Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:22

Көмүр алыс, ташып келчү жолу узак


Миңкуш көмүр кени
Миңкуш көмүр кени

Бул жумада “Азаттык” кышка даярдык маселеси жайында материалдар циклын сунуш кылмакчы. “Орто Азия отунчусу” аталган Кыргызстандын Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кара-Кече көмүр кендеринин учурдагы абалы, өз алдынча көмүр казган топтордон тарта “кара алтын” казып алуу, сатып жеткирүү компанияларынын проблемалары жайында кеп кылмакчыбыз.

Алгачкы сөз Бишкек менен Ош жылуулук борборлорун көмүр, мазут менен камсыз болушу, «Каракечекөмүр» жаңы ишканасы каржылык колдоонун жоктугунан токтоп турушу жөнүндө болмокчу.

Мамлекет жакшы менеджер эмес

Кара-Кече көмүр кениндеги “Беш-Сары” компаниясынан лицензия алынып, анын ордуна мамлекеттик “Каракечекөмүр” ишканасы түзүлгөнү менен каржылык колдоонун жоктугунан ал азырынча ишин баштай албай отурат. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орунбасары Валерий Бобровдун маалымдашынча, Кара-Кечеде “Шарбон”, “Акжол”, ошондой эле Миңкуш көмүр кенинде 5 – 6 компания көмүр казышууда.

- Алар көмүр казып алып сатышка даяр. Бирок эң алгач алар республикалык бюджет алдындагы милдеттенмесин аткарышы керек. Тендер өткөрүлгөн. Мектептерди, ошондой эле “Жилкоммунсоюзду”, Коргоо, Саламаттык сактоо министрликтеринин мекемелерине көмүр жеткирип берүү үчүн иштеп жатышат. Ушул иштерди толугу менен аткарышкандан кийин элге көмүр сата башташат.

Жүктөш кыйын, жеткириш андан бетер

Кара-Кече көмүр кенине келген автомашиналардын текши баарын алгач бюджеттик мекемелерге жөнөтүп, андан соң гана элге көмүр сатууга уруксат берүү жыл сайын кайталанып келаткан көрүнүштөрдөн. Кезекке тизилген автоунаалардын жумалап күтүп жатышы, бюджеттик мекемелерге көмүр жеткирип берген соң элге сатууга деп алган көмүрдү жолдо улам текшерип, ошону менен Бишкек, Көлгө жеткиче арзан көмүрдүн баасы асманга чыгып кетери деле көпчүлүккө дайын. Эми минтип кыш жакындап көмүр маселеси көбөйө баштаган чакта мамлекеттик ишкана каржы жогунан токтолуп турат. В.Бобров ишкана эртеби-кечпи иштейт, деген пикирде.

- “Каракечекөмүр” сөзсүз иштейт. Мен ал жерде жума, ишемби күндөрү болдум. Ишти качан кантип башташты карап чыктык. Проблема каржыга барып такалууда. Жок дегенде 50 миллион сом бөлүнсө болмок. Токтомду билесиз да, мына ушул кенди казып алууну жакшыртууга 650 миллион сом бөлүнмөк болгон. Азыр 50 миллион сурап атабыз, жок дегенде алгачкы иштерине киришели деп.

Бирок акчанын көбү алыскы көмүргө кетет

Анчалык акча бөлүнүп, кенди казып алуунун долбоору, техника-экономикалык негиздемеси даярдалгыча канча убакыт кетерин азырынча эч ким болжолдой албайт. Тендерге ылайык Кара-Кече, Миңкуш көмүр кенинен 80 миң тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна ташылышы керек. Калган 20 миң Таш-Көмүр менен Тегене кендеринен автоунаа менен Бишкекке ташылат. “Электр станциялары” акционердик коомунун пресс-катчысы Кубанычбек Жакыповдун ырасташынча, көмүр Кыргызстандын түштүгүнөн, Казакстандан ташылууда.

- Азыр Бишкек жылуулук борборунда 114 миң тонна көмүр турат. Негизи бул жылы кыштан өтүш үчүн 850 миң тонна керектелет. Эскерте кетсек, Казакстан көмүр кен компаниялары менен 400 миң тоннага келишим түзүлгөн.

Кыргызстандык компаниялардын 100 миң тонна, ага кошумча ошол эле Казакстандан 230 миң тонна гуманитардык жардам катары көмүр ташылып келмекчи. Бишкек электр-жылуулук борборуна 20 миң тонна мазутту Казакстандан сатып алуу жөнүндө да келишим түзүлгөн. Ушунча эле өлчөмдөгү мазут менен Ош жылуулук борбору кыштан чыгат. Борбордун директору Анарбек Аттокуровдун айтуусунда, кыш камылгасы өз ыңгайында жүрүүдө.

- 10 миң тонна Казакстандан. Дагы 10 миң тонна “Кыргызнефтегаздан”. Ошондо 20 миң тонна да кышка.

А.Аттокуров мазут өлчөмүн көбөйтсө ишкана электр энергиясын деле өндүрүүгө кубаты жетерин, бирок да соңку кездери ал шаарга жалаң гана жылуулук берип келатканын кошумчалады.

Кыргызстанда жылына 2 миллион тоннага жакын көмүр жагылат. Өткөн жылы 600 миң ашуун тонна көмүр казылып алынган. Калганы сырттан, сырдакана өнөктөш Казакстандан сатылып келинет. Быйыл Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыздоого жергиликтүү көмүр компаниялары да тендерге катышып, 100 миң тонна көмүр ташып келүү милдетин алышкан. 200 миллион тонна жарым кокс көмүр запасы бардыгы аныкталган Өзгөндөгү Туюк бассейнин иштетүүгө кызыкдар инвесторлор азырынча чыга элек.

XS
SM
MD
LG