Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Нарын кышка кам көрүүдө


Кышы катаал Нарын облусунун тоого жакын айрым айылдарында эртели-кеч кадимкидей эле төн пайда болуп калды. Ага жараша эл азыр кыш камын жеп жаткан кези. Кышында электр кубатын да, көмүрдү да, тезекти да бирдей пайдаланып жүргөн Достук айылынын камылгасы кандай?

Достук айылында эки кабаттуу үйлөр басымдуулук кылат. Алар Ат-Башы ГЭСке караган борбордук жылуулук менен камсыздалып, жер үйдөгүлөргө 10-15 тонна эле көмүр керектелет. Бул тууралуу айыл округунун башчысы Талгарбек Абдырасулов айтып берди:

- Жер үйлөрү бар тургундар аз эле. Баары болуп 10-15 тонна көмүр керектелет. Көмүр менен жагылчу үйлөр аз. Алар 1-1,5 тоннадан көмүр түшүрүп алышты. Мен бүгүн балдарга “үйлөрдү кыдырып, дагы кимге канча тонна көмүр керек экенин билгиле” деп тапшырма бергем.

Анткен менен жер үйдө жашагандар деле көмүр албай кыштан чыгып кете алышат. Маселен, Максаттын үй-бүлөсү кышка даярдана элек:

- Кышка даярдык азырынча баштала элек. Көмүр келе элек, айлыкка алабыз.

“Азаттык”: Мисалы, былтыр кышында канча тонна көмүр алдыңыз эле?

- Былтыр көмүр алган эмесмин. Мурдагы жылы алгам.

“Азаттык”: Кыштан кантип чыктыңыз?

- Эл катары электр кубатын колдондук. Бул жакта көпчүлүгү ГЭС болгондон кийин электр кубатын колдонот.

“Азаттык”: Бир сезондо жарык канча төлөйсүңөр?

- Айына 2500-3000 сомго чейин жагабыз.

Айылдын дагы бир тургуну Темиркул мырза бир тонна эле көмүр алган экен:

- Бүгүн Туруктан келип, көмүр сатып кетишти, тоннасын 3200 сомдон. Бир тонна алдым, үйдүн жылуулук системасы жаңы чыккан печка менен коюлган. Ошон үчүн аз жагылат. От аз кетет, бир чака көмүр 12 саатка жетет, Бишкектен алып келдим.

Ал эми Кенжебек аттуу айыл тургуну жаздан тарта эле көң оодарат. Ал бир кышта 5-6 кап көң-тезек жагат экен:

- Үйдү жылуулап, отун-суу камдап дегендей, тезек-көң жыйып койгом, көмүр да түшүрүп койгонбуз. Отундарды камдап койгонбуз. Бир кыштан чыгыш үчүн 5-6 кап эле кетет. Өзүм кичинекей үйдө жашайм. Көмүрдөн анча-мынча эле алып койом. Үй кичинекей, чоң үйгө ошондой камынасың да.

Нарын облустук бийлигинин маалыматына караганда, облуска 42 500 тонна көмүр керектелет. Анын 22 миң тоннасын эл жагат, калганын бюджеттик мекеме-ишканалар колдонот.
XS
SM
MD
LG