Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Нарындын кышында помидор өстүргөн дыйкан


Кышында помидор, бадыраң өстүргөн нарындык дыйкан Моңолбек Султанбаев.
Кышында помидор, бадыраң өстүргөн нарындык дыйкан Моңолбек Султанбаев.

Нарындын Жан-Булак айылында жашаган Моңолбек Султанбаев күнөскана куруп, кыш чилдеде Теңир-Тоодо да помидор, бадыраң өстүрсө болорун далилдеди.

Жаз чукулдап калганы менен Нарын жергесинде кадимкидей кыш чилде. Ушул суукта Жан-Булак айылынын тургуну Моңолбек Султанбаевдин дасторконунда помидор, бадыраң үзүлбөйт. Анткени ал мал киндиктүү Теңир-Тоодо алгачкылардан болуп күнөскана (теплица) куруп, кыштын суугунда помидор, бадыраңдан түшүм алды.

Биз барган маалда Моңолбек Султанбаев бардык түшүмүн жыйнап бүтүп, кайра үрөн себүүгө жерин даярдап жаткан экен. Улам чоңойгонун көк бойдон терип, жылуу жерге сактап, кызарганын пайдалана берет. Буга чейин помидорду жайкысын гана айдап жакшы эле киреше тапчу. Быйыл Нарындын катаал шартында бир жагы таш менен тургузулуп, экинчи жагына пленка жабылып, узуну 18, туурасы 5 метр болгон, дубалынын калыңдыгы 60 см, суукта электр энергиясы менен жылуучу күнөскана курду. Өзүнүн чыгымы 80 миң сомду түзүп, калганына Ага Хан кору көмөктөшкөн:

Моңолбек Султанбаевдин күнөсканасы.
Моңолбек Султанбаевдин күнөсканасы.
- Мен мурун ачык жерге помидор айдап сатчумун, анан быйыл күнөскана курдум. 7-августта баштадык 10-октябрда бүтүп, жер-жемишти отургузуп кирдик. Өздүк салымым болуп 80 миң сом кетти. Таш-топурак, кык анан жумушчу күчү дагы өзүмдөн чыкты. Калганын Ага Хан каржылады. Күнөскананын аянты 72 метр квадрат

Сырттагы сууктун күчү 20 градустан ашса, күнөсканада 40 градус жылуу экен. Дыйкан күнөскананын артыкчылыгына жана ачык жерде өскөн помидор менен күнөсканага ылайыкташкан түрүнүн айырмачылыгына токтолду:

- Мунун ичинде азыр 40 градус болуп жатат. Бул күндүз целлофан менен жылыйт, таш жылуулукту сиңирет дагы кайра түн ичинде 20-25 градусту кармап турат. Түн ичинде целлофандын үстүнөн жууркан жаап койобуз. Анан бул помидорлордун айырмасы абдан чоң экен, булар киши бою өсөт экен. Анан жакшылап карап сугарып, отоп-бутап туруш керек. Жакшы өскөндө бир түптөн он килограммдан берет.

Күнөскананы куруу ыкмасын айылдык кеңештен атайын долбоор менен окуп үйрөнгөн. Быйыл эксперимент катары анча-мынча саткыдай, анан үй-бүлөмө жеткидей айдагам дейт. Ошондой болсо дагы помидор, бадыраңдын жалпы түшүмү жарым тоннадай болду.

Моңолбек Султанбаевдин күнөсканасы.
Моңолбек Султанбаевдин күнөсканасы.
Дыйкан Нарындын шартында кышында дагы жер-жемиш бышаарына көзү жетип, эми күнөскананы кеңейтсем деген тилеги бар:

- Жалпы түшүм жакшы болбоду. Бирок аракет кылса баары өсөт. Бул күнөскана абдан жакшы экен. Эми бул биринчиси да, эми жакшы түшүм алсам күнөскананы дагы чоңойтом деген оюм бар.

Эки баласы шаарда жогорку окуу жайларда окушат. Дыйкандын дайыма жанында жүргөн жардамчысы жубайы Бүбүайым Молдоалиева:

- Помидор, бадыраң өсүп турса алыстан бери келип кызыгышат. Сыртта суук, кар болсо бул жакта өсөбү деп. Мен абдан жардам берем, тээ илгертеден бери эле экөөбүз огороддо жүрчүбүз.

“Иштеген-тиштейт” деген сыңары, бул үй-бүлө өздөрүнө да киреше булагын таап, айыл элине дагы өрнөк болгондой. Азыр кеңеш сурап кайрылгандар көбөйүп атыптыр.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG