоочулар жергиликтүү бийлик жылуулукту туташтырып бербейт деп арызданууда. Ал эми бийлик кабаттуу үйлөр жеке менчик болгондон кийин ар бир киши өз үйүнө өзү түтүк тартышы керек деген пикирде.

Дамира Өмүрзакова үйүндөгү жылуулук түтүктөрүн толугу менен кесип салганын айтууда. Ага эми бул темирлердин такыр эле кереги тийбей калды. Анткени алардын батири жылуулукту атайын ишканадан албай калганына көп болду:

- Жылуулуктун берилбей калганына 10 жылдын жүзү болуп калды. Ошого түтүктөрдүн деле бизге кереги жок болуп турат. Баарын кыркып салдык.

Кышта электр мешин жагып чыгабыз. Жарык өчүп калганда гана аз-маз көйгөй жаралбаса, жаш бала болбогон үчүн көп деле кыйналбай эле чыгып кетебиз.


Оштун Туран кичирайонундагы Латибжанов көчөсүнүн №15 кабаттуу үйдөгү батирлердин баарында эле абал дал ушундай. Кышы менен ар кимиси өз билгениндей кылып үйлөрүн жылытып чыгышат.

Кабаттуу үйдүн тургуну Медер Абдыракманов кышкысын терезени мыктылап жаап, калың көрпөлөр таң аттыраарын айтат:

- Жашоо эптеп эле өтүп аткандай. Кышта ар ким өз колунан келген нерсеси менен үйүн ысытат.

Көмүр жагайын десең меш курганга уруксат жок. Кышы менен газ жагып чыгам. Ал каяктан жылытмак эле, айла жок терезелерди катар-катар кленкалар менен жаап, төшөктү кабат-кабат кылып оронуп чыгабыз. Бешиктеги баламды таптакыр чечпейм.


Ушул эле 15-үйдүн биринчи кабатында жашаган Нуркан Орозбаева суук түшөрү менен 2 кичинекей баласын айылга жөнөтүп жиберет. “Болбосо бул жерде оорудан башы чыкпай калат” дейт ал:

- Суук болуп атса оорубай коймок беле? Айылга таэнесине жөнөтүп жиберебиз. Өзүбүз болсо үйдүн ичинде да жылуу кийинип алып жүрөбүз.

Электр менен меш коюп алганбыз, жарык өчүп калса аныбыз да жок. Аны жандырыш үчүн 2 күн өтөт. Газды жагалы десек абдан кымбат.


Мындай абалдагы кабаттуу үйлөрдүн саны Ошто ондоп саналат. Шаардык бийликтин маалыматында, 80ге жакын көп кабаттуу үй кышка даяр эмес турат.

Кубанычбек Алишеров
Калаадагы “Жылуулук камсыздоо” ишканасы көйгөйгө тургундардын өздөрү айыптуу экенин айтат. Мекеменин жетекчиси Кубанычбек Алишеров:

- Көп кабаттуу үйдө маселен 50 батир болсо, ошонун жарымынан көбү батирчилер. Кожоюндары бүт Орусия, Казакстанда же башка жакта. Үйдү сатып алып, туугандарына таштап кетишкен. Барсаң студенттер “биз билбейбиз, үйгө ээлик кылбайбыз” деп кутулушат. Анан маселе чечилбеген бойдон кала берет. Өздөрү кызыкдар болбогондон кийин биз кантип чечип беребиз?

Алишеровдун белгилешинче, батирлер жеке менчик болгондон кийин ар бири өз үйүнө өзү түтүк тартып, жылуулук алып кириши керек. “Бирок көпчүлүгү буга макул эмес” дейт ал:

- Бизден баштап үйүнө киргенге чейинки түтүктөрдүн бүт акчасын адамдар өздөрү төлөшү керек. Ага мамлекет да төлөбөйт, мэр да төлөбөйт, биз да төлөбөйбүз. Азыр заман башка. Батир менчик болуп аткандан кийин ар ким өз маселесин өзү чечиш керек да. Эми 2 жылдан бери өздөрү кызыгып, акча төлөгөн 7 үйдү жылуулукка кайрадан туташтырдык. Быйыл да көп кабаттуу 4 үйгө түтүк тартканы турабыз.

Деген менен жылуулуксуз калган 4 миңдей батирдин жашоочулары түтүктөрдү тартууда өз чамалары жетпей жатканын айтып келүүдө. Ошол себептүү көпчүлүгү көгүлтүр отун, электр же көмүр менен үйлөрүн ысытууга аргасыз. Бирок булардын баасы деле тургундарга арзан түшпөйт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG