Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Көмүр чыры кайрадан күн тартибинде


Кыргызстанда быйылкы кыш үчүн алынуучу көмүргө жарыяланган тендерге байланыштуу чыр чыкты.

Айрым жарандык коомдун өкүлдөрү жана парламент депутаттары “Электр станциялар” ишканасы мыйзамды бузуп, тендерсиз Казакстандан көмүр алаарын сындап жатышат.

Быйылкы кыш сезону үчүн Бишкек жылуулук борборуна алына турган көмүр айланасындагы мыйзам бузууларды “Таза табигат” бейөкмөт уюмунун төрайымы Анара Дауталиева айтып чыкты. Анын ырастоосунда, “Электр cтанциялар” ишканасы мыйзамдарды одоно бузуп, бул борборго тендерсиз эле көмүр сатып алууну көздөп жатат:

- “Электр станциялар” ААК жетекчиси Аман Тентиев тендер өткөрбөстөн, түз эле сүйлөшүү менен көмүр аларын билдирди. Бул “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга каршы келет. Бул - коррупциялык иштин эле бир көрүнүшү. Алар Акаев учурунан башталган Ширшовдун системасын колдонуп, өз чөнтөгүн ойлоп, элге кыйынчылык туудурганы жатат.

Дауталиеванын маалыматында, буга чейин “Электр станциялар” ишканасы Бишкек жылуулук борборуна 680 миң тоннадан ашык көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялаган.

Тендер эрежелерине ылайык, атайын комиссия түзүлүп, анын курамына Дауталиева да мүчө болуп кирген. Аталган комиссия жаз айларынан тарта ишин баштап, натыйжада “Комко маркетинг” жана “Сары-Арка Энержи” аттуу эки казак ишканасы тендерден тандап алган. Андан соң Дауталиеванын сунушу менен аталган компаниялардын документтерин текшере келгенде айрым мүчүлүштүктөр табылып, Каржы министрлиги бул тендердин жыйынтыгын жокко чыгарат.

Бирок мындан кийин “Электр станциялар” ишканасы мыйзамда көрсөтүлгөн экинчи тендер жарыялагандын ордуна түз сүйлөшүүлөр менен эле Казакстандын Шабыркүл кенинен 386 тонна таш көмүр сатып алууну чечкен.

Мындан улам тендер боюнча мыйзамдын одоно бузулганын белгилеген Дауталиева тезинен кайрадан тендер өткөрүүнү талап кылууда.

Кыштын камын жайында көрүп...

Анткен менен “Электр станциялар” ишканасынын бул кырдаалга өз түшүндүрмөсү бар. Аталган ишкананын директорунун орун басары Аскаралы Кайбалиев тендерди өткөрбөй Шабыркүл кенинен көмүр алуунун себебин төмөнкүчө түшүндүрүүдө:

- Биз тендер өткөрүүгө каалообуз жоктугу үчүн эмес, убакыттын тартыштыгынан ушундай чечим кабыл алдык. Себеби бул маселеге бүтүндөй Бишкектин кыш айларындагы жылуулук маселеси көз каранды болуп турат. Ошондуктан азыртадан баштап кыймылдап, июлда көмүрдү ташып алышыбыз керек. Ал эми августтан баштап темир жолго чектөөлөр киргизилген жатат. Эгер кайрадан тендер өткөрсөк, эң аз дегенде 1 жарым ай керек болот. Бир жарым айдан кийин август болуп, биз керектүү өлчөмдөгү көмүрдү ташып келүүгө жетишпей калабыз.

Кайбалиевдин билдиришинче, жогорку сапаттагы Шабыркүлдүн көмүрү былтыркыга караганда 1 долларга арзандатылып, тоннасы 40 доллардан алынганы жатат.

Ал ортодо тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү башкача пикирди айтып чыгышты. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев бийликтегилер өз кызыкчылыгы үчүн биринчи тендерде комиссия тандаган ишканаларга бут тосуп жатат деген пикирде:

- “Комко маркетинг” деген компания мыйзамдуу жол менен тендерде утуп алган. Анан өкмөт мунун четке кагып, мыйзамды бузуп, эми түз сатып алабыз деп жатат. Бирок ал ишканалардын документтери боюнча баары эле туура болчу. Эгер соңунда түз эле сатып алса, тендерге биз эмне үчүн комиссия болуп, чечим чыгардык эле? Бул негизи атайын эле оюн болуп жатат.

Адатка айланган аракеттер

Мындай пикирге “Түндүк электр” ишканасынын директорлор кенешинин мүчөсү Сагын Аргынбаев макул. Анын айтымында, энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар азыр да айрым адамдар тарабынан улантылууда:

- Ширшовдун схемалары азыр деле улантылып, бийликтеги кайсы бир адамдар муну ачык колдонуп жатканына көзүм жетти. Эски кадрлар муну колдонуп, ар кандай мыйзамдарды бузуу менен коррупциялык схемалар аркылуу пайдага туйтунуп жатышат.

Бирок бул ишке мыйзамсыз кызыкчылыктар аралашып, коррупциялык схемалар болгонун “Электр станциялар” ишканасынын директорунун орун басары Аскаралы Кайбалиев мындайча четке какты:

- Эгерде былтыркыга караганда кымбат же сапаты жаман көмүр сатып алсак, бул иште кандайдыр бир кызыкчылык жатат деп күмөн санаса болот эле. Биз болсо быйыл арзан да, сапаты жагынан да жакшы көмүр алып жатабыз. Мындан улам ар кандай жүйөсүз божомолдорду толугу менен четке кагабыз.

Былтыр “Электр станциялар” ишканасы сатып алган көмүрдүн радиациялык өлчөмү нормадан 8-10 эсеге жогору экени дайын болуп, бир топ чыр чыккан. Анда Башкы прокуратура уулуу көмүрдү сатып алганы үчүн энергетика министри Аскарбек Шадиевге, “Электр станциялар” ишканасынын директору Аман Тентиевге, "Кыргыз темир жолдун" 2 санитардык дарыгерине жана Бажы кызматынын 2 кызматкерине кылмыш ишин козгогон.

Кийин министр Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иши уулуу көмүргө тиешеси жок деген жүйө менен жабылса, Аман Тентиев жана башка жооптууларга ачылган иштер учурда Башкы прокуратура да тергелип жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG