Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

КТРК: Коомдук канал куру кыял эмес


Мурдагы КТРдин алдында бир топ нааразылык акциялары өткөн, 2-февраль, 2006-жыл
Мурдагы КТРдин алдында бир топ нааразылык акциялары өткөн, 2-февраль, 2006-жыл

Улуттук телеканалды коомдук каналга айлантуу чечими айрымдардын нааразылыгын жаратууда. Кээ бир маданий ишмерлер ар бир өлкөнүн идеологиясын чагылдырган өзүнүн мамлекеттик телеканалы, басылмасы болушу керектигин белгилеп жатышат.

Ал эми жакында эле түптөлгөн Байкоочу кеңештин өкүлдөрүнүн айтымында, Коомдук сыналгы жана үналгы канал мамлекеттин жана жалпы атуулдук коомдун кызыкчылыгын көздөө менен мыкты сапаттагы, бейтарап маалыматтарды жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

2005-жылга чейин алгач КТР, анан УТРК болуп өзгөргөн Кыргызстандын бардык аймактарына чыкчу бирден бир компания бир топ сынга кабылган. Оппозиция өкүлдөрүн эфирге жолотпой, элдин, коомчулуктун үнүн чыгарбай калганына бир топтору нааразылыгын билдирип, УТРК “кара жашик” атка конгон.

Аны коомдук каналга (КТРКга) айлантуу идеясы да мына ошол себептен келип чыккан болчу. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин келген бийлик муну колго алып, бирок ара жолдо калган. Апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу өкмөт да бул башкы максаттардын бири экенин белгилеген.

Анктен менен УТРКны Коомдук каналга айлантуу демилгесине каршы пикирлер да жаралууда. Айрым маданий ишмерлер өлкөнүн идеологиясын, бүтүндүгүн жайылтуучу мамлекеттик канал, басылма болушу керектигин белгилеп жатышат. Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы Абдымамбет Сариев УТРКны Коомдук телеканалга айлантуу менен аны акчалуулар пайдаланып же болбосо каалаган адамдар колдонгон жайга айланат деп чочулоодо.

- Эгерде мамлекеттик телерадио жана гезиттер жок болсо ошол өлкөнүн идеологиясын жүргүзө турган, жол баштай турган куралдан ажырап калат. Анда буйрук аткара турган нерсеге айланат. Кимдир бирөөлөр акчасын берет да, ал мамлекеттин зыян-кесепетин тийгизип жатабы, мамлекетти талкалап коюга таасирин тийгизип жатабы бул чоң маселе болбой калат. Коомдукка айлангандан кийин акырындап отуруп менчикке өтүп кетет.

А.Сариевдин баамында, УТРК реформага муктаж. Бирок ал Коомдук деген аталышка жана Байкоочу кеңешке байланыштуу эмес. Бул жерде негизинен иш билги жана жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон жетекчи керек. Ал эми Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев да коомдукка айлантуунун кажети жок деген ойдо.

Реформа зарыл, талаптар арбын

Анткен менен жаңыдан эле түптөлүп ишин баштаган Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, коомдук ишмер Кадыр Өмүркулов бул бир гана үй-бүлө же бийликтин эмес, элдин үнүн уктуруу максатында жасалып жаткан кадам экенин айтат.

Анын айтымында, байкоочу кеңеш коомдук телеканалдын редакциялык саясатын иштеп чыгат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт. Мына ошонун ичинде мамлекеттин бүтүмдүгүн, биримдигин жана ынтымагын сактоо маселелери да камтылган.

- Ушурда бул абдан керек нерсе, демократиянын бир түрү. Телеканалды мурдагыдай бийлик эмес, коом башкарат. Бул кенен кесир сүйлөгөнгө, маалымат бергенге да жол берет да. Коомдун оюн, ошонун ичинде карапайым элдин баарына маалымат берүүгө жол ачылгандай болот. Телевидение мамлекеттик бойдон калат, бирок бул бир үй-бүлөнүн, бийликке келген адамдын менчигине айланбай коом башкарат. Сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынат.

Коомдук сыналгы жана үналгы каналдын дагы бир айырмасы – мурда УТРКнын жетекчиси президент тарабынан дайындалса, азыр КТРКнын жетекчиси Байкоочу кеңеш тарабынан тандалат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги боюнча атайын өкүлү Дунья Миятович Кыргызстанга келгенде да бул демилгени колдой тургандыгын билдирген.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мери Бекешова Коомдук каналга айлантуу азыркы учурдун талабы экенин белгиледи:

- Коомдук болсо көп эле өзгөрүү болот. Анын жетекчиси бийликтен көз карандысыз болот. Маалымат каналдары бейтарап болуп калат. Калгандары азырынча ошол эле бойдон калат.

Анткен менен медиа адистер арасында азыркы тапта Коомдук телеканалга айлантуу аракеттери жана Байкоочу кеңеш шайлоого чейин алгылыктуу иштерди жасай албайт деген пикирлер айтылып келет. Алардын айрымдары УТРКнын системасын өзгөртүү үчүн башка өлкөдөн убактылуу жетекчи алып келүүнү да сунушташууда.

XS
SM
MD
LG