Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

ЖОЖ: студенттин агынан эмес, капчыгынан


Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда жат көрүнүштөр дагы деле орун алып жатканы коомчулукта кызуу талкууга алынууда.

Азыркы тапта жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун 3-айлампасы аяктап, 11 окуу жайда 1-7-август күндөрү кабыл алуунун 4-айлампасы өткөнү турат.

Алгач “Азаттыктын” “Коррупциометр” долбооруна келген Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардагы коррупцияга байланышкан пикирлерге орун берели. Өзүн Акчага сатылбаган патриот деп тааныштырган окурманыбыз минтип жазат:

- Медучилищеге тааныштарымдын кызы 60 миң сом менен өттү, калган окуу жайын айта албайм. Медучилищеге балдар-кыздарын окууга өткөрөм дегендер тааныш аркылуу 60 миң сом менен “смело” өтөсүңөр. КММА, КОСУ, КУУ жана башкалардын “ставкаларын” билгендер айтып койсоңор ырас болот эле. Ата-эне кыйналбай акчасы жок болсо, айылга барып чөп жыйнашсын, кышка камдансын.

Өзүн Асел деп тааныштарган дагы бир окурманыбыз:

- Менин мектепти быйыл бүткөн бир таанышымдын тесттен алган баллы 200гө жакын экен. Медакадемияга тапшырайын десе 2 миң доллар сураптыр. Баллына гана ишенсе кооптуу болууда, акча бергендерден орун ашпай калышы мүмкүн экен. "Эми кайда барам" деп ойлонуп атат.

Аширали Зурдинов
Аширали Зурдинов
Мына ушул жазылгандарга жооп алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына бет алдык. Аталган окуу жайдын ректору Аширали Зурдиновдун айтымында, быйыл бюджеттик бир орунга он бир, ал эми контракттык орундарга төрттөн абитуриент ат салышкан.

- Эл көп жылдан бери парага көнүп калган. Ошондуктан жок жерден эле ар кандай сөздү тарата беришет. Мунун да жөнү болсо керек. Себеби ушул убакта көчөдө жүргөн шылуундар пайда болду. Түшүнүгү анча эмес, айылдан келгендерди окууга өткөрөм деп алдап, акчасын алып жүргөндөр бар. Азыр айылдан келгендер деле пара берүү, телефондук чалуу, тааныш-билиш деген жок экенин билип калды. Бардыгын жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чечип калган.

"Азаттык": Ректор катары быйылкы жылдын эсебинен пара алуу болгон жок деп кепилдик бере аласызбы?

- Сөзсүз берем. Биздин жамаатта, кабыл алуу комиссиясында эч кандай болгон жок. Көчөдөн башка бирөөлөр Медакадемиянын атын сатып, же бирин-экин мугалимдер “мен жардам берем” деп алдап кеткен болсо, бул тиешелүү органдардын иши.

Анткен менен атын Айша деп тааныштырган, чыныгы аты жашыруун калууну каалаган абитуриент Бишкектеги Душамбинский-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы ачылган медициналык колледждеги кабыл алуу сынактары боюнча төмөнкүдөй кызыктуу жагдайларды айтып берди:

- Медициналык окуу жайга сынак тапшырып жатканда эки кыз өзүнчө бир кабинетке отурду. Ал жакта менин жанымдагы кыздын эжеси иштейт экен. Ал суроолордун жоопторун айтып жатты. Аягында тиги эки кыздын баллы эң жогорку болуп чыкты.

Айшанын өмүр сакчысы болом деп бала кезде көксөгөн тилеги ушинтип орундалбай, азыр өзү каалабаган эле окуу жайлардын бириндеги бир адистикке тапшырыптыр. Ал өз байкоосунун негизинде Медакадемиядагы жана медициналык окуу жайдагы жагдайлар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Адегенде Медакадемияга тапшырганы бардым. Ал жердеги тааныштар бюджетке өткөрүү үчүн беш миң доллар сурашты. Ошол эже Медакадемияда мугалим болуп иштейт. Эгер таанышым жок болсо мындан да көп сурашмак экен. Ошондо да бюджетке эмес, контрактка. Медучилищедеги тааныштарым бюджетке өткөрөбүз деп бир жарым миң доллар сурашты. Кийин миң долларга түшүрдүк. Былтыр эжемдин досунан миң доллар алып, контрактка да өтпөй калган.

Оштон келип Медакадемияга өз күчү менен өтүп кеткен Айпери Жапаралиева аталган окуу жайга акчалуулар гана өтөт деген пикирге караманча каршы. Анткени ал жалпы республикалык тесттин жардамы менен эле өзү каалаган бөлүмгө өтүп алган.

- Мен өзүм, менин тааныштарым Медакадемияга өз күчүбүз менен эле өттүк. Тесттен баллың жогору болсо өзүң эле өтөсүң. Мисалы, менин баллым 197 болчу. Бюджеттик орунга эч кандай акчасы жок эле өтүп кеттим.

Абдыманап Жолдошов
Абдыманап Жолдошов
Окуу жайларга кабыл алуудагы коомчулукта айтылып жаткан коррупциялык көрүнүштөр боюнча Билим берүү министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошовго кайрылдык. Ал мугалимдерди колунан кармап албагандан кийин паракорлукка шектенүү туура эместигин айтты.

- Биринчиден, атын айтпай жашырып, конкреттүү далил келтирбеген бул жөн эле сөз. Экинчиден, жакшынакай эле медициналык окуу жайларга сырттан күнөө коюу мыйзамга да туура келбейт. Мен ошол пара берем дегендердин өзүнө таң калам. Акча менен өтөм десе, кантип алардан мыкты адис чыксын? Акча сунуштагандардын өздөрү тайкы.

"Азаттык": Буга чейин сиздерге пара алуу боюнча бир да адам кайрылган жокпу?

- Кайрылган жок. Кайрылгандар ишеним телефондор менен “тиги жакта болуп атыптыр” деп коюшат. Медакадемиянын баланча деген мугалими, бул факультеттен пара алды деп конкреттүү айткандар жок. Мисалы, Медакадемияга бир орунга 11 адам ат салышып жатса, алардын баарын көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес да.

Медучилищенин жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Күзөттөгүлөрдүн маалыматтарына караганда кабыл алуу сынактары кызуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу 7-августка чейин кандайдыр бир маалымат алуу мүмкүн эмес экен.

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда коррупция боюнча бир дагы конкреттүү факт катталбагандыгын билдирди.

Окууга өтүүгө канча акча бердиңиз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

XS
SM
MD
LG