Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Дэвид Грант: Кыргызстанда эч нерсе каза элекпиз


"Талас Коппер Голд" компаниясы иликтөө жүргүзгөн объект, сүрөт качан тартылганы белгисиз.
"Талас Коппер Голд" компаниясы иликтөө жүргүзгөн объект, сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Акыркы жарым жыл ичинде чарбалык объектилерине эки ирет кол салынып, өрттөлгөн “Талас Коппер Голд” компаниясынын жетекчиси Дэвид Грант соңку окуядан кийин атайын “Азаттык” үчүн маек курду.

"Азаттык:" Грант мырза, соңку кол салууну сиздер жергиликтүү тургундардын колунан келген иш эмес деп атадыңыздар. Анда мунун артында силердин ыктымал атаандаштар туруп жаткан жокпу?

Дэвид Грант: Биз бул жергиликтүү жамааттын колунан келген иш эмес деп айтканыбыздын себеби ал - Кыргызстанда акыркы жылы орун алган ушундай инциденттерден айрымалангандыгында. Күн мурунтан даярданып, атчан жана май куюлган бөтөлкөлөр менен келген он чакты адам компаниянын жайларына түн ортосунда кол салган. Алар имаратты өрттөп, жумушчуларга кол салууну көздөгөн. Бул буга чейинки инциденттерден башкача.

Мунун артында ким турганын мен билбейм. Бирок жакшылап уюштурган бирөө бардай. Ал ким болушу мүмкүн экендиги боюнча бизде эч далил жок. Лицензия алган аянттарың жакшы болсо, буга албетте көптөгөн компаниялар кызыгат. Бул - кадимки иш. Бирок мен айткандай бизде эч далил жок. Менимче, милиция инцидентти жана анын артында ким туруп, уюштурганын иликтөөдө.

“Азаттык:” “Талас Коппер Голд” жоопкерчилиги чектелген коомуна ээлик кылган эки компаниянын дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө казган, чалгындаган кендери бар экен. Таластагыдай инцидентке башка өлкөлөрдө да кабылгансыңарбы?

Дэвид Грант: “Голд Филдз ЛТД” чоң компания. Казган алтындын көлөмү жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турат, жылына 110 тонна алтын өндүрөт. Ар кайсы өлкөлөрдө дагы жыйырмадай жерди чалындоодо. Бул жагынан чоң тажрыйбага ээ. Кыргызстандагыга окшош соңку окуя мен билгенден Перуда болгон. Ал жерде жергиликтүү коомчулук менен карым-катнаш боюнча маселе чыккан. Жергиликтүү жаамат менен сүйлөшүүлөр учурунда өндүрүш токтоп да калган болчу. Ооба, бул Кыргызстанга эле мүнөздүү көрүнүш эмес.
Биздин компания лицензия алган аймактарынын биринен кен тапты. Табылган кен алтындын экиваленти менен эсептегенде он миллион уницийге жакындай. Эгер өндүрүш жагы менен эсептесек, кен табылган жерди өздөштүрүү он жети жылга созулат. Жылына 23 миң тонна жез, 6,3 тонна алтын, 800 тонна молибден өндүрүлөт. Анткен бул жалгыз эле алтын эмес, алтын, жез, молибден аралашкан кен. Бирок бул али толук далилдене элек, далилдөө үчүн бери дегенде дагы үч жыл чалгындоо жүргүзүү зарыл.

“Азаттык:” “Талас Коппер Голддун” колунда төрт аймакты (Баркол, Талды-Булак, Кең-Таш, Коргон-Таш) чалгындоо боюнча лицензия бар экен. Силер ал лицензияларды качан алгансыңар, президент Акаевдин же президент Бакиевдин өкмөттөрү учурундабы. Эгер бул эки президенттин тушундагы коррупцияны эске алсак, силер лицензияга канчалык ачык-айкын ээ болгонсуңар?

Дэвид Грант: Бул жакшы суроо. Анткени көп учурда (лицензияларды берүүдө) транспаренттүүлүк болгон эмес. “Голд Филдз”
(Түштүк Африкада жайгашкан компания, “Талас Коппер Голддун” 60% акциясынын ээси) Кыргызстанга 2007-2008-жылдары келип,
“Талас Коппер Голдду” сатып алган. Бул “Голд Филдз” менен “Орсу” (Британияда жайгашкан компания, “Талас Коппер Голддун” 40% акциясынын ээси) компаниялары ортосундагы макулдашуу болгон. “Орсу” - “Талас Коппер Голдду” түзүп, ага толук ээлик кылган баштапкы компания. Алар лицензияларды 2005-жылы ага чейин эч кимге берилбеген, эч ким талашпаган, эч ким кызыкпаган аймактар боюнча алган. Ал жерлер совет доорунда чалгындалган, бирок терең изилдөө жүргөн эмес.

“Азаттык”: Демек силер лицензияны биринчи ыңкылапка чейин алып отурасыңарбы. Ишиңер азыр кайсыл баскычта?

Дэвид Грант: Менимче, биринчи ыңкылаптан кийин. Мен ал учурда бул компанияда иштеген эмес элем. Бирок лицензия мурда эч кимге берилбеген, кен бардыгы аныкталбаган аймактар боюнча алынган. Ал аймактар бош болгон. Компания жаратылыш ресурстар министрлигине барып, лицензияны, инвестицияны жана чалгындоо программасын макулдашкан. Мен түшүнгөндөн Кыргызстанда лицензиянын эки түрү бар. Биринчиси чалгындоого, экинчиси табылган кенди өздөштүрүүгө. Бизде чалгындоо үчүн гана лицензиябыз бар. Ага ылайык, биз бул аймактарды чалгындап, кен бар-жогун аныктайбыз. Эгер табылса, мамлекетке кабарлайбыз. Биз бул өлкөдө азырынча эч нерсе каза элекпиз. Чалгындоодо экологиялык тобокелчилик аз.

"Талас Коппер Голддун" геологдорунун өрттөлгөн лагери, 8-октябрь.
"Талас Коппер Голддун" геологдорунун өрттөлгөн лагери, 8-октябрь.
“Азаттык:” Кандай дейсиз, азыр силер чалгындап жаткан аймактардан кокус кен табылса, аны казуу укугун эң биринчи кезекте силердин компания алуусу керекпи. Дегеле чалгындап жаткан жерлериңерде канчалык көлөмдө байлык бар экен. Бүгүнкүгө карата божомолуңар кандай?

Дэвид Грант: Дүйнөнүн бардык жеринде чалгындоо жүргүзгөн компания эгер бир нерсе тапса аны казууга эң биринчи кезекте укуктуу болуусу керек. Чалгындоо көп инвестицияны талап кылат. Тобокелчилик да жогору. Бир нерсе табууга мүмкүндүк миңдин биринде эле бар. Андыктан аны иштетүү укугуна ээ болушуң керек.

Ооба, биздин компания лицензия алган аймактарынын биринен кен тапты. Табылган кен алтындын экиваленти менен эсептегенде он миллион уницийге жакындай. Эгер өндүрүш жагы менен эсептесек, кен табылган жерди өздөштүрүү он жети жылга созулат. Жылына 23 миң тонна жез, 6,3 тонна алтын, 800 тонна молибден өндүрүлөт. Анткен бул жалгыз эле алтын эмес, алтын, жез, молибден аралашкан кен. Бирок бул али толук далилдене элек, далилдөө үчүн бери дегенде дагы үч жыл чалгындоо жүргүзүү зарыл. Кокус учурдагы божомолдор чындыкка айланса, кенге жакын жерде фабрика салынат, 2000дей жумушчу орун түзүлөт. Аймактын экономикалык өнүгүшү үчүн чоң инвестиция болот. Таластагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук.

“Азаттык:” Силер жергиликтүү эл менен мамилебиз жакшы деп ырастап жатасыздар. Жарандар биринчи кезекте экологияга тынчызданарын айтышат. Алардын талаптары менен тынчыздануулары жөндүүбү?

Дэвид Грант: Узак мөөнөттүү инвестиция салынып жаткан жердеги жамааттардын баарында мыйзамдуу талаптары жана тынчыздануулары болот. Жамаат менен иштешүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Жумушка башка жактын эмес, көбүнесе ошол айылдын (Таластын Арал айылы) тургундарын алуудабыз. Ишибизде эл аралык тажрыйбанын алдыңкы жетишкендиктерин колдонуудабыз, анын ичинде экология боюнча да.

Чалгындоо учурунда экологияга олуттуу деле коркунуч жок. Бир гана маселе дөңсөлөр аркылуу салынган жол. Ал деле кадимки жол экендигин адамдар көрө алат. Экология боюнча тынчсыздануулар көбүнесе туура эмес маалыматтардан улам гана чыгууда. Биз адамдарды бул жаатта окутуу үчүн колдон келгенди жасоодобуз.

“Азаттык:” Силер чалгындоо иштерине канча каражат короттуңар, төлөп жаткан салыгыңардын көлөмү кандай, иштеп жаткандардын канчасы жергиликтүү тургундар?

Дэвид Грант: “Талас Коппер Голд” 2005-2010-жылдардан аралыгында инвестиция катары он беш миллион доллар коротту. План боюнча быйыл жыл аягына чейин 2,5 миллион доллар, алдыдагы үч жылда дагы 25 миллион доллар сарпталат. Учурда иштеп жаткан 49 адамдын жарымынан көбү Таластын Арал айылынан. Иштөөчүлөрдүн саны өссө, жумушка алынуучу жергиликтүү тургундардын саны да көбөйөт. Маселен ноябрь-декабрдагы бургулоо программалары үчүн биз жумушка алтымыш адамды Арал айылынан алууну пландап жатабыз. Салык жагын айтсак, быйлкы түз төлөөчү салыгыбыз 100-140 миң доллардын тегерегинде болот. Мындан сырткары тикелей эмес салыктар да бар.

“Азаттык:” Таласка чейин Кыргызстандын башка аймактарында да кен чалгындап жаткан чет өлкөлүк, өзгөчө кытайлык компаниялардын ишине каршы нааразылык акциялары болгон. Жергиликтүү тургундар алар лицензияны качан, кантип алып алышканын билишпейт экен. Ушул өңдөнгөн окуялардан улам жана дүйнөлүк базарда алтын баасы кымбаттаганынан улам кыргыз бийлиги тоо-кен тармагында оюндун жаңы эрежесин киргизүүнү көздөп жаткандай. Айрымдар өкмөт өзгөчө алтын казуучу компанияларда 40 пайыздан ашуун үлүшкө ээ болуусу керек деп сунуш кылышууда. Сиздин оюуңузча, бул кыргыз тараптын мыйзамдуу эле кадамы болобу?
“Талас Коппер Голд” 2005-2010-жылдардан аралыгында инвестиция катары он беш миллион доллар коротту. План боюнча быйыл жыл аягына чейин 2,5 миллион доллар, алдыдагы үч жылда дагы 25 миллион доллар сарпталат. Учурда иштеп жаткан 49 адамдын жарымынан көбү Таластын Арал айылынан.

Дэвид Грант: Эгер өкмөт үлүштү эле албай өз салымын да кошсо компаниялардын көбү бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү күтөт. Эгер сиз иштеп жаткан кен, аны казуу же чалгындоо боюнча оюндун эрежесин капыстан эле өзгөртүп жиберсеңиз ал долбоорлордун экономикалык жактан жарамдуулугу боюнча эсептерди бузасыз. Балким иштеп жаткан өндүрүштү токтотуп койосуз. Өкмөт бул багыттагы өзгөртүүлөрдү тармак кабыл алыш үчүн акырындык менен жаңыдан чалгындалуучу, жаңыдан иштетилүүчү кендер боюнча киргизүүсү керек. Өзгөртүү жасоо аркылуу инвесторлорду толугу менен чочутуп албоо маанилүү.

“Азаттык:” Дүйнөлүк базардагы соңку өзгөрүүлөр, алтын баасынын кымбатташы чет элдик компаниялардын Кыргызстандын тоо-кен тармагына кызыгуусун арттыргандай болду. Чын эле бул тармак аларды кызыктырып жатабы?

Дэвид Грант: Өлкө кен-байлыктар жагын карасак дайыма кызыктырат. Тармак чалгындоо жана иштетүү үчүн кызыктуу. Бирок стабилдүүлүк жана өлкөгө жетүү жагы ар убак татаал. Бул эми өкмөттүн иши. Эгер ал стабилдүүлүк жана коопсуздук маселесин чечсе, тоо-кен тармагына ири инвестицияларды тарта алат.

“Азаттык:” Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG