Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

Ташиев шайлоого шарт койду


Шайлоо 30-октябрда өтөт.
Шайлоо 30-октябрда өтөт.

Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев үгүт маалында Алмазбек Атамбаевдин командасы административдик күч колдонуп жатат деп жарыялады. Талапкер мындай мыйзам бузуулар шайлоодон соңку туруктуулукту бузушу мүмкүн деп болжоду. Атамбаевдин штабы мындай айыпты четке кагууда.

Талапкер Камчыбек Ташиев бүгүн маалымат жыйынын уюштуруп, анда "өлкөнүн бардык дубандарында административдик күч ченемсиз колдонулуп жатат" деп, бийликти жана Боршайкомду шайлоону таза өткөрүүгө чакырды:

- Бийлик башындагылар президенттик шайлоону ыплас жол менен өз пайдасына оодаруунун аракетин көрүп жатышат. БШКдан тартып, губернатор, аким, айыл өкмөткө чейин мугалимдерди, дарыгерлерди, студенттерди, карапайым элди жана ардагерлерди жарга такап, коркутуп-үркүтүп жатышканына баарыбыз күбө болуудабыз.
Жагалданайын дейби, же жардам берейин дейби, бирок “артык кылабыз деп тыртык кылып" жатышат.

Талапкер президенттик жарышта 2-айлампага чыгаарынан күмөн санабайт. Ташиев шайлоо таза өтүп, анын жыйынтыктары жеңилгенин далилдесе, аны дароо мойнуна алат. Андай болбой калса, катуу жаңжал чыгаарын Ташиев мындайча эскертти:

- Эгерде шайлоонун жыйынтыгы бурмаланса, шайлоодо мурдагыдай 80-90 пайызды алып бересиң деген кыйноолор болуп, бул боюнча менин колума актылар түшө турган болсо, мен бир дагы актыны жөн калтырбайм. Мамлекетте чоң ызы-чуу башталышы мүмкүн. Мен муну эскертип жатам. 1-турдан утуп кетебиз деген аракеттер болсо, анда биз элдик бийликти орнотобуз, элдик президент, губернатор, аким, мэрлерди элдин атынан шайлайбыз.

Жагалдануубу же жардамдашуубу?

Алмазбек Атамбаевдин штабы административдик ресурстарга байланышкан айыптарды четке кагууда. Штабдын өкүлү Кадыр Токтогулов бул боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
1-турдан утуп кетебиз деген аракеттер болсо, анда биз элдик бийликти орнотобуз, элдик президент, губернатор, аким, мэрлерди элдин атынан шайлайбыз.

- Штаб тараптан эч кандай административдик ресурс колдонулган жок. Штабда эч ким мамлекеттик кызматта иштебесе, кантип колдонулат? Азыр заман башка. Административдик ресурстарды колдонуу эмнеге алып бараарын мурунку шайлоолордон көрбөдүк беле.

Коомдук каналда өткөн телетаймашта Алмазбек Атамбаев бул маселеге байланышкан суроого жооп берип жатып, мындай баасын берди:

- Жагалданайын дейби, же жардам берейин дейби, бирок “артык кылабыз деп тыртык кылып" жатышат. Чогултса балким чогултуп жаткандыр, бирок шайлоо кабинасына барганда ар бир адам өз талапкерине добуш берсин. Мындай мүмкүнчүлүк бар.

Талдоочулардын таразасы

Саясий серепчи Уран Ботобеков Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүндө чындык болушу мүмкүн деп болжойт:

- Премьер-министр болуп туруп эс алууга кетип, ошол кезде административдик ресурс, мамлекеттик машина ал үчүн иштеп жатканы белгилүү болду. Камчыбек Ташиевдин административдик күчтү колдонуу боюнча жасаган билдирүүсү ушуга байланыштуу болсо керек. Ал эми Камчыбек Ташиевдин "2-турга чыкпай калсам эле элди көтөрөм, элдик бийлик орнотом" дегени - андан бир аз саясий токтоолукту талап кылганды билдиргендей.

Буга чейин акыйкачы Турсунбек Акун айрым талапкерлер өздөрүн актоо максатында административдик ресурстарды колдонуу тууралуу дооматтарды айтып жатышат деп билдирген болчу.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG