Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Кайбалиев: бааны көтөрбөсөк, энергетиканы талкалап алабыз


"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары.
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары.

Электр энергиясынын азыркы баасы аны өндүрүүгө, жеткирүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдарды жаба албай калды.

Элүү жылдан ашуун иштеген ГЭСтердеги жабдуулар токтоосуз түрдө алмаштырууну талап кылат. Ошондой эле Бишкек менен Оштун жылуулук берүү борборлорунун чыгымдарын жабуу да электр энергиясын өндүрүүдөн түшкөн каражатка жүктөлгөн. Мына ушундай көйгөйлөр электр энергиясына болгон баа саясатын өзгөртүүгө түрткү болууда дейт “Электр Станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Аскаралы Кайбалиев.

"Азаттык": Электр энергиясына болгон бааны көтөрүү демилгеси эмнеден улам келип чыкты?

Кайбалиев: Электр энергияга болгон баа соңку он жылдан бери эч көтөрүлө элек болчу. Ал эми электр энергиясын өндүрүүгө аны жеткирүүгө жана таратууга кеткен чыгымдар жыл сайын көбөйүп отуруп, энергетика тармагы араңжан абалга кептелген. Чыгымдардын көбөйүшүнө инфляциянын деңгээли катуу таасир этүүдө. Мисалы, он сомдук бир буюмду өндүргөн адам аны кайра сегиз сомго сатпайт да. Бизде болсо ошондой абал түзүлүп жатат. Өндүрүлгөн электр энергиясы өзүн-өзү актабайт. Бирок биз эл кандай кабыл алат деген санаркоо менен электр энергиясынын баасын көтөрүү маселесин улам кийинкиге жылдырып келгенбиз. Ошол эле кезде биздин ГЭСтердеги жабдуулар жешилип, эскирип бүткөн. Мына ошол мындан бир канча жыл мурун орнотулган эң маанилүү жабдууларды, тетиктерди алмаштырып, жаңылашыбыз зарыл. Бирок бизде ага жетиштүү каражат жок. Абал мына ушундай шартта тура берсе, анда биз жакынкы эле келечекте энергетика тармагын сызга отургузуп, жоготуп алуу коркунучу бар.

Жешилип бүткөн жабдуулар...

"Азаттык": Мындан мурун эскирген жабдууларды алмаштырууга эл аралык каржы уюмдарынан насыя алынып жатканыңар боюнча маалымат чыкты эле. Ага сиздердин ички каржы булактарыңыздар кошулса да жетпейби? Тарифти көтөрүү менен гана абалды жөнгө салууга болот дегенге кандай жүйөңүз бар?
Биздин ГЭСтердеги жабдуулар жешилип, эскирип бүткөн. Мына ошол мындан бир канча жыл мурун орнотулган эң маанилүү жабдууларды, тетиктерди алмаштырып, жаңылашыбыз зарыл. Бирок бизде ага жетиштүү каражат жок.

Кайбалиев: Биздин бир жылдык амортизациялык фондубуз болгону 400 миллион сомду түзөт. Негизи эл аралык тажрыйбада бизге окшогон ишканалар бир жылдык чыгымынын 70 пайызын мына ошол оңдоп-түздөөгө кетиришет. Бирок биздин техникалык жабдуулар союз мезгилинде алынып келинип, ушуга чейин анын баасы кайра каралбагандыктан чыгымдардын жалпы фонду да аз. Мына ошондуктан бизде учурдагы каржылык абалга байланыштуу өзүбүздүн каражаттын эсебинен жабдууларды алмаштыруу, оңдоп-түздөө же тетиктерди жаңылоо маселеси өтө кыйын. Эл аралык донор уюмдардан насыялар алынган. Ага жылуулук берүү борборлорунун тетиктерин алмаштырдык. Анан “Токтогул” каскадындагы жабдуулардын тетиктерин оңдоп-түздөөгө да атайын долбоор даярдалып, Азия Өнүктүрүү Банкынан тиешелүү каражатты насыя алуу иштери жүрүп жатат. Мына ошондой долбоорлор иштелип чыгып жатканы үчүн гана айрым бир тетиктер алмашылып, энергетика тутуму токтоп калбай иштеп жатат. Болбосо электр энергиясын өндүрүүдө жасалган мына ошол иштин бардыгын өзүбүздүн күчүбүз менен жасаганга мүмкүн эмес эле.

"Азаттык": Айтсаңыз, анда ошол алынган насыяларды акырындан төлөш үчүн электрдин баасын көтөрүү жагы сунушталып жатабы?

Кайбалиев: Жок. Биз алган насыянын эсебинен биздин ГЭСтердеги жабдуулардын бардыгын алмаштырып, жаңыладык деп айта албайм. Болгону биз өтө зарыл деген негизги тетиктерди гана алмаштырып, оңдоп-түзөп, эптеп иштетип жатабыз. Мына ошол насыялардын эсебинен келген каражат жабдууларды жумушчу абалда кармап турууга гана чыгымдалды. Эгерде биз жабдуунун бардыгын алмаштырабыз дей турган болсок, ал өтө чоң сумма. Аны биз келечекте өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрүбүздүн эсебинен гана аз-аздан бүтүрүшүбүз зарыл. Ал үчүн негизги каржы булагы тариф болушу керек. Электр энергиясынын азыркы баасы менен биз эч бир жаңылоо иштерин жасай албайбыз.

Социалдык колдоону камтыган баа саясаты

"Азаттык": Электр энергиясынын сиздер сунуштап жаткан баасы кандай негизде келип чыкты?

Кайбалиев: Карапайым элге оорчулук келтирбеш үчүн 300 кВт жайкы убакка, 600 кВт кышкы убакка мурдагыдай эле 70 тыйындан болот. Бул күнүмдүк турмушта көпчүлүк кыргызстандыктар пайдаланган эле өлчөм. Буга негизинен турмуш-тиричилик техникасын колдонуу жана тамак бышырууга кеткен электр тогу кирет. Ал эми электр энергиясын жайында 300 кВт, кышында болсо 600 кВттан ашык колдонгондор алар аны үйүн жылытууга же кандайдыр бир ишкердик үчүн пайдаланып жаткан болот. Анткени кадимки турмуш-тиричилик үчүн андан ашыкча электр энергиясы сарпталбайт. Мына ошол өлчөмдөн көп пайдалангандар бир сом жыйырма тыйындан төлөшөт. Анан үчүнчү категориядагылар өзүнчө трансформатор орнотуп, 3 фаза менен электр тогун пайдалангандарга коммерциялык негизде эки сом жыйырма тыйындан баа коюлат. Анткени мына ошол өлчөмдөгү электр тогу ишкердик үчүн же башка бир ири көлөмдөгү турак-жайларды жылытуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Алар ири өлчөмдө пайда көргөн ишкерлер катары мына ошол талап кылынган шартта төлөөгө тийиш.

Он бир тыйындан өсүп отурган өздүк нарк

"Азаттык": Электр энергиясын жеринде өндүрүүнүн өздүк наркы, аны жеткирүүгө кеткен жана бөлүштүрүүгө чегерилген чыгым кошулганда канча болот?
Мисалы, он сомдук бир буюмду өндүргөн адам аны кайра сегиз сомго сатпайт да. Бизде болсо ошондой абал түзүлүп жатат. Өндүрүлгөн электр энергиясы өзүн-өзү актабайт.
Кайбалиев: Электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркы 10, 66 тыйынды түзөт. Тегеректеп айтканда 11 тыйын. Аны улуттук электр тармактар ишканасы ГЭСтерден алып, жогорку чыңалуудагы линиялар аркылуу ташып жеткирет. Алардыкы менин билишимче 15-17 тыйынга чыгат. Ал эми электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын чыгымы кошулганда 40 тыйындын тегерегинде болот. Бул эми мендеги анча так эмес маалымат. Бул боюнча Энергетика министрлиги так торчону жарыялаш керек. Менин билишимче, бардык чыгымдар биригип отуруп, ал жакка 15% гана рентабелдүүлүк кошулганда 1 сом 15 тыйынды түзөт. Буга кошумча инфляциянын деңгээлине ылайык 5% кошулганда 1 сом жыйырма тыйынга барабар болот.


Жылуулуктун жүгүн көтөргөн ГЭСтер

"Азаттык": ГЭСтерде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы 11 тыйын болсо, аны ташып жеткирүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдар мында өтө эле көп көрсөтүлүп жаткан жокбу?

Кайбалиев: Биз бул жерде анын өздүк наркы 11 тыйын деген менен бул жерде биз буга жылуулук берүү борборлорундагы электр энергиясын жана жылуулукту өндүрүүгө кеткен чыгымдарды да кошуп карашыбыз абзел. Биз жылуулук берүү борборунан чыгарган электр энергиясынын баасы 2 сом 10 тыйын. Бир гига калория жылуулуктун өздүк наркы 918 сом. Биз мында ГЭСтер менен ТЭЦтерди кошуп чыгарганда жалпы өндүрүмдүн өздүк наркы 30-35 тыйынга барабар болуп калат. Себеби бул тармактагы ич ара кесилишкен колдоо принцибине байланышкан эсеп. Анткени бизде жылуулук берүү борборлору чыгашалуу ишканалар. Андан өндүрүлгөн электр энергиясы дагы жылуулук дагы өзүнүн чыгымын жаппайт. Аны биз ГЭСтерден өндүрүлгөн электр энергиясы менен жабабыз.
XS
SM
MD
LG