Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Акунов: Жакшы дайындоодон жаман шайлоо артык


Акимдерди шайлоонун айланасындагы соңку жагдайлар боюнча саясат таануучу Аалыбек Акунов ой бөлүштү.

- Ушул күндөрү айрым аймактарда район башчыларын шайлоо жүрүп жатат. Жаңы мыйзамга ылайык, премьер-министр акимдерди өзү дайындабастан, алгач талапкерлерди көрсөтүп, алардын бирин жергиликтүү кеңеш шайлайт. Бул жаңы система кандай иштеп жатат? Жылыш байкалабы?

- Бул системага абдан эле жакшы баа берип жатабыз. Анткени абдан жакшы дайындоого караганда, эң начар өткөн шайлоо жакшы. Эмнеси болсо дагы акимдердин шайлоо жолу менен кызматка келип жатканын алдыга жылуу деп эсептейм.

- Ошол эле учурда Алайда район башчылыгына көрсөтүлгөн талапкерге нааразылык билдирип чыккандар болууда. Кээ бир райондордо кеңештин депутаттарын паралап, добуш алуу көрүнүштөрү жөнүндө айтылып жатат. Мындай учурларда район башчылыгына татыктуу адам келди деп айтууга болобу?

- Албетте шайлоо таза өтпөсө, татыктуу адам келбейт. Бирок өкмөт үч талапкерди көрсөтүп жатат. Эгерде депутаттарды сатып алып жатышса, демек бул аракетти үчөөнүн бирөө жасап жатат. Ошондуктан паракорчулукка барып жаткан талапкерди четтетип коюга өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар. Кандай болгон учурда да шайлоо таза өтүшү керек. Таза эмес шайлоо ошол идеянын өзүн керексиз кылып таштайт.

- Таза жүрбөй жатышынын себеби эмнеде? Жергиликтүү кеңештин депутаттарына көз карандыбы?

- Жаман шайлоо, жакшы дайындоодон артык деп айтпадымбы. Бирок райондук депутаттарды сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Депутаттардын кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары да болушу ыктымал. Албетте бул акимдерди шайлоонун башталышы гана. Алгач акимдерди жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлап турсун. Бирок чындыгында акимдерди жалпы эл шайласа ылайыктуу болот. Шайлоо дегенде президентти, парламенттин депутаттарын шайлагандай жол менен эмес.

Кыргыз жери Орус империясынын курамына кирип турган кезде, тандоочулардын жардамы менен бизде болуштуктарды шайлашчу. Мына ошондой ыкма менен шайлоо керек. Ага ылайык, ар бир айылда шайлоо болот. Үч талапкер ар бир айылга барып шайлоо өткөрөт. Бир айылдан кайсы талапкер көп добуш алса, айылдын бардык добушу ошол талапкерге өтүп, ошол айыл бир тандоочуну жөнөтөт.

Бул тандоочулардын баары районго чогулуп келип туруп, добуштарын санашат. Ошондо ким көп добуш алса, ошол талапкер жеңген болот. Бул абдан адилеттүү, абдан таза шайлоонун формасы. Бул шайлоонун формасы да шайлоочулардын саясий маданиятына, саясий аң-сезимине дал келгени жакшы жыйынтык берет.

- Акимдерди эл шайласа мамлекеттин саясатына туура келбеген адамдар район башчылыгына келип калбайбы?

- Мамлекеттин саясаты менен элдин кызыкчылыгы дайыма эле бир. Кантип каршы келмек эле? Мамлекеттин саясаты ошол мамлекетти башкарууга эл түздөн түз катышып турсун деген саясат. Түздөн түз катыштыруунун эң жакшы формасы бул шайлоого элдин аралашканы. Эч качан антип айтпаш керек. Эл шайлаган адам мамлекетке каршы иштейт деген куру шылтоо. Муну элди жөн эле коркутуп, шайлоо өткөрбөөнүн гана амалы деп айтса болот.

XS
SM
MD
LG