Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:54

Курулбаган ТЭЦтин күйүтү


Бишкек Жылуулук борборунан агып чыккан көмүр. 4-февраль, 2014-жыл.
Бишкек Жылуулук борборунан агып чыккан көмүр. 4-февраль, 2014-жыл.

11-апрелде жарык көргөн гезиттер өкмөттүн курамы, жылуулук, ж.б. бир топ орчундуу көйгөйлөр тууралуу жазышты.

Бүгүн жарык көргөн “Жаңы агым” гезитине журналист Тынчтык Алтымышев “Кылым курулушунун келечеги жокпу?” деген аталышта “Чыгышэлектр” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев менен маектешти. Нарын дарыясын бойлой салына турган ГЭСтер тууралуу кеп кылган Аргынбаев курулуштун долбоору баштаганда 480 миллион доллардын тегерегинде болот деп айтылып, кийин баасы 727 млн.г долларга чыкканын, ошондо эксперттердин эсеби боюнча 1 киловатт электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн 2 миң евро сарпталарын, демек мунун артында чоң коррупция жатканын түшүндүрөрүн, ушунун баары биздин өкмөттүн энергетика тармагына да жакшы билбегендер топтолуп алганын, тагыраак айтканда тармакка энергетиктерди эмес башка кесиптегилерди жетекчи кылып койгондугунун кесепетинен ушул сыяктуу кейиштүү көрүнүштөр келип чыгып жатканын айтты. Энергетик Сапар Аргынбаев муну менен бирге эле Кара-Кече көмүр кенинен 4-10 километр төмөнкү зонага азыркы талапка жооп бере турган ТЭЦ курсакпы деген сунуш болгонун, ошондо кендеги көмүрдү бирдей өлчөмдө майдалап туруп, суу менен төмөн карай агызып, ылдый жагындагы орнотулган тосмо аркылуу сүзүп алып, көмүр түз эле ТЭЦтин мешине барып түшүп турмагын, төрт блоктон турган меш күнү-түнү иштеп, ар бири 300 мегаваттан болгондо жалпысы 1200 мегаватт электр энергиясын иштеп чыгармагын, ошондо 1200 мегаватт кубаттуулуктагы энергияга ээ болуп, ал үч жылда өзүн өзү актамагын, экологиялык жагынан да, коопсуздук жагынан да пайдалуу болмогун, тилекке каршы, кыргыз өкмөтү муну колдоого албай койгонун кеп кылды.

“Де-факто” гезити “Замандаш-Современник” саясый партиясынын теңтөрагасы Сапарбек Асановдун маегин тартуулады.

Мирлан Дүйшөнбаевдин макаласы жаңы дайындалган маданият министри Камила Талиева тууралуу сөз кылды. Журналист Тынчтыкбек Бешкемпиров макаласында Жогорку Кеңештин депутаттарын бир сыйрадан сыдыргыдан өткөрүп чыкты. Жазуучу Нуралы Капаровдун Салижан Жигитовду эскерүү баянын басууну улантты.

“Алиби” гезити айтылуу акын Жолочу Рыспаевдин бир бет ырларын жарыялады.

Публицист Кубан Мамбеталиев гезитке “Бийликтин жөндөмү жана элдин чыдамы” деген ат менен маек курду.

Жалал-Абад шаарындагы Санрабия Сатыбалдиеванын апасын эскерүү баяны, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы музейдин башчысы Жумакан Мамбетованын “Н. М. Пржевальскийдин кыргыздарды кыргандыгы тууралуу бир дагы тарыхый маалымат жок” деген маеги да мына ушул “Алиби” гезитинин бүгүнкү санында.

“Фабула” гезити депутат Курманбек Осмоновдун “Мен премьер болсом Токон Мамытовду алмаштырбайт болчумун” деген интервьюсун тартуулады. Азыркы кыйын учурда өкмөттүн башына бардык жагынан такшалган, иш билги адам келиши керектигин белгилеген Курманбек Осмонов Жоомарт Оторбаев бизнести жакшы түшүнөрүн, өзү сыпайы, жумшак, европалык маданияты жетиштүү болгон менен катуулугу жетишпесин, керек жерде үстөлдү бир муштап чечкиндүү боло албасын айтты. Эгер ал өкмөт башчы болгондо Токон Мамытовду эч качан кызматтан албасын, анткени ал ишин билген, кесипкөй адис экенин, коопсуздук, чек ара, укук коргоо тармагын жакшы билген профессионал кадр болгонун, ал эми анын ордуна келген Маматалиевди эми бир кезде моджахеддердин колуна туткунга түшкөнсүң деп жектей бербешибиз керектигин белгилеп өттү. Кабарчынын: "Бүгүнкү күндө “Ата-Журт” партиясынын лидери Ташиев Улуттук оппозиция кыймылынын теңтөрагасы болбодубу. Ал оппозициядагылар менен сиздин мамилеңиз кандай? Деги эле “Ата-Журтту” толугу менен оппозицияда деп айтууга болобу?" деген суроосуна Курманбек Осмонов: "Биздин фракцияны толугу менен оппозицияда деп айтууга болбойт. Себеби фракциядагы депутаттардын көз караштары бирдей эмес, баары эле Ташиевдин айтканын угуп, жаса дегенин жасай бербейт. “Ата-Журтка” таасын жеп, тукумуна кол койгондор” чогулган. Мисалы, мени ким келип алдай алат?" деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG