Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Өкмөт көмүр тендерин тымызын өткөрөбү?


Бишкек жылуулук борбору
Бишкек жылуулук борбору

Кыргызстан 2015-2016-жылдардагы жылытуу сезонуна даярдык көрүүгө киришти. Бул жылы да мамлекет 1 млн. 400 миң тонна көмүр сатып алууну чечти.

“Электр станциялар” акционердик коому быйылкы жылы Таш-Көмүрдөн142 млн. сомго, Кара-Кечеден 1 млрд. 260 млн. сомго, жалпысынан Кыргызстан ичинен 500 миң тонна көмүр сатып алууну чечкен. Ал боюнча 15-майда тендер өткөрүлөт.

Ага чейин “Электр станциялар” акционердик коому Казастандан ири өлчөмдө көмүр сатып алуу боюнча дагы бир тендер өткөрөт. 13-майда өткөрүлө турган бул тендерде 3 млрд. 488 млн. сомго 900 миң тонна көмүр сатып алынат.

Бул тендерлер мамлекеттик сатып алуу боюнча сайтка жайгаштырылган. Бирок көмүр сатып алууну түздөн-түз уюштуруп жаткан “Электр станциялар” акционердик коомунун сайтында андай маалымат жок.

Ошондуктан көмүр сатып алууда купуялуулук сакталууда дейт энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев:

- Чындыгында бул жерде жашыруун, бекитүү менен 900 миң тонна көмүр боюнча тендерди өткөрөбүз деп жатышат. 2015-2016-жылга "Бишкек жылуулук" борборуна 1 млн. 400 миң тонна көмүр алабыз деп пландаштырып жатышат. 900 миң тонна Казакстандын көмүрү, 500 миң тоннасы Кыргызстандыкы.

Расул Үмбөталиев
Расул Үмбөталиев

Расул Үмбөталиев көмүргө коюлган бааны сатып алуучу тарап, “Электр станциялар” акционердик коому өткөн жылга караганда бир топ жогору койгонун кошумчалады.

Эксперттин маалыматы боюнча, былтыркы жылы монополист “Прогресс компани” Кыргызстанга бир тонна көмүрдү 54 доллардан ашуунга сатса, быйылкы жылы жеңген компания 65 доллардан сатмакчы. Анткени тендердин шарты боюнча “Электр станциялар” акционердик коому 900 миң тонна көмүргө 3 млрд. 488 млн. сом төлөйт. Демек бир тонна казак көмүрү 3 миң 876 сом же 65 доллар болот.

“Электр станциялар” акционердик коомунун сатып алуулар жана логистика бөлүмүнүн башчысы Улан Турдубаев былтыркы жана быйылкы баалардагы айырмачылыкты акчанын курстук айырмасы менен байланыштырды. Бирок бир долларды 65 сомдон эсептеген күндө да быйылкы жылы казак көмүрүнүн бир тоннасы 60 доллардан айланып каларын жөнөкөй эсеп көрсөтүп турат.

Улан Турдубаев тендер өткөрүү боюнча маалымат өкмөттүк гезитке жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтка жайгаштырылганын айтып, сатып алуулар жашыруун түрдө жүргүзүлүүдө деген айыптоону четке какты.

Быйылкы жылы тендердин ылдам өткөрүлүп жатышын Улан Турдубаев "Бишкек жылуулук" борбору жаз-жай айларында электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн иштетилиши менен байланыштырды:

- Ооба, жайында да "Бишкек жылуулук" борбору электр энергиясын иштеп чыгарат. Ошого тендер тез өткөрүлүүдө.

Кыргызстанда "Бишкек жылуулук" борборуна көмүр сатып алуу эң эле​коррупциялашкан. Былтыркы жылы “Электр станциялар” акционердик коому жогорку бийликтегилердин кысымы менен көмүр сатып алуу боюнча тендерди үч жолу үзгүлтүккө учуратып, соңунда мыйзамсыз жол менен бир булактан көмүр сатып алууга барганы маалым болгон. Ал бир булак Казастандагы олигарх Александр Машкевичке таандык “Прогресс компани” болуп чыккан.

Чындыгында бул жерде жашыруун, бекитүү менен 900 миң тонна көмүр боюнча тендерди өткөрөбүз деп жатышат.

Былтыр көмүр сатып алуудагы коррупцияга ал кездеги башкы прокурор Аида Салянованын жакындары жана кызматкерлери да аралашып, алар “Прогресске компаниге” атаандаш катары “Жезказган энергосбыт” компаниясын алып чыгышкан. Бирок бийлик Салянованын жакындарына сокку уруп, анын соңу камакка алуулар жана кылмыш иштер менен аяктаган. Ал жаңжал президент менен Аида Салянованын мамилесин бузуп, соңунда баш прокурор кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Кызматтан кеткенден кийин Салянова көмүр коррупциясына эң жогорку бийлик башындагылардын тиешеси бар экендигин жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада энергетика тармагындагы абал боюнча жыйын куруп, анда “коррупция энергетика тармагын өнүктүрбөй, четинен ыдыратып жатканы белгилүү. Энергетикадагы эбегейсиз каржы агымдары, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларга багытталган акча тармактагы чиновниктердин көзүн кызартып, алкымын тыйдырбай жатат” деген эле. Ал коррупцияга аралашкандарды камак менен коркуткан. Бирок быйылкы жылы алдын ала көмүргө баалардын жогору коюлушу шектүү ойлорду жаратат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG