Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Байкоочу кеңешке басым жасалдыбы?


КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасын шайлоо айрым чырлар менен коштолду.

Аталган кеңештин мүчөсү Илим Карыпбеков төраганы шайлоодо президенттин аппаратынын өкүлдөрү кийлигишкенин жарыялады. Бирок бийлик өкүлдөрү мындай маалыматты төгүнгө чыгарууда. Байкоочу кеңешинин төрагасы кандай шартта шайланды, дегеле кеңештин мындан аркы иши кандай болот?

Дооматтар четке кагылды

КТРКнын Байкоочу кеңеши 30-апрелдеги алгачкы жыйынында Кылычбек Султановду көпчүлүк добуш менен өз жетекчиси кылып тандаган. Шайлоо эки тур менен өтүп, адегенде Фархат Бекмамбетов, Кылычбек Султанов, Илим Карыпбеков, Сабырбек Муканбетов жана Тынчтыкбек Чоротегин төрагалыкка өздөрүн өздөрү көрсөткөн.

Добуш берүүнүн экинчи айлампасына Илим Карыпбеков менен Кылычбек Султанов чыгып, 15 добуштан сегиз добуш алган Султанов КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланган эле.

Добуш берүү алдында президенттин аппаратындагы айрым адамдар шайлоо ишине кийлигишип, Кылычбек Султановго добуш бергиле деп үгүттөгөнүн Илим Карыпбеков айтып чыкты:

- Негизинен шайлоо процесси мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен таза өттү десек болот. Бирок шайлоо болоордун астында президенттик администрациядагы айрым адамдар кийлигишип, бир адамга мүчөлөрдү үндөшүп, бир талапкерди өткөрүүнү үндөгөнү жашыруун деле болгон жок. Ачык айтканда азыркы Байкоочу кеңештин төрагасына колдоо көрсөтүштү. Бул өтө терс көрүнүш. Себеби КТРК Байкоочу кеңешине азыртадан эле таасир көрсөтүүгө аракет кыла баштады. Андан сырткары мында түштүк-түндүк маселеси да аралашканы кеп болду. Менимче мунун баары президентти эле эл алдында жаманатты кылып коёт.

Карыпбеков Байкоочу кеңештин ишине эмитеден кийлигишүү фактысы коомдук каналга таасир этүү аракеттеринен кабар берет деп болжойт.

Бирок президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов дооматты четке кагып, бийлик Байкоочу кеңештин ишине кийлигишпей турганын белгиледи:

- Менин пикиримде, Байкоочу кеңешке өз ишин мыкты билген, белгилүү адамдар чогулган. Алар өздөрү кимди төралыгыкка шайлоо керектигин аныкташты жана Коомдук каналга эмне керек экенин жакшы билишет. Бул жерде кимдир бирөөнүн басымы же кийлигишүсү мүмкүн эмес. Муну менен катар эле кимдир бирөөнүн кайсы жерлик экени тууралуу сөз да болбош керек. Ал эми Кылычбек Султановду мен абдан адискөй жана күчтүү адам катары тааныйм. Ал өзүнүн ийгиликтүү долбоору менен медиа айдыңында канчалык мааниге ээ экенин далилдей алды.

Иш көп

"Супер-инфо" гезитинин негиздөөчү Кылычбек Султановду КТРКнын Байкоочу кеңешине Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы көрсөткөн. Ал эми Илим Карыпбеков жарандык коом тарабынан сунушталган эле.

Ошондуктан Байкоочу кеңештин башка мүчөлөрү жогорку бийликтегилердин кийлигишүүсү болбогонун ырасташууда. Байкоочу кеңештин мүчөсү Абды Сатаров Кылычбек Султановдун шайланышы - кеңеш мүчөлөрүнүн тандоосу болгонун белгилейт:

- Шайлоо учурунда кимдир бирөөнүн кийлигишүсүн же телефон чалууну байкаган жокмун. Менин деле көңүлүмдө Илим Карыпбеков төрага болсобу деп тургам. Бирок көпчүлүк деген көпчүлүк экен, ал жерде ар ким өз көңүлүнө, түшүнүгүнө жараша добуш берди. Мен бул жерден эч кандай саясат көргөн жокмун.

Толук курамы бекитилип, төрагасы шайланган Байкоочу кеңеш эми ишин эмнеден баштайт? Жаңы төрага Кылычбек Султанов бул маселе азырынча тактала электигин айтты:

- Байкоочу кеңеш – бул коллегиалдуу орган. Анын төрагасы чогулушка модератор болуу, жыйындарды чакыруу сыяктуу эле анча-мынча, формалдуу укуктарга ээ. Ал эми кеңештин иши жыйында кеңешилип, анан аныкталат.

Ошону менен катар Султанов КТРКнын бейтарап, калыс маалымат таратуусуна бардык мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн убада кылууда. Ал ортодо Байкоочу кеңеш жаңылангандан кийин КТРКнын жетекчисинин маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн деген сөз тарады. Буга байланыштуу Султанов мындай оюн ортого салды:

- Мыйзамда ал нерсе так көрсөтүлбөптүр. Бирок Байкоочу кеңеш деректирди дайындоого же кызматтан чакырып алууга укугу бар. Менин пикиримде, азыркы иштеп жаткан деректирди чакырып алууга эч негиз жок. Андан да маанилүү маселелер бар.

Улуттук телерадио корпорациясы 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Коомдук каналга айланган. 2010-жылы 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш үч жылдык мөөнөткө дайындалып, бирок быйыл жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу таратылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG