Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:59

Карасартова: Жаман сотту жакшы кылса болот


Сотторду тандоо кеңешинин айланасындагы талаштар туурасында Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова "Азаттыкка" маек курду.

- Укук коргоочулар кеңеши Сотторду тандоо кеңешине кысым көрсөтүүлөр болуп жатканын билдирип жатышат. Сиздер да кеңештин тарашына каршы экениңиздерди айтып жатасыздар. Булардын бардыгы эмнеге негизделип айтылууда?

- Сотторду тандоо кеңешин таратабыз, анткени ал иштеп баштаганда элдин ишениминен чыгып кеткен деген сын-пикирлер болуп атат. Бүгүнкү күндө мыйзам чегинде аларды тарата турган жол жок. Эгер биз укуктуу мамлекет кургубуз келсе, мыйзамда кандай жазылса ошол жол менен жүрүшүбүз керек.

Бирок бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамдын негизинде алардын кайсы бир мүчөлөрүн чыгарса болот. Мисалы, кеңештин Скептичева деген бир мүчөсү Орусия жараны деп айтылып жатат. Ошол мамлекеттик деңгээлде далилденсе, кеңеш мүчөсү ошонун негизинде өз ыктыяры менен чыгышы керек.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көйгөйлөр адамдардан деле көз каранды эмес, системага байланыштуу көйгөй болуп атат.

Мыйзамда адамдын кадыр-баркына, беделине байланыштуу дагы бир бөлүмү бар. Анын негизинде кайсы бир соттун мыйзамсыз иштерге малынганы далилденсе, ал да арыз жазып чыгып кетиши керек.

Андан сырткары Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү партия менен байланышы жок деген бөлүмү бар. Бирок кеңештин айрым мүчөлөрү жыйындарда партия менен байланышы бар экенин, ал тургай мүчөсү экенин ачык эле айткан жооптору бар. Алар кассетага жазылып калган. Ошолорду аныктап чыгып, кеңештен чыгарса болот. Алардын ордуна татыктуу, таза инсанды алып келишсин. Андан кийин кеңеш өзүнүн ишин уланта берет.

- Башында өзүңүздөр да Сотторду тандоо кеңешинин айрым мүчөлөрүн кайрадан шайлоо керек деп билдирип чыктыңыздар эле. Балким толугу менен таратып, мүчүлүштүктөрдү жоюп, кайра баштоо керектир? Эгер тарап кетсе, анын арты эмнеге алып келет?

- Азыр муну кандай жол менен таратса да ал мыйзамсыз жол болот. Таратып, башынан тандайбыз деген учурда деле азыркы иштеп жаткан кеңештен жакшырак курам кура албайбыз го деп ойлойм. Анткени биз иликтөө жүргүзүп жүрөбүз.

Мисалы, шайлоого чейин абал бир аз жакшырак болот. Анткени бүт талапкерлер жакшы нерселерди убада кылат, эл үчүн деп иштеп калган мөөнөт болот. Ал мөөнөт өттү, президент шайланды. Азыр эми президентке кошомат кылган бийликтеги кишилер "биздин талапкер өттү, иш орундарыбызда калат экенбиз" деп эс алып калышты. Ошондуктан жаңы курам бийликтин кишилери болуп калат. Бул кандайдыр бир иликтөөнүн негизинде чыккан жыйынтык. Жыл сайын эле ушундай болот.
Кеңештин айрым мүчөлөрү жыйындарда партия менен байланышы бар экенин, ал тургай мүчөсү экенин ачык эле айткан жооптору бар.

- Сотторду тандоо кеңешинин тегерегинде талаш-тартыш көптөн бери эле соңуна чыга албай келатат. Сот системасын көзөмөлдөп жургөн адам катары айтсаңыз, ушул маселелердин тегерегиндеги азыр болуп аткан окуялар саясатпы, же укук бузуубу?

- Тилекке каршы бул саясат, оюнга айланып баратат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы көйгөйлөр адамдардан деле көз каранды эмес, системага байланыштуу көйгөй болуп атат. Ошондуктан системаны оңдоп, жаман иштеп жаткан сотко деле "үч жолу туура эмес чечим чыгарсаң жумуштан кетесиң" деген нормаларды киргизип, сот залына видео камераларды орнотсо, кызматта калуу үчүн да ошол сот жакшы, мыйзам чегинде иштегенге аракет кылат. Бул киши жаман, тигил киши жаман дебестен системалуу өзгөртүүлөргө алып келсе жакшы болот эле.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG